Аптага сереп: Жапаров Атамбаев менен Жээнбековду чаңында калтырды

Бүгүн күнгө дүйшөмбү, 11-январь. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына элдин нааразы болуп чыкканына үч айдан ашык убакыт өтүп, кечээ ошондон бери эл биринчи жолу шайлоо тилкелерине келип, анда жаңы президент жана жаңы Баш мыйзамды кабыл алууга алып келе турган жол тандалды. Бул тууралуу кенен токтолобуз, адегенде өткөн аптадагы орчундуу окуяларды учкай эске түшүрө кетели.

***
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө абагынан кайра 47-колонияга которулду. Аны үй камагына чыгаруу боюнча адвокаттардын өтүнүчү шаардык сотто да колдоо тапкан жок…
Аптанын башында Таласта, кийин аптанын аягында Ысык-Көлдө фаст-фуд даярдалган жайда газ баллон жарылды. Эки кырсыктын биринде жаш кыз каза болуп, жалпы ондон ашуун адам денесинен күйүк алды…
Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева ооруп калгандыгына байланыштуу Тартип комиссиясы аны жоопко тартуу боюнча жыйынды жылдырды…
Өмүрбек Текебаев “Ата мекен” фракциясынын лидерлигин башкага өткөрүп берди…
УКМК “Эркин-Тоо” басмаканасынын тарыхый жана маданий эстеликтердин тизмесинен чыгарылышы боюнча кылмыш ишин козгоду…
Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Матраимовдордун адвокаты Лейла Байдаеваны Бишкектин Свердлов райондук сотуна судья кылып дайындады…
УКМК Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун аялы алдамчылык кылмышына шектелип жатканын билдирди…
Мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов УКМКга суракка кирип чыкты…
Садыр Жапаровдун тарапташымын деп жүргөн Мелис Аспеков опузалап ири суммадагы акча талап кылуу кылмышына шектелип кармалды…
Депутат Жанар Акаев аялын сабады деп тарап кеткен маалыматты төгүнгө чыгарды…
Ушул жана башка өткөн жума ичиндеги маанилүү окуяларга “Аптага серепте” саресеп салып көрөлү.

***
4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, Сооронбай Жээнбеков президенттиктен отставкага кеткен соң, саясий вакуум жаралган эле. Өлкөдө кечээ ошол кризистен чыгууга биринчи кадам жасалды. Президенттик шайлоо менен референдумдун жыйынтыгы жалпысынан күтүүсүз болгон жок. Ошентсе да эки жеңишти, аны менен кошо жүктү жана жоопкерчиликти бирдей колго алган бийликтин мындан кийинки кадамдары кандай болорун болжолдоо кыйын болуп турат. 5-октябрдан кийин “Камчыбек Ташиев жана анын командасы” катары сыпатталып жаткан бийлик ээлеринин 10-январдан тартып “Садыр Жапаров жана анын командасы” болуп өзгөрүшүнүн өзү жакынкы окуялардын өнүгүүсүнүн багытын аныктайт.

Эмне үчүн эки бюллетендин жыйынтыгы күтүүсүз болгон жок? Мамлекетти башкаруу формасын тандоо боюнча референдумдан баштасак. Соңку 10 жылда Кыргыз өлкөсү кагаз жүзүндө гана парламенттик-президенттик башкарууда, атүгүл “парламенттик башкарууда” деп аталып жашап келгени менен иш жүзүндө президенттик бийлик гана өкүм сүрүп келди. Мыйзамда көрсөтүлгөн бийлигин, күчүн, кудуретин, укугун 120 депутаттан турган парламент колдоно алган жок. Элдин үмүтү акталбай, нечен ирет азуусун көрсөтүп коюу мүмкүнчүлүгү болгон  учурларда да депутаттык корпус ажонун айтканынан чыга албай койду. Бул аралыкта 120 депутатка кетип жаткан бюджеттин каражатынан баштап, эң аягында “чимкирик” деп атыгуусуна дейре электоратта кыжырдануу толкуну арта берди.

Ушул жана башка жагдайлардын жыйынтыгында кечээ референдумга катышкандардын 77 пайыздан ашууну президенттикти, ал эми 10 пайыздан көбүрөөгү парламенттик башкарууну тандоого алып келди. Пайыздык көрсөткүч менен алганда, президенттик башкаруу деген жоопту бюллеттенден эң көп Жалал-Абад, Ош жана Чүй облусунун тургундары белгиледи. Парламенттик башкарууну колдогон 10 пайыздын ичинен 4 пайызын Бишкек шаарынын жашоочулары түзөт. Буга борбор калаанын тургундарынын аймактарга салыштырмалуу маалыматтуу болгондугу таасир кылган болушу мүмкүн.

Мамлекетти башкаруу формасын тандоо – бул жаңы Баш мыйзам кабыл алууга чабылган арык эле. Эми жаңы Конституция боюнча референдум парламенттик шайлоо менен чогуу өтүшү ыктымал. Эгерде шайлоочулар анда да бийликтин айтканын колдоп берсе, бул өлкөнүн эгемен тарыхындагы Баш мыйзамга кийгизилген онунчу көйнөгү болуп калат. Ушул сандын өзү Конституциянын өзгөртүүсү өлкөнүн өнүгүүсүнө таасирин тийгизбей, карапайым калктын жашоосун оңдобой эле бийликте турган бир ууч топтун ич ара таасир талашуусунан, өз көмөчүнө күл тартуусунан улам гана болуп келгенинин далили болуп чыга келет. Бийликтин баары бир колго топтолуп калганы 2005-жылы 24-мартта Акаевдин бийлиги, 2010-жылы 7-апрелде Бакиевдин бийлиги, мына жакында гана 2020-жылдын октябрында Жээнбековдун бийлигинин кулашына алып келгени да унутула элек. Сооронбай Жээнбековдун бул катарга кошулуусу талашты деле жаратпай турган окуя. Анткени Баш мыйзамга жазылганы менен өлкө бүгүнкүгө чейин эле президенттик башкарууда жашап келди. Мына ошол 1 эмес, 3 революция, булардын жыйынтыгы элдин дастарконуна аш, жашоосуна жакшы шарт болуп бере албаганынын өзү президенттик башкаруу — Кыргыз өлкөсү үчүн ылайыксыз экендигин көрсөтүп келген. Бирок, салттуу көрүнүшкө айлангандай, кыргыздар бир ирет басып, чекесин томуйткан тырмоочту кайра-кайра баскандан тажабасы чындык.

***
Президенттик шайлоого келсек. БШКнын элегинен өтүп бюллетенге ысымы жеткен 18 азаматтын 17си бир шартта, 1 талапкер башка шартта жарышка чыкты. Анткени талапкер Садыр Жапаров президенттик жарышка карай жолун өкмөт башчы жана президенттин милдетин аткаруу менен баштады. Мындай жагдай эң башынан эле атаандаштыкты бирдей мүмкүнчүлүктө жүргүзүүнү камсыздаган жок. Дал ушул жагдайдын башка талапкерлер тарабынан көп көтөрүлгөнү бекеринен эмес. Себеби административдик ресурс президенттик шайлоо же парламенттик шайлоо болобу жеңишке жеткирген фактордо экинин бири. Үгүт кампаниясынын жүрүшүндө административдик ресурсту колдонуу боюнча даттануулар көп түштү деп айтылганы менен алардын көбү тастыкталбаганын билдиришти. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова буга чейинки шайлоолорго салыштырып, бул ирет массалык түрдө административдик ресурсту колдонуу болбогонун билдирди.

Жеңишти камсыздаган экинчи фактор бул – финансылык ресурс. Бул жаатта да Садыр Жапаров атаандаштарынан ат чабым алдыда болду. Анын шайлоо фондуна которулган жана үгүт кампаниясына сарпталган акча каражаты калган талапкерлер топтогон бардык суммадан да ашып түштү. Алсак, жалпы талапкерлер үгүт кампаниясына 103 миллион сомдон ашуун акча каражатын чыгымдашса, анын 67 миллиондон сомдон көбүрөөгү Садыр Жапаровго туура келет. Жалпысынан караганда бул ирет президенттик шайлоо “арзан” өттү десе жарашат. Мисалы, Өмүрбек Бабанов менен Сооронбай Жээнбеков башкы атаандаш болгон 2017-жылдагы президенттик шайлоого салыштырсак, бул ирет жалпысынан 350 миллион сомго аз каражат сарпталды. Буга чейинки президенттик шайлоодо башкы фавориттер болгон Өмүрбек Бабанов 240 миллион сом, Сооронбай Жээнбеков 160 миллион сомго жакын короткон.

Эми шайлоого катышкан жарандардын санына  токтолсок, анткени дал ушул көрсөткүч да Садыр Жапаровдун жеңишин камсыздаган факторлордун бири болуп калды. Аз келген шайлоочулар жеңүүчүнүн пайдасы үчүн да саз болушту. Референдумга жана шайлоого жалпы добуш берүүчүлөрдүн 39 пайызынын тегереги гана катышты. Бул өлкөнүн эгемен тарыхындагы эң төмөнкү көрсөткүчтөрдүн бири. Буга чейин 2016-жылдагы референдумга жалпы шайлоочулардын 42 пайызы катышып, добуш берген. Ал эми шайлоолорду алып карасак, 2020-жылы парламенттик шайлоодо жана 2017-жылы президенттик шайлоодо да катышуу 56 пайызды түзгөн эле.

Форма №2нин жоюлушу, добуш сатып алуунун буга чейинки шайлоолорго караганда дээрлик жоктугу, соңку шайлоодон улам добуш берүүчүлөрдүн кайсы бир катмарынын көңүл калуусу, кыш мезгилинин сууктугу, элге акча берип, аймактарына ташуулардын аз болушу – мунун баары катышуунун санына терс таасирин тийгизди. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова добуш берүүгө келгендердин саны аз болгондугун шайлоонун жасалма эмес, чыныгы экенин жана ал башкысы экендиги менен түшүндүрүп кутулду. Алдын ала жыйынтык боюнча президенттик шайлоодон утуп чыккан Садыр Жапаров шайлоого катышкандардын санынын аз болушу тууралуу “мафиялык система болгон жок” деп комментарий берди. Жогоруда бир катар факторлор тууралуу токтолгон соң, шайлоонун жыйынтыгында бир көрсөткүч көбүн таң калтырды. Бул башкы жеңүүчүнүн 80 пайызга чукул добуштарды өз пайдасына топтой алганы болду. Мындай көрсөткүчтү буга чейин эл мындан 16 жыл мурда, тагыраагы 2005-жылы Март окуясынан кийин Курманбек Бакиевдин президенттик шайлоодон 87 пайыздык колдоо менен утуп чыгышында гана көргөн.

***
Жакынкы убакытта бизди кандай окуялар күтүп турат? Жаңы шайланган президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеш референдумдун датасын белгилей турганын жана андан кийин реформалар башталарын билдирди. “Бийликтин жаңы түзүмү болот, жаңы парламенттин жарымы бир мандаттуу округдар боюнча, калганы партиялык система боюнча шайланып келет. 1-июнга чейин бардык саясий процесстер аягына чыгат”, — деди ал. Ал эми оппоненттери тууралуу эгерде кайсы бир кылмышка тиешеси бар болсо, анда жоопко тартыла турганын билдирди. “Менин билишимче, талапкерлердин арасында жоопко тартуу керек болгондор бар болчу. Алар шайлоону атайын жоопкерчиликтен качуу үчүн колдонушкан”, — деди Жапаров. Бул аралыкта президенттик шайлоодо экинчи болуп келген Адахан Мадумаров, Абдил Сегизбаев жана Курсан Асанов жыйынтыкка макул эместигин билдиришти. Мадумаров бул бийликке карата оппозицияда болорун жар салды. Оппозициянын аракети мындан ары да кандай болору азырынча белгисиз.