АНОНС! Өмүрбек Текебаев: «АКСти жоюп салалы деп депутаттарга айтсаң, баары жер карап калат»

«Супер ТВ» каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө Жогорку Кеңештин 6 жолку депутаты, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев маек берди. Өлкөбүз эгемендүүлүк алган жылдардан бери активдүү саясатта келе жаткан бул инсан коомдо учурда болуп жаткан окуяларга, саясаттагы иш-аракеттерге карата өз пикирин билдирип, баасын берди.
Маекте ажолорду ажыдаар кылып келе жаткан органдардын бири Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тууралуу да сөз болду. Текебаев: «Азыр АКСти жоюп салалы деп депутаттарга айтсаң, баары жер карап калат… Анткени ал жерде КАМЧЫ турат. Президенттен кем калбаган, керек болсо андан өткөн таасирдүү адам турат»,- дейт.

Маекти толугу менен жакынкы сааттарда  ЖАҢЫЛЫКТАР-SUPER TV жана SUPER TV YouTube каналдарынан көрө аласыздар.