АНОНС! Аида Касымалиева: «Мен парламентаризмдин продуктусумун»

Жогорку Кеңештин учурдагы вице-спикери Аида Касымалиева парламентаризм жолун тандашыбыз керек деген пикирде. Ал мындай пикирин «Супер ТВ» каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө айтты. «Мен парламентаризмдин жактоочусумун. Жогорку Кеңеште «Ачык парламент» тобун жетектейм. Негизи мен парлантаризмдин продуктусумун десем болот. Журналистикадан түз эле парламентке келип, вице-спикер болуп, аялдардын өкүлү, жаштардын өкүлү болууга мүмкүнчүлүк парламентаризмде гана болот»,- дейт Касымалиева. Ал Жогорку Кеңешке депутаттарды бир мандаттуу округдардан шайлоого каршы экенин билдирди.

Маекти толугу менен жакынкы сааттарда  ЖАҢЫЛЫКТАР-SUPER TV жана SUPER TV YouTube каналдарынан көрө аласыздар.