Алымкадыр Бейшеналиевди депутат эч ким менен урушпоого чакырды

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинде талапкерлиги каралып жаткан Алымкадыр Бейшеналиевди депутат Чолпон Султанбекова токтоо болууга чакырды.

«Алымкадыр мырза, сиз экинчи жолу кызматка бара жатасыз. Кыйын адиссиз. Көп жакшы иштерди жасап жатасыз. Бирок токтоо болсоңуз, эл менен урушпай, сизден сураныч», — деди ал.