Райымбек Матраимов, Камчы Көлбаев, шайлоолор чыры, Баш мыйзам ыры, кагуу уккан Руслан Казакпаев… Жума ичинде кандай окуялар талкууга алынып жатты, кайсы иштер мактоого арзып же сынга кабылды? Чогуу саресеп салып көрөлү.
Бүгүн күнгө жекшемби, 25-октябрь. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чыккан биринчи митингден бери 20 күн өттү, Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматтан кеткенине туура 10 күн болду.
***
Соңку 7 күн ичинде бийликтеги башкы талаш – шайлоолор жана референдум болду.
Тарапташтары абактан бошотуп алган Садыр Жапаров бийликке келүүгө аракет кылган күндөн тартып берген маектеринде Конституцияга өзгөртүү киргизүү керектигин бир нече жолу кайталаган. Атүгүл Баш мыйзамдын жаңы долбоору бар экенин билдирип, парламенттик башкаруу Кыргыз мамлекети үчүн туура келбей турганын айтып, ага кыргыз эли 25-30 жылдан кийин даяр болушу мүмкүн экенин да кошо кетип, маселени кабыргасынан койгон.
Жапаровдун оппоненттерине келсек, Конституцияга өзгөртүү киргизүүдөн мурда парламенттик жана президенттик шайлоо өткөрүү керек. Ошол шайлоолордо утуп келгендер гана Баш мыйзамдын кийинки тагдырын чечкени туура болот дешет алар. Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко “20-декабрда депутаттарды, 10-январда президентти шайлоо – бул жалгыз мыйзамдуу жол” десе, экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов “парламенттин бардык чечимдери мыйзамсыз, алар 5 жылга гана шайланган” деди. “Бүтүн Кыргызстандын” лидери Адахан Мадумаровдун айтымында, Конституцияны өзгөртүү үчүн шайлоону токтотуп туруу – бул бийликти узурпациялоо. 4-октябрда болуп өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясы нааразычылыктардан кийин жокко чыгарган эле, ал эми Жээнбеков отставкага кетип, учурда анын ордуна Жапаров президенттин милдетин аткарууда. Баш мыйзамда мындай учурларда парламенттик кайра шайлоону, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону өткөрүүнүн так убактысы белгиленген.
“Элдин талабы бул – БШКны таратуу. Боршайкомго жаңы адамдар келиши керек. БШКнын кайра шайлоолорду өткөрүүгө моралдык укугу жок” деген Жапаров. Мындай пикирди 5-октябрдагы митингдин катышуучулары колдогону чын, бирок азыркы тапта ал пикирин ойку-кайкы саясий кырдаалга жараша өзгөртүп жибергендер да бар.
Борбордук шайлоо комиссиясы бул аралыкта эмне менен алек? БШК адегенде парламенттик кайра шайлоону 20-декабрга белгиледи. Жогорку Кеңештин Өмүрбек Текебаев баштаган 9 депутаты БШКнын чечимин тээ кийинки жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөткө опоңой эле жылдырып салды. Тагыраагы жаңы мыйзам долбоору иштелип чыгып, парламенттик кайра шайлоо токтотула туруп, 2021-жылдын 10-январына чейин Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өтүшүн колдоп беришти. Парламенттик кайра шайлоонун 20-декабрга аныкталышы боюнча кечээ, 24-октябрда административдик сот БШКнын чечимин жокко чыгарды. Бирок баарынан кызыктуу жагдайы – парламенттик кайра шайлоого 48 партия катыша тургандыгын, анын арасында ошол эле жогоруда сөз болгон 9 депутаттын партиялары да бар экендигинде. Текебаевдин “Ата Мекени”, Сулаймановдун “Бир болу”, Исаевдин “Кыргызстаны” да парламенттик кайра шайлоо 20-декабрда өтсө, ага катышабыз дешти. Бул 3 эл өкүлүнөн башка мыйзам долбоорун Акылбек Жапаров, Талант Мамытов, Иса Өмүркулов, Жыргалбек Турускулов, Нурбек Алимбеков, Өмүрбек Бакиров демилгелеген. Элдин башы айланганы аз келгенсип, эл өкүлдөрүнүн деле башы айланып калгандай. Өздөрү бир колу менен шаша-буша мыйзам долбоорун иштеп чыгып, парламенттик кайра шайлоону жылдырып, ошол эле убакта экинчи колу менен БШК аныктаган күндөн да куру калгысы келбегендей… Айтор, Атамбаев бир кезде айткандай, даана талтайган заман эми келди. БШК аныктаган 20-декабрдагы парламенттик кайра шайлоого катышам деген 48дин ичинен дагы кайсы партиялар бар экенине кызыгып жатасызбы? Өткөн шайлоодо бийликчил 3 партиядан кийин эле эң көп добуш алган “Бүтүн Кыргызстан”, андан ары “Республика”, “Ыйман нуру”, “Чоң казат”, “Замандаш”, “Социал-демократтар”, “Реформа”, “Мекен ынтымагы”, “Ордо”, “Ак шумкар” жана башкалар. “Биримдик” менен “Мекеним Кыргызстан” тизмеде жок, ошондой эле “Мекенчил” да жок.
Боршайкомдо болсо, кечээ тинтүү жүрдү, ага дейре комиссиянын мүчөлөрү ИИМге суракка чакырылышкан болчу. Ошого карабай кечээ, 24-октябрда БШК мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоонун күнүн эмдиги жылдын 10-январына белгиледи. Бүгүн президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына “Парламенттик шайлоо эмдиги жылдын биринчи жарымына чейин болбойт. 20-декабрда парламенттик шайлоо болот деп туура эмес маалымат тараткандарга ишенбегиле. 2021-жылдын 10-январь күнү президенттик шайлоо болот. Кийин реформалар жүрөт. Андан соң парламенттик шайлоо болот” деген билдирүү жарыялады. Бул билдирүүдөн кийин дагы чалмакей башталат. Себеби Жогорку Кеңеш кабыл алгандай жана ага Жапаров өзү кол койгондой, 2021-жылдын 10-январына чейин конституциялык реформа жүрүшү керек эле. Эми болсо Жапаров жазган билдирүү боюнча Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү мөөнөтү 10-январда өтчү президенттик шайлоодон кийинки убакытка жылып жатат.
Айтмакчы, азыркы мыйзамга ылайык, президенттин милдетин аткаруучу президенттик шайлоого талапкер боло албайт. Бул тууралуу берилген суроого Садыр Жапаров “шайлоо мыйзамы өзгөрүлсө, президенттик шайлоого барам” деп жооп берген. Шайлоо мыйзамы конституциялык мыйзамга кирет жана ага өзгөртүү киргизүү бир гана Баш мыйзамга өзгөртүү киргизгенден кийин гана кабыл алынат.
***
Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева тышкы карызды төлөө үчүн акча каражатын чогултабыз деген кампания баштап, элдин каарына калды. Айнуру Алтыбаева 4-октябрда болуп өткөн парламенттик шайлоодо “Биримдик” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон. Андыктан бул мурунку бийликтин азыркы бийликти жаманатты кылуу аракетиби же дагы башка куйту амалдарынын бириби деген суроо туулат.
Элдин эсебинен мамлекеттин тышкы карызын төлөө демилгеси социалдык тармактарда колдонуучулардын кыжырын кайнатты. “Карызды эл эмес, бийлик алган. Уурдаганга келгенде бийлик, төлөгөнгө келгенде элби?”, “Бети жоктуктун жеткен чеги! Чимкириктердин баарын карызды төлөөгө мажбурлоо керек”, “Айнура Алтыбаеванын абийири барбы?” деген өңдүү сын пикирлер жаады.
Коррупцияга белчесинен батканын бийлик өзү эсепсиз ирет моюнуна алып, анан сырттан алган карызга келгенде эмне үчүн элдин капчыгына кол салуу керек? Жебеген самсыга пул төлөгөн эле кеп да? Же жеп алгандарды кустуруу кыйын болуп жатабы?
Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров 30 күнгө экономикалык амнистия жарыялады. Бул бир ай ичинде уурдаганын, талап-тоногонун, басып алганын, жаап-жашырганын ачыктагысы келгендер болобу? Жыйынтыгы 21-ноябрда билинет.
***
Соңку жума чуулгандуу кармоолор менен да эсте калды. Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов УКМК тарабынан кармалып, бирок тергөө изоляторуна киргизилбей, эч жакка чыгып кетпөө тил каты менен эркиндикте калтырылды.
Матраимов дароо 80 миллион сомду мамлекеттин эсебине которуп, дагы 2 миллиард сомду жакын арада которууга макул болгон. Мамлекеттик кызматта иштеген адамдын айлыгы менен салыштыра келгенде, жогорудагы сумма түшкө киргис акча болгону менен журналисттик иликтөөлөрдө сөз болгондой бери дегенде 700 миллион доллар менен салыштыра келгенде деңиздеги тамчыдай болуп калат.
Кримтөбөл атыккан Камчы Көлбаев тергөө иштери аяктагыча УКМКда кармалат. Анын колго түшүрүлүшүн АКШнын бийлиги кубаттады. Көлбаев соңку ирет мындан сегиз жыл мурда кармалганда бир нече кылмыш иштери козголуп, бирок улам бири кыскарып отуруп, эки жылдан кийин эле эркиндикке чыккан болчу. Жаңы бийликтин упай топтоо аракетиби же чындап эле криминалдарга каршы жарыяланган согушпу? Жооптор көпкө күттүрбөйт чыгар.
***
Тышкы иштер министрлигинин жаңы башчысы болуп дайындалган Руслан Казакпаев чет өлкөгө болгон биринчи сапары катары Орусияны тандап алып, бирок ал визитте үй ээсинен жеме угуп кайтты.
Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери маалымат жыйын берип жаткан учурда КТРКнын кабарчысы Казакпаевге эне тилинде суроо бергени жана ага эне тилде жооп узатылганы Сергей Лавровго түк жаккан жок. Чыдамы кеткен Орусиянын башкы дипломаты “Кечириңиз, сиз кожоюнду сыйлап коюшуңуз керек го ээ? Бардык маанисинде…” деди. Казакпаев күтүүсүз кагууга каршылык билдире албай, ошол эле учурда алдастап да калбай, жообун орусча улантып кетти.
Учурда Лавровдун зекигенин түрдүү жоромолдоп жатышат. Айрымдар чекилик протоколду сыйлабаган кыргыз тараптан кеткенин жазышууда. “Бирдиктүү маалымат жыйын өткөрүүнүн алдында протокол боюнча эч бир тарап сүйлөшүүнү түшүнбөй калбашы үчүн тилди такташып алышат. Кыргыз делегациясы орус тилге макул болгон, ошон үчүн котормочу болгон эмес. Кыргызча суроо берүү, жооп узатуу учурунда Лавров котормочусу жок калган” дешүүдө бир тарап. Ал эми экинчи тарап Лавров эл алдында кыргыз кабарчысын кемсинтти деген пикирде. “Орус журналистинин чет өлкөдө барган мамлекетинин тилинде суроо бергенин көрдүңөр беле? Тышкы иштер министринин мындай жоругу дипломатиянын этикасына туура келеби? Урматтуу кыргыз чиновниктери, тең ата болуп сүйлөшүүнү үйрөнгүлө, башыңарды бийик көтөргүлө! Силер мейли жакыр, бирок сыймыктуу эгемен өлкөнүн өкүлүсүңөр. Унутпагыла” деп жатышат басымдуу бөлүгү.
Баса, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси менен жолугушууда “орус тили расмий тил боюнча калат жана анын макамын өзгөртүү боюнча ой жок” деген.
Бул жолугушууга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргыз өлкөсүндөгү соңку окуяларга “кыргыз элинин шору” деп баа берген. “Шайлоо сайын төңкөрүш болот. Бул күлкү эмес” деген ал. Мунун алкагында да Казакпаевге суроо берилди, ал Кыргыз мамлекетиндеги кайсы бир саясий күчтү Орусия колдобойт деген Путиндин билдирүүсүнө түшүнүү менен карайт деп жооп берди. Буга улай эле Казакпаев Кыргыз өлкөсү Кантта жайгашкан Орусиянын авиабазасын кеңейтүү маселесин кароого даяр экенин да билдирди. Садыр Жапаровдун чет өлкөгө биринчи сапары Орусияга болгону жатат. Андыктан, авиабазаны кеңейтүү бул сүйлөшүүнүн жагымдуу нукта өнүгүшүнүн баасы сыяктанат.