Аманкуловдун «Биримдик» партиясынын төрагалыгынан кеткени айтылууда

Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкулов «Биримдик» саясий партиясынын төрагалыгынан кетип, партиянын катарынан да чыкты. Бул тууралуу жарандык активист Нурсултан Акылбек социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Бийликтин партиясы болгон «Биримдик» соңку шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча эң көп добуш алып, өз учурунда бул жагдай 5-октябрда элдик толкундоолорду жараткан. Кийин БШКнын чечими менен парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылганы маалым.

Аталган партиянын тизмесинде 2-катарда депутаттыкка талапкер болгон Улукбек Кочкоров «Саясий коктейль» берүүсүнө берген маегинде «Бийликтин 1 эле партиясы болуш керек. Жээнбековдун катасы 3 партия чыгарганында болду» деп айткан.