Аптага сереп: Жээнбеков Кыргызстанды Бакиевдин дооруна кайтардыбы?

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына элдин нааразы болуп чыкканына 5 ай, Садыр Жапаровдун президенттик шайлоодон жеңип чыкканына дээрлик 2 ай болду. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын жана ошол эле күнү өтүүсү пландалып жаткан жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдумга 1 айдай калды. Соңку парламенттик шайлоонун жеңишин 2 эле партия бөлүшүп алганы анын жыйынтыгы жокко чыгарылышына, Сооронбай Жээнбековдун бийликтен куулушуна алып келип, жаңы келген команданын айтымы менен атүгүл өлкөнүн башкы документи өзгөрүүнүн алдында турат. Бирок ушундай чоң өзгөрүүлөр болуп жатканына карабай, айрым жагдайлар такыр эле өзгөрүүсүз калгандай туюлат. Анын акыркы мисалын алсак, бул – мурдагы күнү митингдерге тыюу салган чечимдин чыгарылышы. Туура бир жыл мурдагы күндөрдү эске түшүрүңүз... Жок, андан бери далай суулар агып, жер өзгөрүп тоо болуп, түз өзгөрүп зоо болду дей турган болсоңуз, анда “Аптага серептин” бул чыгарылышында биз бул жуманын ичиндеги жогорудагы жана башка окуяларга саресеп салууну эп көрдүк.

Туура бир жыл мурда Бишкек шаарынын бир эмес, үч райондук соту, буга кошулуп, Ош шаарынын мэриясы митингдерге тыюу салган эле. Мындай кадамга барууга биринчиден, 2-март күнү Садыр Жапаровду колдоп чыккан митингдин башаламандыкка айланганы, экинчиден, айрым шаар тургундарынан арыздар түшүп жатат деп айтылганы, үчүнчүдөн коронавирус илдети каттала электигине жана эч кандай чектөө киргизиле электигине карабай, республикалык штабдын адам көп топтолгон жерге барбоо сунушу себеп болгону айтылган. Соттордун чечими коомчулукта нааразычылыкты жаратып, жыйынтыгында мэрия митингдерге чектөө киргизүү тууралуу арызын кайтарып алган. Ошондой эле буга улай Бишкек шаардык соту да райондук соттордун чечимдерин жокко чыгарган эле. Бул окуялардын баары ошол кезде кызуу талкуулар менен коштолуп, атүгүл вице-спикер болуп турган Мирлан Бакиров “митингдер өлкөдөгү позитивдүү иштерге кедергисин тийгизип жатат” дегенге жеткен. Минтип жыл айланбай, Бакировдун өзүн Ош шаарында коррупционер экенин моюнуна алган Райымбек Матраимовду колдогон митингден да көрүп калдык. Бирок кеп бул тууралуу эмес.

Эки күн мурда Биринчи май райондук соту жергиликтүү бийликтин бир жыл мурдагыдай эле кайрылуусу менен келген сунушун канааттандырды. Тагыраагы борбор калаанын “Ала-Тоо” аянты менен Эркиндик бульварында митинг өткөрүүгө тыюу салынды. Октябрь айындагы митингдерди эске албаганда, аталган аймакта ноябрдан бери аптанын ар жекшемби күнү баш-аягы бир саатка пландалган жөө жүрүш өтүп турат. Ошондой эле эртең, 8-мартта аялдардын укугун коргоого багытталган жөө жүрүш да өтмөк. Бирок ал үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Мыйзамга ылайык, ар бир жаран тынч чогулуш өткөрүү укугуна ээ. Тынч чогулуш өткөрүүнү камсыздоо максатында ар ким бийлик органдарына билдирме бере алат. Ал  жөнүндө билдирүүнүн жоктугуна, билдирүүнүн түрү, мазмуну менен берүү убактысынын сакталбагандыгына байланыштуу тынч чогулуш өткөрүүгө тыюу салууга жана чектөөгө, ошондой эле аны тийиштүү түрдө камсыздоодон баш тартууга жол берилбейт. Уюштуруучулар жана катышуучулар тынч чогулуш өткөрүү жөнүндө билдирүүнүн жоктугу, билдирүүнүн түрү, мазмуну жана берилген мөөнөтү сакталбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартышпайт.

Демек, сот мыйзамсыз чечимди чыгарган болуп чыга келет. Юристтер да соттун конкреттүү гана чогулуштарды, тагыраагы эгерде ал коопсуздукка коркунуч жаратса жана зордук-зомбулукка чакырса гана тыюу сала аларын айтышты. Баса, буга чейин юристтер Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда митингдерге тыюу салууга жол берилбеши керектиги тууралуу норма алынып калганын айтып жатышкан эле. Соттордун жогорудагыдай чечимдери адатта бийлик менен жарандык коомчулуктун ортосундагы ажырымды чоңойтуп, бул өз учурунда акырындык менен эл ичиндеги нааразычылыктын көбөйүшүнө алып келери маалым. Биздин бийлик башчыларына улам бир тырмоокту басуу аздык кылат көрүнөт…

***
Бул аралыкта “Дүйнөдөгү эркиндик” деген жыл сайын жарыялануучу эл аралык бейөкмөттүк Freedom House уюмунун докладында Кыргыз өлкөсү соңку жыл ичинде 11 позициясын жоготту. Жыйынтыгында ал “жарым-жартылай эркин” деген категориядан 11 жылдан бери биринчи жолу “эркин эмес” деген катарга түшүп калды. Бир жыл мурдагы эле көрсөткүчтө Кыргыз мамлекети Борбордук Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен эң эле рейтинги жогору болчу. Андан тышкары, дүйнө жүзүндөгү бир жыл ичинде эң көп упай жоготкон мамлекет да Кыргыз өлкөсү болуп калды. Мындайча айтканда, Сооронбай Жээнбековдун жүргүзгөн бийлиги жана анын кесепети кашыктап жыйнаган дүйнөлүк масштабдагы маанилүү багыттардын бири боюнча өлкөнүн кадыр-баркы чөмүчтөп чачылды. Докладдын авторлору жазгандай, башкы себептердин бири бул жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоо жана ушундан улам келип чыккан саясий кризис болуп саналат. Кыргыз өлкөсү кийинки рейтингде көтөрүлөбү же түшөбү? Эми кептин баары бийликти колго алган кийинки кожоюнда.

***

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматын жоюу жөнүндө чечим кабыл алынды. Өкмөт тараткан маалыматта Финполдун талаптагыдай иштебегендиги, эксперттер менен ишкерлерден аталган мекемеде коррупция, жеке ишкерликке мыйзамсыз кийлигишүү боюнча нааразычылыктар түшкөнү айтылат. “Финансы полициясы жазалоочу функцияларды гана аткарып келүүдө” деп жазылат маалыматта. Өткөн айдын башында эле аталган мамлекеттик кызматтын жоюлары сөз болгондо “Достор, барсыңарбы? Финполицияны жойгон жатышат, силер кандай ойлойсунар? Чё-то башкача кетип баратат… Финполду эл колдойт, Финпол элге иштейт” деп чыккан Сыймык Жапыкеевден бул сапар үн-сөз жок болууда. Баарынан кызыктуусу ал 60 миллиард сомду өлкөдөн мыйзамсыз чыгарып кетүүгө шектелип ушул аптанын башында кармалган финполчу тууралуу чыккан жаңылыктан бери дайынсыз. Буга чейин дагы бир финполчу Айбек Токоев мыйзамсыз баюуга шектелип кармалган эле. Ошентип, Садыр Жапаровдун биринчи дайындоолорунун катарында 17-октябрда кызматка келген, митингдин мотору атыккан Сыймык Жапыкеевдин доору 5 айга жеткен жок. Дагы бир кресло ээлеген “чоң казатчы” Максат Мамытканов вице-премьерликтен 1 ай мурда бошотулган эле. Айтор, Жапыкеев айткандай “чё-то башкача кетип баратабы?” же Жапыкеев өзү “чё-то башкача кетип баратты беле?” мунун баары анын жакынкы күндөрү кухняда агынан жарылуусунан же тилин тишине бекем катып, дымы чыкпай калганына жараша билсек болот…

***
Кримтөбөл атыккан Камчы Көлбаевди бул сапар сот залына жеткирбей эле чыгарып жиберишти. Мындан 8 жыл мурда кармалып, анын камакка алынуусунан кийин коомчулук жок дегенде аны соттук процесстин жүрүшүндө темир тордун артынан көрө алган эле. Бул жолу кармалышынан тартылган УКМКнын киносу менен эле чекит коюлганы жатат. Көлбаев өткөн жылдын октябрь айында “кылмыштуу уюм түзүү же ага катышууга” шектелип кармалган болчу. Буга чейин 22-мартка чейин камактагы мөөнөтү дагы узартылганына карабай, 2-мартта шаардык соттун чечими менен эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулганы маалым болду. Ошондой эле 250 миллион сомдон ашуун келтирилген зыяндын 50 миллион сомго жакынын бюджетке төккөнү, калганын апрель айынын аягына чейин төлөрү да айтылды.

Көлбаевдин бошотулушу боюнча АКШ тынчсыздануусун билдирип, аталган өлкөнүн Кыргыз мамлекетиндеги элчиси анын кылмыштуу торун жок кыла турган маалымат үчүн 1 миллион доллар сый акы бардыгын кайталады. 8-9 жыл мурдагы бул сый акы актуалдуу болбой калганын түшүнүштүбү же Көлбаев бюджетке төгө турган суммадан аз болуп калдыбы көп-өтпөй “ставка” 5 миллион долларга жогорулады. 5 миллион доллар азыркы курс менен 425 миллион сомго чукул болот.

Бир жагынан цифраларга такалган соодалашуунун башталганы өтө кейиштүү тенденцияга айланып бара жатат. АКШнын “кара тизмесине” кирген экинчи Кыргыз жараны Райымбек Матраимов биринчи ишинен 2 миллиард сом менен кутулуп, экинчи ишинин чоо-жайы белгисиз болуп, өзү менчик оорукананын палатасында жатат. Бул аралыкта депутат Дастан Бекешев айтып чыккандай, УКМК коррупционер деп кармаган төрт баланын энеси Жылдыз Чодобаева күрөөгө берүүгө акчасы жок болгону үчүн үй камагына чыга албай камакта кармалууда. Садыр Жапаров “Абакта отургандардын жарымы күнөөсү жоктор. Анын көбү карапайым элдин балдары. Чоңдун балдары жок ал жерде” деген эле. Ошондо кандай болуп калат? Акчасы жоктор абакта калып, акчасы барлардын баары бошоп, океандын ар жагынан туруп алып, АКШ ар бирине «ставка» коюп, кыргыз чиновниктеринин алкымын текшереби?.. Бул бир чети кооптонууну да жаратпай койбойт…