«Андайды эмнеге кармайсыңар?» Жапаров иштин жыйынтыгын бербеген кадр менен коштошуу керектигин айтты

Садыр Жапаров бүгүн, 14-июлда Министрлер кабинетинин жыйынында тапшырмаларды аткаруу тартибин сактоонун жана мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин жоопкерчилигин жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Тапшырмаларды, чечимдерди, мыйзамдарды эмне үчүн чыгарабыз? Силердин ишиңер жакшы болсун деп чыгарабыз да. Бардык чечимдердин түбү жер-жерлерден —  өзүңөрдөн келерин билесиздер! Бул жерден мен ачык эле айтып коёюн —  кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатмайынча, жасалып жаткан реформалар жакшы жыйынтык бербейт. Аны турмуш өзү көрсөтүп жатат. Башкы себеп — кадр маселеси.

Иштин көзүн билбеген, чыгарылган жарлыктарга, чечимдерге көптүн бири катары жасалган мамилелер катталып жаткандыгын көрүп жатам. Көпчүлүк учурда айрым жетекчилер формалдуу иштер менен алек болуп, жасап жаткан иштериңердин жыйынтыгы көрүнбөйт. Мунун айынан астыңардагы кызматкерлер өзүңөргө жараша ишти аткарып жатышат. Туура жыйынтык чыгарып, ишиңерди оңдогула. Иштин жыйынтыгын бербеген кадр менен дароо эле коштошкула. Эмнеге кармайсыңар андай кадрларды? Буга чейин жыргатпаган — мындан кийин да жыргатпайт!» — деди Жапаров.