Шейшемби, 03.02.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Апта сереп: Ташиев менен Жапаровдун «cүйүүсү» бүттүбү?

18:40 01.11.2020
0
Апта сереп: Ташиев менен Жапаровдун «cүйүүсү» бүттүбү?

Бул жума ичи жаңылыктарга өтө эле жыш болду. Парламенттик шайлоо 20-декабрда өтөт деген Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими талашка түшүп, ага Жогорку Сотто чекит коюлса, 10-январга белгиленген президенттик шайлоого старт берилди. Улам бир митинг менен ырбаган Бишкек мэрлигинин креслосуна болгон күрөш — ЖЭБ аварияга кабылды деген чуудан улам тыным алгандай болуп калды. Жума ичинде эмнени сындадык, эмнени мактадык? Чогуу “Апта серепте” саресеп салып көрөлү.

***
Бүгүн күнгө жекшемби, 1-ноябрь. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чыккан биринчи митингге 3 күндөн кийин 1 ай толот, Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматтан кеткенине жарым ай болду.

Кечээ, 31-октябрда УКМКнын басма сөз кызматы “Коррупциялык иштерге аралашкан кеңешчилерди дайындаганы үчүн Жапаровду Ташиев өзү камайт деп тарап жаткан маалыматтар калп” деп билдирди. Бул окуядан кабары жокторго кошумчалай кетели, Камчыбек Ташиевдин “Фейсбуктагы” баракчасына окшош аккаунттан жазылган билдирүүнүн көчүрмөсү социалдык тармакка жайылып кеткен. Анда «Садыр Жапаров оюн улам өзгөртүп турат, эгер коррупционерлерди кызматка коё берсе аны жеке өзүм камайм» деп жазылган. УКМК дал ушул окуяны төгүнгө чыгарды.

“Шамал болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт” деп коюшат. Садыр Жапаров кызматка келгени кимдерди кеңешчи кылып дайындады? Экөө элге белгилүү Акылбек Жапаров менен Чыңгыз Айдарбеков, экөө элге анчейин белгисиз Элнура Сулайманова менен Талант Рыспаев. Аты таанымал кеңешчилерге келсек, Чыңгыз Айдарбеков Тышкы иштер министри кызматынан бошотулгандан кийин стратегиялык тышкы саясий жана инвестициялык маселелери боюнча кеңешчи болуп дайындалган. 24.kg маалымат агенттиги өз булактарына таянып, Айдарбеков ири суммадагы кыймылсыз мүлктөрүн салык декларациясына киргизген эмес деп жазып чыкты. Жапаров боюнча анын финансы жана экономикалык маселелер боюнча кеңешчи болуп дайындалганынан бошотулганы бат болду. Адегенде Акылбек Жапаров кеңешчи болуп дайындалганын парламентте айткан, анын бул жаңылыгын депутаттар шакабага да алышкан болчу. Кийин “Социал-демократтар” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Темирлан Султанбеков “Азаттыктын” берүүсүндө кеңешчи болгон Жапаровду да, кеңешчи кылып дайындаган экинчи Жапаровду да сындап салган. Темирлан Султанбеков өзүн Акылбек Жапаровдун ордуна кеңешчи кылып алууну сунуштаган, бирок кийинчерээк Султанбеков сунуш түшкөнүнө карабай өкмөткө кызматка баруудан баш тартканын билдирген.

Жогорудагы сөз жалпы кадрдык башаламандык жөнүндө эмес, бир гана кеңешчилер тууралуу болду. А бирок Ташиевдин аккаунтунан делген фейк посттун деле кайсы бир көздөгөн максаты болгону түшүнүктүү. Кеңешчилер элеби же дагы башкалар барбы, аты коррупцияга аралашкан деген жүйөөлүү себеппи же өз адамын кызматка алып келүү үчүн эле ойлонуп табылган себеппи? Соңку окуялардан улам “жакшы дос зекти бек кылат, жаман дос бекти зекти кылат” деген заманбап макал чыгып кеткен. Эми бул азил-чыны аралаш эл ичинде айтылып жаткан сөз. Кыргыз өлкөсү эгемен тарыхында эле далай тандемдерди, далай анттарды, далай досторду көргөн. Олуттуу ала келгенде, Улуу Британиянын премьер-министри болгон Уинстон Черчилль айткандай, саясатта достор болбойт, саясатта бир гана кызыкчылыктар болот.

***
Бийликтин учурдагы баш ооруларынын бири бул – кадрлар. Бюджетте тартыштык оңбогондой чоң болуп турат, сырттан болсо жардам жок. Дүйнөлүк коомчулук азыркы бийликке ишеним артпай, атүгүл стратегиялык өнөктөштөр да күтүү режиминде, алар шайлоолордун өтүшүн жана аны жеңип келген менен сүйлөшчүдөй маанайда турат. Айта берсе, маселе көп, ал эми аны туура тандалган кадрлар чечет эмеспи.

Садыр Жапаров да өкмөттүн биринчи жыйынында кадрдык катачылыктар орун алып жатканын моюнуна алды. Ал дайындоодо жаштарга, саясий күчтөрдөн түшкөн сунуштарга таянып жатканын, реформадан кийин баары тазаланарын билдирди.

Чечимдер да барган сайын коомчулуктун көңүлүн жылытпай калды. “Бирди айтат, экинчини жасайт, үчүнчүнү элге жарыялап, төртүнчүгө ишендирип, бешинчини пландап жатышат”. Дал ушундай пикирдеги жарандар көбөйүп, алар бийликтин кадамдарын акылга сыйдыра албай калганын айтышууда.

Коомчулук эле эмес, “Мекенчил” партиясынын лидерлеринин бири Мелис Аспеков да “биз революцияны өлкөдө өзгөрүүлөр болсун, люстрация болсун деп кылганбыз” деп чыкты. Ал Садыр Жапаровдун жанында түн-күн дебей чогуу жүргөн Арзыбек Бурханов менен “Манас” аэропортуна башчы болуп барган Бактыбек Сыдыковдун кызматтарынан кетүүсүн талап кылды.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразычылык да партиянын аталышы өзгөргөнү менен дал ошол баягылардын эле айланып кайра бийликке келүүсү болуп калган. Эң көп добуш алды деген “Биримдик” менен “Мекеним Кыргызстанда” башка партияларга салыштырмалуу чиновниктер менен бир канча чакырылыштарда депутат болгондордун саны эң көп эле. 5-октябрда эл люстрация керек деп дагы бир силкинди. А бирок бийликтин системаны түп тамырынан тазалоого эрки жетпей турат. Ага бир эле мисал кылуу жетиштүү. Бийлик менен тил табышып алган “Ата мекенге” вице-премьерликти карматышты. Ал кызматта отурган Аида Исмаилованы бир эле пандемия учурундагы начар иши үчүн бошотуп койбой, өзү да туура аталышын билбеген министрлик кызматка талапкер катары көрсөтүлдү. Талапкерди колдобой деле коюуга болорун көп жылдардан кийин эстеп кетишкен депутаттар абалды куткарып калышты. Антпесе, бул окуя бийликтин дагы бир чоң катачылыгы катары сындалмак…

***
Президенттик шайлоого катышам деген талапкерлердин саны 4кө жетти. Алардын арасында Адахан Мадумаров бар. Ага чейин президенттин милдетин аткарып жаткан өкмөт башчы Садыр Жапаров биринчи болуп президенттик шайлоого катышарын жарыялаган. Боршайком бекиткен планга ылайык, 15-ноябрда талапкерлерди көрсөтүү, 7-декабрда документтерди берүү, 15-декабрда талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктайт. Мындайча айтканда, Садыр Жапаров үчүн 14-декабрь бул президенттин милдетин аткаруучулукту өткөрө турган акыркы күн.

Эми бир жарым ай ичинде бул кызматты аркалоого ким келет? Мыйзам боюнча Жогорку Кеңештин төрагасы келиши керек. Ал эми Канат Исаев буга чейин бул вазыйпаны өз моюнуна алуудан баш тарткан. Бул аптада Канат Исаевге ишенбөөчүлүк көрсөтүүгө кол чогултулуп жатканы айтылды.  Спикер өзү бул тууралуу “мен төрагалыктан кетсем дагы бир гана президенттик шайлоого катышуу үчүн кетем” деди.

Эгерде Исаев спикерликтен түшсө, анын ордуна Талант Мамытов келери айтылууда. Мамытов Садыр Жапаровдун ишенимдүү адамдарынын бири, азыркы бийлик үчүн өз кишиси. А бирок калган саясий күчтөр президенттик шайлоонун алдында үч бийликтин бутагын тең башкы талапкердин жакын адамдарына кармата коюшабы? Айла жоктон кармата койгон күндө деле президенттик шайлоодо Садыр Жапаров утуп чыкса, анын жеңишин административдик ресурс камсыздаган жок дебей коюуга болобу? Буга чейин эки жолку бийлик алмашуу жаз мезгилинде, үчүнчүсү күздө болду. Кычыраган кышта эл аянтка чыкпай коюшу мүмкүнбү? Бир гана нерсе  кыргызга таандык. Биздин эл эч качан адилетсиздикке моюн сунуп отуруп калбайт. Бийлик кандай амалдарды издебесин, ар качан болсо да, адилетсиздик орун алса, элдин каршы чыгарын эске алышы шарт.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
SuperTV

SuperTV

Окшош

Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жасады

Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жасады

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:52 03.02.2026
0

Президент Садыр Жапаров Мамлекеттик «Унаа» мекемесинде жарандар менен жолугушуу учурунда элдин суроолоруна жооп берип жатып, мамлекет башчы Жогорку Кеңештин депутаттарына...

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу: «Жаңы гимн  тойлордо аткарууга ылайыктуу болушу  керек»

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу: «Жаңы гимн тойлордо аткарууга ылайыктуу болушу керек»

Автор Айзада Тураркулова
11:41 28.01.2026
0

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бүгүн жыйында гимн тууралуу маселе козгоду. "Сунушталган гимндердин баары марш стилде жазылган, аны баары...

Садыр Жапаровдун өлкө башчысы болгонуна 5 жыл

Садыр Жапаровдун өлкө башчысы болгонуна 5 жыл

Автор Айзада Тураркулова
10:13 28.01.2026
0

Бүгүн, 2026-жылдын 28-январында Садыр Жапаровдун президенттин кызматына киришкенине беш жыл толду. Президенттин сүрөтчүсү Султан Досалиев өлкө башчысынын буга чейин эч жерде...

Жогорку Кеңештин комитети жаңы гимндин долбоорлорун колдогон жок

Жогорку Кеңештин комитети жаңы гимндин долбоорлорун колдогон жок

Автор Айзада Тураркулова
12:43 27.01.2026
0

Бугүн, 27-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитети мамлекеттик гимн сынагынын 2-айлампасынан өткөн үч гимнди...

№13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин 9 талапкер билдирди

№13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин 9 талапкер билдирди

Автор Айзада Тураркулова
14:45 20.01.2026
0

Борбордук шайлоо комиссиясы 2026-жылдын 1-мартында өтө турган Жогорку Кеңештин №13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген жарандардан...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Чырак айылындагы мектепте болгон окуя боюнча министрлик үн катты

Чырак айылындагы мектепте болгон окуя боюнча министрлик үн катты

11:36 03.02.2026
Сокулукта көлмөгө чөгүп каза болгон 3 бала тууралуу милиция маалымат таратты

Сокулукта көлмөгө чөгүп каза болгон 3 бала тууралуу милиция маалымат таратты

09:38 03.02.2026
Бишкекте XXV Кышкы Олимпиада оюндарына катышуучу спортсмендерди узатуу иш-чарасы болуп өттү

Бишкекте XXV Кышкы Олимпиада оюндарына катышуучу спортсмендерди узатуу иш-чарасы болуп өттү

16:44 02.02.2026
Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жасады

Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жасады

11:52 03.02.2026
Баткендин тургуну кулпунай өстүрүп, 1 килограммын 2 миң сомдон сатат

Баткендин тургуну кулпунай өстүрүп, 1 килограммын 2 миң сомдон сатат

11:49 03.02.2026
Чырак айылындагы мектепте болгон окуя боюнча министрлик үн катты

Чырак айылындагы мектепте болгон окуя боюнча министрлик үн катты

11:36 03.02.2026

АРХИВ

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
« Янв    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү