Апта сереп: Жапаров, Жээнбеков, Отунбаеванын ээрчишип «Ата-Бейитке» барышына Атамбаев кантип «шылтоо» болду?

Бүгүн күнгө жекшемби, 8-ноябрь. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чыккан биринчи митингден бери 1 айдан ашык убакыт өттү, президенттик шайлоого 2 айдай калды.

Адегенде апта ичиндеги урунттуу окуяларды санай өтсөк… Садыр Жапаров Баткен, Ош, Жалал-Абадга барып келди. Доллар көтөрүлдү. Канат Исаев спикерликтен түштү. 1 миллион долларлык лоббинин чуусу чыгып, кайра басаңдамыш этти. 20 жылдай курчап турган Ак Үйдүн темир тору алынып жатат. Өмүрбек Бабанов соңку президенттик жарыштын соккусунан оңоло элек көрүнөт. Ажо болом деп турган талапкер экс-президенттерди ээрчитип алып “Ата бейитке” барды. Жума ичинде эмнени сындадык, эмнени мактадык? Чогуу “Апта серепте” саресеп салып көрөлү.

***

“Апта серепти” бул жума ичинде эң көп сөз болгон акча тууралуу, болгондо да майда-чүйдөдөн эмес, миллиард деген суммалар менен баштайлы. Финпол Кыргыз мамлекетинен Кытайга мыйзамсыз акча ташыган адамды кармаганын, салык төлөнбөгөндөн улам бюджетке 1 миллиард 100 миллион сом зыян келтирилгенин маалымдады. УКМК 1993-2002-жылдар аралыгында кредит болуп алынган 1 миллиард долларга чукул каражат Кыргыз өлкөсүнөн мыйзамсыз чыгарылып кеткенин билдирди. Пандемия учурунда сырттан келген 700 миллион доллар кимдин кулкунуна куюлуп кеткенин аныктоо үчүн мекеме аралык комиссия түзүлүп жатканы маалым болду. Бул бийликтин көзгө басар иштери болду, эми ушул суммадан кем эмес зыян тартууларга баам салалы.

6-октябрдан бери ишин токтоткон 8 тоо-кен ишканасы жергиликтүү калк койгон талаптардан улам ишин кайра баштай албай турат. Ишканалардын ичинен 20 миллион долларга чейин чапчыган эң чоң зыянды Таластагы Жер-Үй кенин иштеткен “Альянс Алтын” тарткан. Ишканага белгисиз адамдар бастырып киришип, техниканы талкалап, кийин өрт коюшкан. Ушуга окшош эле көрүнүш Жалал-Абадда жайгашкан Иштамберди кенин иштеткен “Full Gold Mining” компаниясында орун алып, анда чоң өрт чыккан. Зыян тартуусу 1,5 миллион доллардын тегерегин түзөт. Бозымчак, Терек-Сай жана башка кендерди иштеткен компаниялар коопсуздугунан чочулап ишти токтотушкан. Бул аптада өлкөнүн түштүк аймагына барып келген президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Бозымчак менен Терек-Сай кендеринен кабар алып келди. Ал «алтын компаниялардын ишинин токтоп турганын элдин же инвесторлордун күнөөсү эмес, өкмөттүн катачылыгы» деп, жергиликтүү тургундардан чет элдик компанияларынын ишине 4-5 ай тоскоол болбой турууну өтүндү.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаевдин айтымында, октябрь айындагы окуялардан улам зыян тартуунун жалпы суммасы канча чыгары азырынча так эмес. “Өлкөнүн ишкерлер чөйрөсүндөгү кадыр-баркы олуттуу жапа чекти” деди ал. Жогорудагы компаниялардын иши токтоп турганынан бюджет айына 1,5 миллион доллардан ашуун же 120 миллион сомдун тегерегиндеги каражаттан куржалак калууда.

Бюджет бир гана бул жагынан аксабай, кайсы бир өлкөнүн компанияларынын зыян тартуусунан улам айланып келип кыргыз бизнеси да оңбогондой чоң чыгашага тушугуп жатат. Бул аптада өкмөт үйүнүн жанында “Дордой” базарынын соодагерлери митингге чыгышты. Алар кыргыз-кытай чек арасынан товар алып өтүүнү жолго салып берүүнү талап кылып жатышат. Ал эми Кытай тарап бир канча талаптарды коюп, анын ичинде кытай компанияларынын коопсуздугун камсыздап бергиле дегенине да көңүл бурбай коюуга болбойт. Бул аралыкта Базарлар ассоциациясы чек арадагы маселе чечилбесе, анда ноябрь айынан тартып салык төлөбөйбүз деп жатышат. Кытайдан Кыргыз өлкөсүнө товарлар “Торугарт” жана “Эркечтам” аркылуу кирет, бир эле “Торугарт” аркылуу бюджет 19 миллиард сомдон ашуун каражат менен толукталат. Соодасы күндөн-күнгө, айдан-айга, жылдан-жылга солгундаган “Дордойго” келсек, Би-Би-Синин орус кызматы базар тууралуу “Борбор Азиянын эң ири базары кантип элсиз ээн калып бара жатат?” деген аталыштагы макала жарыялады.

Кыргыз өлкөсүнүн кызыкчылыгын эл аралык деңгээлде лобби кылуу тууралуу 1 миллион долларлык келишим чуу жаратты. Келишимдин өзү жөнүндө маалымат чын болуп чыгып, ал эми анын Садыр Жапаровдун атынан кол коюлганын калп дешти. Документке кол койгон адам журналисттерге шашылыш маалымат жыйын берип, канадалык компаниянын кызматына акчаны достору төлөшкөнүн билдирди. “Мен 8 миллиард 600 миллион доллар турган келишимге кол койгом. Ал коронавирус илдетине каршы күрөшүүгө, экономиканы көтөрүүгө, Кытайдан алган карызды төлөөгө, агрардык тармакка болчу. Бул акча кайтарымсыз грант жана инвестиция катары келмек. Садыр Жапаровдун атын колдонгон эмесмин. Болгону ага бийликке келгенден кийин бир жолу кайрылып, мага чоң акча келип калса, коргоого алуусун сурангам. Келишимге кол койгон убакта ал түрмөдө эле. Сүйлөшүүнү бир жыл мурда баштагам” деди ал.

Миллион менен миллиарддардан башыңыз айлана түштүбү? Нөлү көп сандар бул аптанын жаңылыктарында чындап эле көп болду. Бир эле бюджеттин дефицити менен сырттан алынган карыздын өзү бийликке чоң баш оору болуп турат. Бирок жогорудагыдай досторунун акчасы менен 1 миллион долларлык келишимдерди эч кандай саясий кызыкчылыгы жок оңой эле түзгөн жарандардын бар экендиги ырас болсо, анда баш оорулар баш оору деле болбой калат окшойт…

***
Кечээ, 7-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров экс-президенттер Роза Отунбаева жана Сооронбай Жээнбеков менен “Ата-Бейитке” барды. Бул үчөөнү бир жерден көрүүгө дагы бир мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин чоң салымы бар. Ал 7-8-ноябрь күндөрүн Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү катары белгилөө жарлыгына 2017-жылы кол койгон эле.

Экс-президент демекчи, бул макамдын тегерегинде тартышуу да болду. Садыр Жапаров Сооронбай Жээнбековго экс-президент деген статусту ыйгарууда каршы чыккандар болуп, соккуларга карабай өзү буйрукка кол койгонун айтты. Баш мыйзамга ылайык, өз каалоосу менен кеткен мамлекет башчыга экс-президент макамы автоматтык түрдө эле ыйгарылат. Бирок кеп статуста деле эмес, кеп каршы чыккандарда. Өлкөнү 1,5 жылдай башкарган Отунбаева менен 3 жыл башкарган Жээнбековдун макамы бар болгону менен, 15 жылдык Акаев, 5 жылдык Бакиев, 6 жылдык Атамбаев экс-президенттиктен алеки заматта эле ажыратылып калышкан.

Президенттердин тагдырын жөн жеринен козгогон жокпуз. Бул аптада 20 жылдай айланасын коргондоп турган Ак Үйдүн темир тору алынып баштады. Тосмо эмнени гана көргөн эмес? Жогоруда аты аталган бардык президенттерди гана эмес, үч жолку элдик митингдер менен коштолгон бийлик алмашууну, 100дөй жарандын каны төгүлгөн Апрель окуясын, бир канча жолку бийликти ийгиликсиз басып алууну, атүгүл учурда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен Жогорку Кеңештин спикери болгон Талант Мамытовдун ашып өтүүсүн да башынан өткөргөн.

Темир тор элге жакын бололу деген ниетте алынганы айтылды. 5-октябрда күн бою аянтка жык жыйма болуп топтолгон эл парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразычылыгын билдирип чыккан. Ак Үй жактан бирөө-жарым чыктыбы? Бирөө-жарым бир нерсе дедиби? Эл менен бийликтин ортосундагы тоскоолдук символикалык түрдө алынган тосмодо эмес. Чыныгы тоскоолдук бул — акылы дөдөй, кулагы дүлөй, көзү сокур, көөдөнү көр айрым бийлик төбөлдөрүндө экенин баары билип-туюп эле турат.

“Апта серепти” Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнөн улам, Жусуп Абдрахмановдун 1928-жылы күндөлүгүндөгү сөзү менен аяктагым келип турат. “Адамдар ушунчалык бети жок болуп калышыптыр, керек болсо, өз кызыкчылыктарын улуттун кызыкчылыгы менен бирдей деп билип калышкан. Кайсы күндү караба, бир “сюрприз” чыгат” деп жазган Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башатында турган көрүнүктүү ишмер. Арадан 92 жыл өтүптүр жана эч нерсе өзгөрбөгөндөй сезим сизде деле жаралдыбы?..