Аптага сереп: Жетим-Тоо кени боюнча бийлик санаасы менен байыган сарт болуп жатабы?

Бүгүн күнгө жекшемби, 20-декабрь. Бул аптада президенттикке ат салышкандардын үгүт кампаниясы башталып, шайлоонун жыйынтыгына шек жаратышы мүмкүн болгон окуялар да орун алууга үлгүрдү. Президенттин милдетин аткарып жаткан Талант Мамытов вазыйпасынан пайдаланып, Ош менен Жалал-Абадда иш сапарында жүрөт. Сентябрда Сооронбай Жээнбеков, эки айдан кийин Садыр Жапаров, кайра эки айга жетпей Талант Мамытов. Жогорудагы облустардын тургундары ары-бери үч айдын ичинде эле айылчылап келген үч президентти тосуп алышты. Мындай  көрүнүшкө Кыргыз өлкөсүндө гана күбө болууга мүмкүн. Өмүрүн узартып алган Жогорку Кеңешке келсек, “чимкирик” атыккан депутаттар референдум тууралуу мыйзам долбоорун ары тоголотуп берген соң, эми экономикалык амнистия тууралуу талаштуу долбоорго билек түрө киришип, буга кошумча Аида Касымалиеваны вице-спикерлик креслодон түшүрүү операциясы башталды. Өкмөт болсо, күн алыс ар кандай маалыматты четке кагуу менен убара. Ушул жана башка жума ичиндеги башкы окуяларга “Аптага серепте” саресеп салып көрөлү.

***
Бул апта чү дегенде эле “электр энергиясын үнөмдөгүлө” деген бийликтин коңгуроо кагуусунан башталды. Адатта бул кагазга оролгон үнөмдөө деген сөз Курманбек Бакиевдин тушундагы жарыктын маал-маалы менен өчүрүүлөрүн гана эске түшүрөт. 2008-2009-жылдары Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 6 миллиард метр кубга чейин түшүп, “электр энергиясын үнөмдөшүбүз керек” деген бийлик жарыкты суткасына 12 саатка чейин өчүрүүнү киргизген эле. Энергетикалык кризисти жөнгө сала албоо же ага кайдыгер кароо экинчи президентти бийликтен алып түшүүдөгү башкы факторлордун бирине айланганы маалым.

Аптанын биринчи күнү “Улуттук энергетикалык холдинг” ишканасынан “көмүр жаккыла же газ менен жылытууга өткүлө, электр энергиясы менен иштеген мештерди күйгүзбөгүлө, бардык аймактардагы лимиттер сакталбай жатат” деп элге кайрылышты. Аптанын үчүнчү күнү вице-премьер электр энергиясын керектөө жогорулап жатканына байланыштуу автоматтык түрдө өчүрүүлөр болушу мүмкүн деп эскертти. Аптанын бешинчи күнү өкмөттүн милдетин аткаруучу “элдин жарыксыз калышына жол бербешибиз керек” деп, кошумча электр энергиясын иштеп чыгаруу үчүн Бишкек ЖЭБинин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүүгө мезгил келип жеткенин айтты. Аптанын алтынчы күнү президенттин милдетин аткаруучу Камбар-Ата 2-ГЭСине барып, “электр энергиясын керектөө өсүп жатат, ошон үчүн калган агрегаттарды тез ишке киргизүү зарыл” деди.

Азыркы тапта Токтогул суу сактагычында 13 миллиард метр кубга жакын суу бар. Бирок 11-12 жыл мурдагы мезгилге салыштырмалуу учурдагы электр энергиясын керектөө көлөмү да жогорулады. Бул аралыкта ар шайлоодо түрдүү убадага алдана берген элдин аң-сезими да бүгүн башка. Мисалы, ушул эле аптада Бишкектин чет жакасындагы конуштардын бири Ак-Жардын тургундары суук түшкөндөн бери жарыктын улам өчүрүлө беришине нааразы болушуп, айланма жолду бууп, дөңгөлөктөрдү өрттөштү. Бул бир эле конуштун протесттик маанайынын мисалы болду. Эгерде өлкөнүн бардык аймактарында жапырт жарык өчүрүүлөр башталсачы? Анда кандай болот? Кыштын биринчи айы да аягына чыга элек, алдыда бизди чыккыча шайыбызды ала турган кышкы чилде турат…

***
Өкмөт үчүн чоң баш оору болуп жаткан бюджеттин тартыштыгы айдан айга муунткан абалга жакындатууда. Октябрь айындагы бийлик алмашуулардан кийин Тышкы иштер министри болгон Руслан Казакбаевдин бир канча өлкөлөргө барып, андан тышкары бир катар мамлекеттердин элчилери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугуп, алардан финансылык колдоо суроо көрүнүктүү жемишин берген жок.

Бул аптада “кызыл зонада” иштеген ак халатчандар маянабызды ала албай жатабыз деп митингге чыгышты. Айлыктан сырткары коронавирус илдетинен каза болгон врачтардын үй-бүлөлөрүнө 1 миллион сом жана ооруну жуктуруп алган медициналык кызматкерлерге 200 миң сом компенсация төлөө маселеси да толугу менен чечилип бүтө элек. Буга байланыштуу өкмөттө компенсациянын суммасын карап чыгуу каралып жатканы, аны азайтпаса, баарына компенсация төлөп берүү мүмкүн эместиги маалым болду. Пандемияга каршы күрөшүүгө сырттан алынган акча каражатынын колдонулушу боюнча комиссия түзүлгөнү, 10 күндөн кийин жаңжалдар башталары айтылды. Бирок ал жаңжалдар же саясий күрөш эң жөнөкөй мисал — “кызыл зонада” иштеген ак халатчандардын айлыгы убагында берилип турушуна кепилдик бербейт.

Дагы бир жаман жаңылык – кийинки айга пенсияны төлөөгө акча табуу кыйынчылык жаратып баштаганы болду. Мындай маалыматты Социалдык фонддун башчысынын орун басары парламенттин жыйынында айта коюп, кийин фондго өзүнчө, өкмөткө өзүнчө бир эмес, эки жолу пенсионерлердин санаасын жайгарууга туура келди.

Анткен менен санаа жайгаруу утурумдук эле таасирге ээ болушу мүмкүн. Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов КМШнын мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынында “өлкөнүн бюджетине 31 миллиард сом түшпөй калышы күтүлүүдө, бул биздин чакан экономика үчүн чоң сумма” деди. Анын айтымында, соңку он жылдан бери экономикалык өсүү, сооданын көлөмү болуп көрбөгөндөй ылдыйлап, ал бюджеттин тартыштыгына, жумушсуздук жана жакырчылыкка алып келүүдө. Көңүлдү  жубатканы — бул көйгөйлөр соңку он жылсыз деле өлкөдө бар болуп келгени. Көңүлдү айнытканы – бул көйгөйлөрдүн жакынкы он жылда деле бийлик тарабынан чечилишине элдин көзү жетпей калганы болуп турат.

***
Электр энергиясы, бюджеттин тартыштыгынан сырткары бул аптада эң көп сөз Жетим-Тоонун тегерегинде болду. Бул кендин айланасындагы талкуу өзгөчө Садыр Жапаров октябрь окуяларынан кийин бийликке келгени тынчыбай жатат. Буга кандайдыр бир деңгээлде өзү да себепчи болуп калган. Журналисттерге берген маалымат жыйынында Жапаров Кытайдын карызынан кутулуу үчүн бир канча жолдор каралып жатканын, кендин сырьесун сатуу тууралуу сөз баштаганы белгилүү. Ошондон уламбы, анын оппоненттери Жетим-Тоону президенттикке койгон талапкердин талуу жерине айлантууда.

Аптанын башында Жапаров социалдык тармактагы баракчасына саясатчы, учурда Адахан Мадумаровдун штабында иштеп жаткан Ишенбай Кадырбековдун маегинин үзүндүсүн бөлүштү. “Жетим-Тоо деген эң аз дегенде 47 миллиард доллар турат. Ал Кумтөрдөн 10 эсе бай кен. Ошол кенди Жапаров кытайлыктарга берем деп, сөздүн четин чыгарып койду” деген Кадырбеков кендин лицензиясы, тагыраагы 60 пайыздык үлүшү Кытайга таандык экенин кошумчалаган. Буга Жапаров Жетим-Тоонун лицензиясы Кытайга караштуу эмес экенин, анын 100 пайыздык үлүшү Кыргыз мамлекетине таандык экенин айтып, Кадырбековго “бузукулук кылба” деп жооп кылды.

Ушул эле кен боюнча дагы бир президенттикке талапкер Абдил Сегизбаев сөз козгогон. Анын айтымында, кенди иштетүү  лицензиясы 2009-жылы 300 сомго сатылган.

Лицензиянын тагдырын Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин да айтып бергени бар. “Лицензияны Максим Бакиевдин фирмасы сатып алып, кийин анын 80 пайыздык акциясын Кытай жаранына 20 миллион долларга сатып жиберет. Кенди иштетүүгө келгенде Нарын менен Ысык-Көлдүн тургундары каршы болуп, көтөрүлүп чыккан. Ошол кезде коррупциянын алдын алуу боюнча Улуттук агенттиктин комиссары Садыр Жапаров эле. Эмне үчүн ал ошол кезде бир да аракет кылган жок? деп суроо салган Текебаев. Депутаттын айтымында, Апрель окуясынан кийин ал лицензия токтотулуп, 2012-жылы кытай компаниясы сотко берип, соттон утуп алган. Текебаевдин билдирүүсүнө караганда бир канча бийлик өкүлдөрү кийлигишип отуруп, 2016-жылы сот Жетим-Тоону өлкөнүн менчигине кайтарган чечим чыгарган.

Жапаровдун Кадырбековго кайтарган жообуна улай эле президенттик аппараттын басма сөз кызматынын башчысы Нургазы Анаркулов кен кытай компаниясына берилет деген сөздөрдү төгүнгө чыгарды. Анын айтымында, мамлекет кенди өз алдынча иштеткени жатат жана ал үчүн өзүнчө мамлекеттик компания түзүлөт. Компанияны жетектөөгө мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев келери да жарыяланды. Өкмөт да кен тууралуу түшүндүрмө таратып, анда Жетим-Тоо кениндеги Данга тилкесин  иштетүүдөн гана жылына 200 миллион доллардан ашуун киреше түшөт дейт. “Бул бюджеттин кирешесин көбөйтөт, социалдык программалар каржыланат жана акчанын бир бөлүгүн өлкөнүн тышкы карызын төлөөгө жумшаса болот. Долбоорду ишке ашырууда, салыктарды төлөөдөн тышкары, жергиликтүү элдин кызыкчылыктары эске алынып, дүң кирешенин 2 пайызын Нарын облусун өнүктүрүү фондуна чегерилет” деп жазылат маалыматта.

Кыргыз өлкөсүндөгү дээрлик бардык кендер экологияга тийгизген таасиринен улам чоң көйгөйлөргө тушугат. «Саясий коктейль» берүүсүндө Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Өмүрбек Суваналиев берген маегинде да ушул маселе козголду.

«Президенттер Жетим-Тоо кенин иштетүү маселесине келгенде 1-кезекте экологияны, андан кийин гана экономикалык пайданы кароолору керек. Нарын облусуна губернатор болгондон бери айтып келе жатам, Жетим-Тоону казганда экологияны бузуп албайлы, ал жер суунун башы деп. Эгер экологияны сактай турган ыкманы колдонбосок ал кенди казбашыбыз керек», — деди Суваналиев.

18-декабрда “Ала-Тоо” аянтына да бир нече активист Жетим-Тооону коргоого чакырып акция өткөрүштү.
Сөздөн ишке өтө электе Жетим-Тоо ушунча ызы-чуу жаратып жатат. Бир жагынан кенди иштетүүгө каржы булагы, инвестору, долбоору, билими, тажрыйбасы, тийиштүү кызматкерлери жок туруп, кендин запасы жана баасынын эсебинен эле бийлик “сарт санаасы менен байыйт” болууда. Буга учурда өлкөдө октябрь айындагы окуялардан улам жапа чегип, кенди иштеткен компаниялардын иши токтоп турганы кошумча. Бюджеттин тартыштыгын болсо жогоруда узун кеп кылдык. Мындан улам, бир гана суроо жаралат. Министрлер кабинети менен президенттик аппарат да кооз убадаларды берип, шайлоого катышып жатабы?