АНОНС! Жылдызкан Жолдошева: «Эртеби-кечпи, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Гаага сотунда жооп беришет»

КЫЗЫКТУУ ВИДЕОЛОР / АКЫРКЫ КАБАРЛАР / ЖАНЫЛЫКТАР / ЭЛДИК ВИДЕО

«Супер ТВ» каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө тайманбастыгы, ачык сүйлөөсү менен белгилүү болгон, «Мекенчил» партиясы менен парламенттик шайлоого катышкан, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошева болду.
Өз маегинде ал 2010-жылы Июнь айында болгон кандуу, кайгылуу күндөргө токтолду. «Эртеңби, бүрсүгүнүбү, кийинки жылыбы, кайсы бир учурда Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Гаага сотунда жооп беришет. Алар өзбек сепаратисттери менен соодалашып, автономия берүү, расмий тил макамын берүү өңдүү убадаларды беришкен»,- дейт ал.
Маекти толугу менен жакынкы сааттарда  ЖАҢЫЛЫКТАР-SUPER TV жана SUPER TV YouTube каналдарынан көрө аласыздар.

#кызыктуувидеолор #акыркыкабарлар #жанылыктар #элдиквидеолор