Аптага сереп: Чуулуу соттук иштер боюнча кимдин калпы биринчи калкып чыгат?

Бүгүн күнгө жекшемби, 3-январь. Президенттик шайлоого жана ошол эле күнгө дайындалган референдумга туура бир апта калды. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразычылыктан улам элдик толкундоолор көтөрүлгөнүнө дээрлик үч ай болду. Бул жолку “Аптага серептин” чыгарылышына даярданып жатып, өткөн жылдагы саясий окуялардын урунттууларына саресеп салып, андан кандай сабак алышыбыз керектигин баяндасакпы, же соңку апта ичиндеги чоң окуяны талдап, бир жумадан кийин өтө турган президенттик шайлоого чейин бизди эмне күтүп турарын, кеп кылсакпы деген тандоо болду. Кайсы бирин тандадык? 

Өткөн аптада президенттикке талапкерлер Адахан Мадумаров, Канатбек Исаев, Каныбек Иманалиев жана Клара Сооронкулова маалымат жыйын өткөрүп, анда дагы бир президенттикке талапкер Садыр Жапаровго кандайдыр бир деңгээлде бышып-жетилген күнү үстүнөн жаза тайып, басып алса жарыла турган мина коюлду десек болчудай. Аты аталган жогорудагы 4 талапкер Жапаровго буга чейин чыккан сот өкүмдөрүнүн жоюлган же жоюлбаганына, дегиле бул процесстин канчалык мыйзамдуу болгонуна шек санап жатат. “Мыйзамдуулук” же “легитимдүүлүк” дегендин өзү Садыр Жапаров бийликке келгени куйруктай эле аны ээрчип жүргөндөй сезилет.

Адегенде Жапаровдун кандай соттук иштери болгонун эске түшүрөлү. Бири – бул бийликти басып алууга аракет жасоо, экинчиси – бул барымтага алуу иши. Октябрь айындагы эң жогорку инстанциянын чечимдери боюнча Жогорку Сот өзү 29-декабрда маалымат таратты.

Биринчиси боюнча, 2013-жылы райондук сот бир жарым жылга эркинен ажыраткан чечим чыгарып, ал эми шаардык сот ошол мезгилде күтүүсүздөн актоо чечимин чыгарган. Бирок Жогорку Сот артынан эле күтүлгөндөй шаардык соттун чечимин жокко чыгаруу менен райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган. Ушул жылдын 16-октябрында Жогорку Сот ушул ишке кайтып келип, өзү 7 жыл мурда чыгарган чечимин жокко чыгарып, шаардык соттун чечимин күчүндө калтырды. Мындайча айтканда, бул иш боюнча Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов акталды.

Экинчи ишке келсек, ушул жылдын 6-октябрында Жогорку Сот жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу деген жүйө менен райондук, шаардык соттун өкүмдөрүн жана Жогорку Соттун эки токтомун жокко чыгаруу аркылуу ишти кайра кароого жөнөттү. Барымтага алуу иши боюнча Жапаров 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылып, кийин жаза мөөнөтү 1 жыл 6 айга кыскарган эле.

УКМКнын кылтагында турган Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева “Азаттыкка” берген маегинде Жапаровдун барымтага алуу боюнча ишинде өкүмдөр жокко чыгарылып, кайра тергөөгө жөнөтүлгөнүн айткан. Калиева ошондой эле бул иш боюнча Жапаровго карата саясий куугунтук болгон деген ойго кошуларын билдирген.

Эми эң башында сөз кылган маалымат жыйынга кайталы. Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын айтымында, 6-октябрга караган түнү Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Талант Мамытовго карата  Жогорку Соттун актоо чечими мыйзамсыз чыккан. Мындан улам, маалымат жыйын берген 4 талапкер чечимдерди кабыл алган судьяларга карата чара көрүү талабы менен Соттор кеңешине кайрылышат. Буга чейин ушундай эле маңыздагы арызды юрист Нурбек Токтакунов Жогорку Сотко жазган. Ошондой эле анын айтымында, Садыр Жапаров премьер болуп шайланган соң 2 күндөн кийин акталган. Жапаров бийликти басып алууга аракет жасоо иши боюнча 16-октябрда акталган, ал эми парламент андан 2 күн мурда аны өкмөт башчы кылып шайлаган. Депутаттар тарабынан соттуулугу тууралуу суроо берилгенде Жапаров тазамын деп жооп берген эле. Эл өкүлдөрү талапкердин өзүнөн сурабай, Жогорку Соттон маалыматты алдырышы керек эле. Сооронбай Жээнбеков да тийиштүү буйрукка кол коюп жатып, ал дагы Жогорку Соттон маалымат алдырышы зарыл болчу. Соттолгон адамды премьер кылып шайлоо Жогорку Сот тарабынан тез арада чечим чыгарууга алып келген”, — деп жазган Нурбек Токтакунов. Ал эми барымтага алуу боюнча экинчи иши 21-октябрда кылмыш курамы жок деген негизде кыскартылганын жактоочу Шарабидин Токтосунов “Азаттыкка” билдирген. Анын айтымында, жогоруда Жогорку Сот кайра тергөө жөнөткөн деген ишти УКМК кыскарткан. Ал токтомдун көчүрмөсү интернетке да тарап кетти.

Эми Жогорку Кеңешке келели. Бул маселе боюнча октябрь айындагы окуялардан кийин парламенттин спикери болуп шайланган Мыктыбек Абдылдаев адегенде 10-октябрда, тагыраагы Садыр Жапаров экинчи ирет өкмөт башчы болуп шайланган күнү комментарий берген. Ушул эле жыйында депутат Акылбек Жапаров да буга чейинки тажрыйбадан улам кеп-кеңешин бере кеткен. Кийин ушул эле маселе 13-октябрда спикерликтен кеткен Мыктыбек Абдылдаев тарабынан көтөрүлгөн. Өлкөнүн өзү олку-солку абалда турганы үчүнбү Садыр Жапаровдун иштери ошону менен 4 талапкер маалымат жыйын өткөргөнгө дейре олуттуу талкууга алынбай, убактылуу күм-жам болгон.

Эмнеден улам кайра көтөрүлүп, ким отко май тамызды? Баары УКМК менен Жогорку Соттун тирешинен башталды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиевага кылмыш иши козголгонун билдиргени маалым. Бул коомчулукта эки ача пикирди жаратып, убактылуу милдетин аткарып жаткан деген статустагы бийлик эмитеден соттук корпуска кол салып жатабы деп суроо салгандар да, бийликтин камчысын чапкандан башканы билбеген сотторго чала болду дегендер да жетиштүү болуп турат. Атүгүл тээ 5 жыл мурдагы окуяны да казышып, парламенттик шайлоонун алдында Ташиевди мандатсыз калтырууга алып келген чечимде Калиеванын да салымы бар деген өңүттөн карагандар, “өч алуу болуп жатабы” деп да суроо салышты. Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева мына ошондо ал ишти караган соттук коллегиянын курамында болуп, ага чейинки соттук инстанциялардын чечими күчүндө калтырылган. Калиева ошол маселе өч алуу үчүн негиз болгон жокпу деген “Азаттыктын” суроосуна мындай жооп кайтарган: «​Чынында таң калычтуу болду. Мага байланыштуу маалымат чыгып калганда мен ошону эстедим. Мен анда Жогорку Сотто жарандык иштер боюнча орун басар болчумун. Анда шайлоого байланыштуу талаштар жарандык иштер катары каралчу. Мен мына ошол ишти көтөрттүм. 2015-жылы 2-октябрда Жогорку Сотто шайлоо талаштары боюнча ишти караган экенбиз. Ошондо «Ата-Журт» партиясы БШК чыгарган токтомду жокко чыгаруу боюнча арыз берген. Бишкектин Биринчи май райондук соту, кийин шаардык сот аны канааттандыруусуз калтырган. Анан биз дагы аталган чечимди күчүндө калтырган экенбиз. Ошондо экинчи иште дагы мен катышкам».

Ушул эле жагдай боюнча президенттикке талапкер Садыр Жапаровго “Саясий коктейль” берүүсүнүн алкагында суроо узатылды. Анын айтымында, бул маселеде эч кандай өч алуу же тирешүү да жок.

Айтор, баш айланган заман. Бул күрөш кимдин жеңиши менен аяктары да белгисиз. Бирок азырынча бийлик бир кадам алдыда. Өткөн аптада Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясына президенттин милдетин аткарып жаткан Талант Мамытов көрсөткөн талапкер комиссияга мүчө болуп кирүүгө да, ага төрага болуп шайланууга жетишти. Башкы прокуратура болсо Тартип комиссиясына Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева боюнча сунуштамасын жөнөткөн. Эгерде Тартип комиссиясы жаңы төраганын келиши менен Калиеваны жоопко тартууга макулдук берсе, анда Ташиев айткандай, анын ошол күнү эле камакка алынышын күтүүгө болот. Өз учурунда окуянын мындай нукта өнүгүшү өлкө ичинде гана эмес, эл аралык коомчулукта да саясий туруктуулук толугу менен орной элек Кыргыз өлкөсүнө байланыштуу резонанс жаратат. Мындай резонанс президенттик шайлоого бир апта калганда керекпи же керек эмеспи? Бул жакынкы убакыт ичинде окуянын өнүгүшүнө жараша бийликтин тагдырын калчап калышы ыктымал…