Американын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу кызматынан жогорулайт

АКШ президенти Жо Байден Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы элчиси Дональд Луну кызматтан көтөрүү сунушун берди. Бул тууралуу АКШ элчилигинен билдиришти.

Маалыматта Жо Байден Дональд Луну Мамлекеттик катчынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы кылып дайындоо ниетин билдиргени айтылат.

Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча бюросуна Борбор Азиянын беш өлкөсү жана Индия, Пакистан, Афганистан, Непал, Шри-Ланка, Бангладеш, Мальдив аралдары менен Бутан кирет.

«Элчилик элчи Лу Вашингтондун жаңы мүмкүнчүлүктөрү менен кыргыз-америкалык мамилелерди тереңдетүү боюнча ишин улантаарына кубанычта», — деп айтылат маалыматта.