АНОНС! Абдил Сегизбаев: «Максим Бакиевдин келген-келбегени боюнча чындыкты таппайсыңар»

Максим Бакиев Кыргызстанга келди деген кеп чынбы? «Коомчулукка бул маалыматтын чын-бышыгын билүү мүмкүн эмес»,- дейт Абдил Сегизбаев. Эмне үчүн?
УКМКнын мурдагы төрагасы, учурда өлкө президенттигине талапкер Абдил Сегизбаев «Супер ТВ» каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде аны төмөнкүчө түшүндүрдү. «Бийликтин башында Садыр Жапаровдун досу президенттин милдетин аткарып турса, башкы прокурор болуп дагы бир досу турса, Максим Бакиевдин «үкөсү» премьер-министрдин милдетин аткарып турса, УКМКда Жаныш Бакиевдин жаналгычы АКСти башкарып турса, башка тармактарда тууган-урук, куда-сөөгү турса силер кайдан чындыкты табасыңар?»- деп суроо салат Сегизбаев.

Маекти толугу менен жакынкы сааттарда  ЖАҢЫЛЫКТАР-SUPER TV, SUPER TV YouTube каналдарынан жана SUPERTV телеканалынан көрө аласыздар.