«Апам «казинону колдобо» дегенине карабай колдогом». Атазов кечирим сурады

Бүгүн, 13-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов сөз сүйлөдү. Ал мыйзамдардын баарын колдоп келгенин айтты.

«Конституцияны, Кумтөрдү, желекти, Кемпир-Абадды да колдодум. Эмне үчүн? Силерге барганда президент Садыр Жапаровду, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди колдо деп айтасыңар. Мына мен колдодум. Жыйынтыгында ушундай болуп жатат. Бирок мен Орозо айында кечирим сурайм. Өзүмдү төрөгөн апам, бир туугандарым «эй бала, казинону колдобо» дегенине карабай, мамлекеттин экономикасы, президенттин саясаты деп колдогом. Кыргыз элим ошол үчүн мени кечирип койгула. Туура эмес кылып коюптурмун. Мен өкүнүп жатам. 

Бүгүнкү күнү 10-депутат кетип жатат. Төрага, сиз келгенден бери 10-депутат кетип жатабыз. Менден кийин токтойбу? Кыргыз парламенти үчүн өзүмдү садага чаптым. Төрага, сиз бизди коргоп бербейсизби?» — деди ал.