АНОНС! Замир Жоошев «Фарид Ниязовду шайлоого чейин чыгарбаш керек деген максат бар деп ойлойм»

Чуулгандуу саясий иштерде жактоочу катары катышып жүргөн, учурда абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев «Супер ТВ» каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берди. Ал Фарид Ниязов, Канат Сагымбаевдерге 9-октябрда массалык баш-аламандыкты уюштурду деп кылмыш ишинин ачылышын «саясий куугунтук» катары көрөт. «Массалык баш-аламандыкты уюштуруучу, башкача айтканда заказчик бар болсо, демек, анын аткаруучусу дагы болуш керек. Аткаруучуну тапса болобу? Албетте болот, ал күн боюнча фото, видеолор интернетте жайнап жүрөт. Ушул аткаруучу деп бирөө-жарым кармалдыбы? Жок. Мына ушулардын баары бул ишти саясий негизде деп саноого түрткү берет»,- дейт адвокат. Ошондой эле ал өз маегинде Райимбек Матраимовго байланыштуу иштерде эмне туура эмес баратканын, УКМК менен соттордун тирешин эмне үчүн жакшы көрүнүш катары баалай турганын айтып берди.

Маекти толугу менен жакынкы сааттарда  ЖАҢЫЛЫКТАР-SUPER TV жана SUPER TV YouTube каналдарынан көрө аласыздар.