Шаршемби, 29.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Аптага сереп: Жапаров Москвада… Матраимов ооруканада… Жапаров Астанада… Матраимов анда кайда?

21:09 28.02.2021
0
Аптага сереп: Жапаров Москвада… Матраимов ооруканада… Жапаров Астанада… Матраимов анда кайда?

Бүгүн күнгө жекшемби, 28-февраль. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына элдин нааразы болуп чыкканына дээрлик 5 ай, Садыр Жапаровдун президенттик кызматка расмий киришкенине туура 1 ай болду. Бул аралыкта ал мамлекет башчысы катары биринчи иш сапары менен Орусияга барып келүүгө жетишти. Алдыда Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Түркия, Кувейт жана башка өлкөлөргө чакыруулар күтүп турат. Бирок кеп бул тууралуу эмес. “Аптага серептин” бул чыгарылышында биз бул жуманын ичинде Садыр Жапаров өлкөдө болбогон эки күн ичинде көңүл бурган окуяларга саресеп салууну эп көрдүк.

***
Муфтияттын башкы эсепчисин тергөө абагына киргизген, Максатбек Токтомушевди муфтийликтен түшүрүп, ага карата да иштин ачылышына алып келген чуулуу окуя кайрадан талкууга түштү. Тагыраагы интернет булактарына башкы эсепчинин УКМКнын кызматкерлерине пара берип жаткан учурда тартылган делген видео тарады. Ошондой эле ушул видеодон Максатбек Токтомушевге окшош адамдын акча өткөрүп берүү боюнча белгисиз адамдар менен сүйлөшүүсүн да угууга болот. Экс-муфтийдин видео боюнча комментарийи көпкө күттүргөн жок. Айтымында, видео монтаждалган, бирок өз чындыгын азыр эмес, тергөө аяктагандан кийин гана ачыкка чыгарат. Ал эми иш козгоого алып келген арызды “жалган жалаа” деп, УКМКнын кызматкерлерин акча талап кылууга айыптап, иш боюнча пайызга берүү арам болгону менен анын мыйзамсыз эместигин аргумент кылды. Максатбек Токтомушев ачык эле УКМКнын кызматкерлерин айыптап жатканы менен жогорудагы ишке УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин эч кандай тиешеси жоктугуна ишенерин, президент Садыр Жапаровго анын чөйрөсүндөгү адамдар туура эмес маалымат жеткиргенин айтат. Чынында эле, Максатбек Токтомушев УКМК тарабынан кармалган учурда Камчыбек Ташиев жүрөгүнө операция жасатуу үчүн Германияда болчу. Экс-муфтийдин кармалышы, кийин үй камагына чыгарылышы резонанс жаратып жибергени үчүн Садыр Жапаров удаасынан бир эмес, эки мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаты аркылуу түшүндүрмө берген эле. Токтомушев айткандай, эгерде Жапаровдун айланасындагы адамдар туура эмес маалымат жеткирсе, анда алар мамлекет башчысы маектеринде жогорудагы маселени чечүүгө катыштыгы бар катары айтып өткөндөй Бакыт Аманбаев, Акин Токталиев же Арзыбек Бурхановдун бири болушу ыктымал. Бул үч адамдын ичинен Бурхановго байланыштуу социалдык тармактарда “кармалат экен” деген кептер тарап кеткен жайы бар. Азырынча ажылыктын акчасынан улам келип чыккан чуу эмнеге алып келери белгисиз. Белгилүүсү бул – Максатбек Токтомушев соңку кайрылуусу менен Ташиев жетектеген УКМКнын дарегине да, Жапаровдун аты аталган анын чөйрөсүнө да көлөкө түшүрүлдү. Бул экөөнүн жообу кандай болорун коомчулук да күтүп жатат…

***
Көңүл бурган экинчи окуя бул – “Раим-миллион” деп атыккан мурдагы чиновниктин менчик ооруканага жаткырылганы тууралуу маалымат болду.  Бул маалыматтын тарап кеткенине 4 күн болсо да, расмий органдар ырастап бере элек. Ошол эле учурда камалганына бир апта боло электе менчик ооруканага жаткырылганын төгүнгө да чыгарышкан жок. Өткөн аптада Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басарынын бөгөт чарасы райондук сотто каралып, эки айга камакка алуу чечими чыккан соң анын тарапташтары 5 күн ичинде жогорку инстанцияга кайрыларын билдиришкен эле. Бул аптада шаардык сотто бөгөт чарасына байланыштуу арыз деле каралган жок. Ошол эле учурда УКМК да Матраимовго карата ачылган экинчи иштин чоо-жайы тууралуу да баштапкы таратылган кыска пресс-релизден башка маалымат бере элек. Өткөн жылы октябрь айында УКМКнын имаратынын алдында Матраимов кармалды делген окуя коомчулукта “бул кезектеги шоу” деген реакцияны жаратканы эсте. Экинчи жолкусу камакка алуу менен уланганы болбосо, минтип башкаларга карата жасалбаган мамиле бир адамга карата жасалышы “дагы шоу болуп калбадыбы?” деген суроолорду туудуруп жатат. Бул аралыкта бүгүн Ош шаарында “Райымга боштондук” деген ураан-чакырыктар менен анын тарапташтары митинг өткөрүп жатышат. Колдоп чыккандардын арасында анын бир тууганы жана Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов, андан тышкары дагы башка эл өкүлдөрү Мирлан Бакиров, Таабалды Тиллаев жана Бакытбек Райымкулов да жүрөт. Бул окуялардын жүрүшүндө бир маалымат көзгө түшпөй койбойт. Райымбек Матраимов кайра камалгандан кийин АКШнын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилиги анын коррупция жана кылмыштуу кирешелерди адалдоо айыбы менен тергелип, камакка алынганын колдоп билдирүү тараткан. “Биз Кыргыз мамлекетинин күч органдары менен биргеликте уурдалган кыргыз мүлкүн аныктоо жана далилденсе, кыргыз элине кайтарып берүү үчүн иш алып барууга даярбыз” деп жазылган элчиликтин маалыматында. Бир аптадан кийин УКМК АКШнын элчилигинен Матраимов боюнча эмес, Шадиев боюнча жардам сурап кайрылды. Абал азырынча ушундай. Матраимов боюнча бийликтин үн катпай отуруусу дагы канчага уланат? Күтүү режими бийликке тескерисинче зыян алып келбейби? Анын таламын талашып жаткан тарапташтарына кандай жооп берилет? Өзүнө ыңгайсыз, бирок элге керектүү учурунда үн катпай коюу – бул көбүрөөк өткөн бийликтин жыйынтыгында тактан куулууга жеткирген тактикасы эле. Андыктан суроолор көп болуп, бийликтин кадамдары жана позициясы түшүнүксүз болуп турса, анын башында тургандар же анын өкүлдөрү, куру дегенде басма сөз кызматы өз убагында жана саатында элге маалымат жеткирип турганы оң. Маалыматтык согуштан уткуруу бул баарынан уткурууга заматта алып келет…

***
Аптада дагы бир видео бармак басты, көз кысты сыяктуу болуп кеткен бир иштин чоо-жайын ачкандай болду. Интернетке президенттик аппараттын басма сөз кызматынын жетекчиси болуп турган Нургазы Анаркуловго таандык делген үн тарап кетти. Андагы сөздөрдөн улам көпчүлүк КТРКнын директорлук креслосунун баасын бычуу деп түшүндү. Атүгүл 150 миң доллар деген акчанын суммасы да угулат. КТРКнын жаңы директору болуп Бактияр Алиев 30-декабрда шайланган. Ал Байкоочу кеңештин 15 мүчөсүнүн 11инин колдоосун тапкан. Байкоочу кеңешти Кубат Болотканов ноябрь айынан бери жетектеп келет. Ал эми Нургазы Анаркулов 30-январда УКМК тарабынан ири суммадагы пара талап кылууга шектелип кармалганы менен бирок камакка алынбаганы кийинчерээк маалым болгон. Андан бери бир ай өттү. Жогорудагы видеонун тарап кеткенине караганда бул иш жакын арада жаңы чуулар менен коштолот көрүнөт…

***
Жогоруда сөз кылган эки окуя президент Садыр Жапаров Орусияда жүргөн учурда, бири келген соң орун алды. Ал эми иш сапардын өзүнө келсек, аны оркойгон кемчилиги жок, ошол эле учурда азырынча чоң артыкчылыгы да жок болгону менен жалпы жонунан ийгиликтүү өттү деп баалашууда. Сапарда президент орусиялык басылмага маек берип, анда экс-президент Сооронбай Жээнбековду сынга алды. “Сооронбай Жээнбеков өз дүйнөсүндө эле жашап калган. Ал дүйнө чыныгы турмуштан жана элдин койгон талаптарынан алыс эле. Ошондуктан да элдин кыжырын кайнаткан башынан эле туура эмес чечимдерди кабыл алган” деди Садыр Жапаров. Бул сөздүн артында эмне турат? Сооронбай Жээнбековду кандай келечек күтүп жатат? Ал азыр кайсы дүйнөдө жашап жатат? Мурдагы эле дүйнөсүнөн өтө эле айырмаланбаган дүйнөдө эмеспи? Эл койгон талаптар өзгөрүп деле кеткен жок, анын баары азыр Садыр Жапаровго жетип жатабы? Ал талаптар боюнча качан чечимдер кабыл алына баштайт? Мына ушул жана башка суроолор кечээ эле пайда болуп калган жери жок, алар Сооронбай Жээнбеков отставкага кеткенден бери жоопсуз турат…

 

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
SuperTV

SuperTV

Окшош

Президенттин администрациясында эл аралык санкциялар маселелери боюнча кеңешме өттү

Президенттин администрациясында эл аралык санкциялар маселелери боюнча кеңешме өттү

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:14 27.04.2026
0

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев эл аралык санкциялар боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Кеңешмеге мамлекеттик органдардын жана тиешелүү ведомстволордун өкүлдөрү катышты....

Тариф маселеси талаш жаратты: ишкерлер укуктарын коргоону талап кылууда

Президент менен маек: Алтын, февраль окуялары, Ташиев жана анын үй-бүлөсү тууралуу (толугу менен)

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:26 27.04.2026
0

- Саламатсызбы, Садыр Нургожоевич! Убакыт бөлүп, Kaktus.media (Марат Уралиев) суроолоруна жооп берүүгө макул болгонуңуз үчүн рахмат. Суроолорго эч кандай чектөө...

Садыр Жапаров Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Садыр Жапаров Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:20 24.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров кечээ, 23-апрелде Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Кыргыз-орус...

Садыр Жапаров: «Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин өтө чоң көлөмдө тартып жатат»

Садыр Жапаров: «Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин өтө чоң көлөмдө тартып жатат»

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:35 22.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде Астана шаарында (Казакстан) өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммиттин пленардык жыйынында сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысы климаттын...

Садыр Жапаров Регионалдык экологиялык саммитке келип, жашыл технологиялар көргөзмөсүн көрүп чыкты

Садыр Жапаров Регионалдык экологиялык саммитке келип, жашыл технологиялар көргөзмөсүн көрүп чыкты

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:52 22.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде Астана шаарында өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммитке келди. “EXPO” Эл аралык көргөзмө борборунун аянтчасында президент...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин кайрылуусу жарыяланды

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин кайрылуусу жарыяланды

17:16 29.04.2026
Сузактагы мугалимдин окуучуга кол көтөрүшү. Министрликтен мугалимдин кызматтан бошотулганын билдиришти

Өзгөндөгү бала бакча боюнча министрлик үн катты

14:30 29.04.2026
Аксыда сел алган жолдун бир тарабы ачылды

Аксыда сел алган жолдун бир тарабы ачылды

14:28 29.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү