Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан четтетүүгө кайсы депутаттар «каршы» болушту? Тизме

Бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутаттар Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кызмат ордун кароо боюнча комитеттен жиберилген сунушту карашты. Жыйынтыгында депутаттардын көпчүлүгү министрди кызматтан кетирүүгө «макул» деген добуш беришти. Тактап айтканда, жыйынга катышкан депутаттардын 81и «макул», 8и «каршы» добуш беришти.

Каршы добуш берген депутаттар кимдер?

  1. Шералы Абдылдаев
  2. Бурун Аманова
  3. Саматбек Ибраев
  4. Самат Исманов
  5. Мээримбек Койчуманов
  6. Бейшеналы Нурдинов
  7. Зарылбек Рысалиев
  8. Аманкул Токтомамбетов