Аманкан Кенжебаев президенттин Ош облусундагы өкүлү болуп дайындалды

Садыр Жапаровдун буйругуна ылайык, Аманкан Кенжебаев президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Кенжебаев шайлоодо 19-округдан талапкерлигин коюп, өтпөй калган. Ал буга чейин 7-чакырылыштын депутаты болгон.