Алымкадыр Бейшеналиевге дагы бир орун басар дайындалды. Бир ай мурун…

Базарбаев Нурдөөлөт Сатыбекович Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

Жаңы орун басар 1968-жылы 28-октябрда Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Сары-Камыш айылында төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы. Жогорку билимдүү, 2001-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридика факультетин бүтүргөн. 2014-жылдан тарта Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин социалдык камсыздандыруу департаментинин директору болуп эмгектенген. Мындан бир ай мурун, тактап айтканда, 24-мартта Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин башчысынын орун басары болуп дайындалган.  

«Нурдөөлөт Сатыбекович министрликтин социалдык өнүктүрүү жагы үчүн жооп берет. Түзүм жаңы бекитилгендиктен, анын дайындалышы тууралуу маалымат кеч айтылып жатат», — дешти Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма  сөз кызматынан.