“Андай караңгылыкка барбагыла”. Садыр Жапаров балдарды кызамыкка каршы эмдөөгө чакырды

Президент Садыр Жапаров кечээ, 15-мартта Бишкек шаарындагы Имам Сарахси мечитинде шам намазын окуду.

Мамлекет башчысы өлкөдө жаш балдар арасында кызамык оорусу күч алганына тынчсыздануусун билдирип, статистика боюнча ооруган балдардын басымдуу бөлүгү эмдөөдөн өтпөгөндөр экенине көңүл бурду. Буга байланыштуу Садыр Жапаров балдардын саламаттыгы үчүн ооруларды алдын алууда эмдөөдөн өтүү маанилүү экенин белгиледи.