АНОНС! Текебаев: «Сооронбай Жээнбеков бир эмес, үч сессияга депутаттарды жыйнап бергенин мага айтты»

Октябрь окуяларынан кийин Жогорку Кеңешке депутаттык мандат алып келген Өмүрбек Текебаев «Супер ТВ» каналынын «Саясий коктейль» берүүсүнө маек берди. «Бүгүн айтылбай жүргөн бир сырды айтып берейин. Сооронбай Жээнбеков жеке өзү мага минтип айтты. Ал Кудай деген киши сөзүнөн танып кетпесе керек. «Өмүрбек, мени сени чакырдым эле, сен келбей койдуң. Бабановуң болсо Атамбаевге чуркап кетти. Мен эмне кылышым керек эле? Мен сөзүмдү уккан депутаттарды жыйнап, өзүмдүн үкам Асылбек менен анын досу Зулпукаровдун тил катын алып, ошол жерде бир эмес, үч жолу сессия уюштуруп бердим. 9-октябрда Атамбаев түшүп келе жатканда аянтта турган элдин жарымынан көбү менин адамдарым болчу» деди мага Жээнбеков», — дейт маекте Текебаев.

Маекти толугу менен жакынкы сааттарда ЖАҢЫЛЫКТАР-SUPER TV, SUPER TV YouTube каналдарынан жана SUPERTV телеканалынан көрө аласыздар.