Аптага сереп: «Камбар-Ата-1» ГЭСи кыргыз ажолорунун ишке ашкыс кыялыбы?

Бүгүн күнгө жекшемби, 28-март. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына элдин нааразы болуп чыкканына дээрлик жарым жыл, Садыр Жапаровдун президенттик кызматка расмий киришкенине туура 2 ай болду. Бул аралыкта ал Орусияга, Казакстанга жана Өзбекстанга сапарлар менен барып келүүгө жетишти. Бир күн ичинде өтө турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана жаңы Конституция боюнча референдумга 2 апта калды. “Аптага серептин” бул чыгарылышында Кыргыз мамлекети өзү кура албаган “Камбар-Ата-1” ГЭСи, кылмыш иштеринен кутулган Өмүрбек Бабанов, чек ара иштеринен улам коррупционерлерге убакыт таба албай жаткан Камчыбек Ташиев жана башка апта ичиндеги окуяларга саресеп салабыз.

Тээ Союз кезинде, тагыраагы 1986-жылы курулушу башталган “Камбар-Ата-1” ГЭСи Кыргыз мамлекетин башкарууга келген ар бир президенттин ишке ашкыс кыялына айланганы жамы журтка маалым. Акаевдин кезинде эле ар өлкөгө кудаланып, кийин Бакиевдин тушунда бул долбоор Орусиядан колдоо таап, бирок ошол кездеги бийликтин керек болсо Кремлди да “уктатып” кеткенинен улам, кредит иретинде бериле турган акча каражаты толугу менен бөлүнбөй калган. Андан ары бул долбоорго Атамбаев киришип, кайра эле Орусия менен макулдашууга барып, курулушту теңшерик шартында ишке ашыруу сүйлөшүлгөн. Бул аралыкта кыргыз бийлигинин ар жолку “Камбар-Ата-1” ГЭСин мына эми куруп баштайбыз” деген билдирүүсү өзбек тараптын такай тынчын алып келчү. Бул жаатта өзгөчө коңшу мамлекеттин маркум президенти Ислам Каримов караманча каршы турган. Тагыраагы расмий Ташкент аталган ГЭСтин курулушуна каршылыгын ачык билдирип, атүгүл Бириккен улуттар уюмунун трибунасынан да нааразычылыгын жарыялаган күндөр болгон. Көп өтпөй,  Орусиянын өкмөтү кризиске шылтап, Атамбаевдин жогорудагы убадасы да аткарылбай, айтор долбоор кайрадан орто жолдо калган. Бирок Алмазбек Атамбаев президенттиктен кетүү алдында коңшу өлкөнүн президенти Шавкат Мирзийоев Бишкекке келип, ошол сапарда “Камбар-Ата-1” ГЭСин эки мамлекет курары жар салынган. Оозеки эле эмес, эки өлкөнүн ортосунда долбоор боюнча меморандумга да кол коюлган эле. Бирок бул долбоор кайра тыныгуу алып, ишке ашары же жогу белгисиз болуп, Жээнбековдун тушунда башка арга табылбай калганы үчүнбү “Кыргыз өлкөсү “Камбар-Ата-1” ГЭСин өз алдынча курат” деп айтылган. Ачыгын айтуу керек, буга ишенген деле адам болгон эмес. Себеби “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга 3 миллиард доллардын тегереги керектелет жана анын курулушуна 10 жылдай убакыт коротулат. Мындай кымбат баалуу жана узак мөөнөттөгү долбоорду Кыргыз өлкөсү эгемен тарыхында бир да жолу ишке ашырып көрө элек. Анткен менен аталган ГЭС оболу өлкөдөгү эң чоң ГЭС болуп курулары пландалган. Кубаттуулугу жана иштеп чыккан электр энергиясынын көлөмү боюнча да Токтогул ГЭСинен ашып түшмөк. “Камбар-Ата-1” ГЭСи ишке кире турган болсо, мамлекет электр энергиясын импорттобой, тескерисинче экспорттоп калмак.

Эми минтип, Чубактын чуусундай эле соңку 30 жылдан бери келе жаткан долбоорго президент Садыр Жапаровдун командасы да киришти. Ал бул тууралуу “Азаттыкка” берген маегинде “Камбар-Ата-1” ГЭСин Өзбекстан менен бирге куруу жөнүндө келишим түздүк. Азыр иш башталды. Кудай буюрса, ГЭСти үч жылдын ичинде куруп бүтүү боюнча максат койдук” деп билдирген. Кийин Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов “Кыргызстан «Камбар-Ата-1» ГЭСин өзүнүн күчү менен кура албайт, эгер Өзбекстан менен келишим түзүлсө, анда өзбек тарап капитал салуучу гана ролдо болот. Биринчи, экинчи пункт, келишим дегенге жете элекпиз. Болгону ниет. Эми эки министрлик келишим долбоорун түзүп, талкуулап, керек болсо талашып, ынандыра турган, кийин өкүнүп калбай турган келишимге барышыбыз керек” деди. Айтор, жогорудагы комментарийлерге караганда “Камбар-Ата-1” ГЭСи боюнча сүйлөшүү дале аягына чыга электей. Мындан улам, “Камбар-Ата” ГЭСи курулуп бүткүчө, “Камбар-Чоң ата” болуп калат” деген тамашоучу жигиттердин тамашасы эске түшөт. Сүйлөшүүнүн жүрүшү, ага ылайык, документтин эл көзүнө жарыяланышы, келишимдин шарттары белгилүү болгонуна жараша биз бул темага дагы кайрылып келебиз…

***
Саясатчы Өмүрбек Бабанов 100 миллион сомдун баасы менен соңку 4 жылдан бери анын артынан түшкөн УКМКдан кутулду. Тагыраагы ага карата козголгон буга чейинки бардык кылмыш иштер зыян тийгизүү фактысы табылган жок деген жүйө менен дүңүнөн жабылды. Бул иштердин баары анын 2017-жылы талапкерлигин койгон президенттик шайлоодон кийин козголгону маалым. Соңку жолу Бабанов суракка ушул жылдын башында, тагыраагы 9-январда УКМКга суракка барган. Өзү бул тууралуу Сооронбай Жээнбековдун тушунда саясий негизде козголгон иштер жана бул саясий куугунтук” деген эле. Бабанов өткөн жылдын октябрь айындагы окуялардан кийин ноябрь айында Садыр Жапаров менен жолугуп, аны колдой турганын айтып, президенттик шайлоого катышпай турганын жарыялаган. Кийин февраль айында да президент менен жолугушкан. Ал эми коомчулукта көп суроолорду жараткан 100 миллион сомго келсек, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бул боюнча Бабанов менен сүйлөштүк, казынага жардам берди. Ким мамлекеттик казынага жардам берем десе, бере берсин. Бабановдун колунда бар, мүмкүнчүлүгү бар жигит” деди. Мындай бюджетке жардам деген окуя соңку иштердин ичинен биринчи жолу болду. Эми мындан ары Өмүрбек Бабановдун саясаттагы жолу кандай болору азырынча белгисиз. Эл аралык республикалык институту жүргүзгөн “Саясатчылардын же коомчулукка белгилүүлөрдүн ичинен кимисине эң көп ишенесиз?” деген соңку сурамжылоосунда эң көп ишеним жоготкон саясатчы Өмүрбек Бабанов болгон эле…

***
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин ысымы кыргыз-өзбек мамилесинин тарыхый чечимдери кабыл алынган окуяларда калары айтылып жатат. Эки мамлекеттин ортосундагы чек ара маселеси 100 пайыз чечилди, мындан ары талаштуу тилкелер болбойт деген сөздү баарынан мурда чек арага чектеш жашаган, анын ысык-суугун өз жону менен сезген, маал-маалы менен чырдан улам далай зыян тартып, атүгүл кээде ок чыгарууга чейин жеткен учурларда жанын оозуна тиштеп жашагандар көп жылдардан бери күтүп келген. Ташиев бир катар чек арага байланыштуу башка маселелерге да токтолду. Сох анлавындагы Кайтпаc, Өтүкчү посттору 1-апрелден тартып ачыларын, бирок бул коридор берүү дегендик эмес экенин айтты. Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанда калары, бирок сууну эки өлкө пайдаланарын, Орто-Токой суу сактагычы Кыргыз өлкөсүндө калганы менен, суусун коңшу өлкө иштетерин билдирди. Баса, Барак анклавынын тээ 2017-жылы эле Өзбекстанга өтүп кеткени да ачыкталды. Ушул жана башка жагдайлар УКМКнын төрагасынын айтымы менен коомчулукка маалым болду. Айтылбай калганы барбы же жокпу белгисиз. Эми парламентте документти ратификациялоо иши турат. Эгерде күтүлгүс окуя жаралса да, дал ушул Жогорку Кеңештеги талкууда болушу ыктымал.

Эки чылбырды бир колго алган Камчыбек Ташиев коррупциялык иштер боюнча да суроолорго жооп берип, паракорчулук менен күрөшүүдөн 4 миллиард сом чогултулганын айтты. Учурда коррупционерлерге убактысы жок да болуп жатканын билдирди. “Коррупцияга шектелгендер зыяндын ордун толтурса эркиндикке коё беребиз. Башка жолу жок. Алардын баарын эле абакка жибере албайбыз. УКМКда болгону 70 орун бар. Төлөсө чыгат, төлөбөсө мажбурлайбыз”, — деди комитеттин башчысы. Дал ушул 70 орундун ээленгенинен же бош калышынан, ошондой эле 70 орундун бирине талапкер болгондун чөнтөгүнүн кагылышынан коррупцияга каршы күрөштүн жакынкы ыргагы термелип же тыныгуу алып турат көрүнөт…