Бүгүн күнгө жекшемби, 24-январь. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына элдин нааразы болуп чыкканына 4 айга чукул убакыт өттү. Туура жарым ай мурда президенттик шайлоо өтүп, анда Садыр Жапаров соңку убакта болуп көрбөгөндөй колдоо менен утуп чыгып, мамлекетти башкаруунун президенттик формасы тандалды. “Аптага серептин” бул чыгарылышында биз бул жуманын ичинде жакын арада чуулуу кармоолор менен коштоло турган окуянын тегерегинде саресеп салууну туура көрдүк.
***
Бул аптанын эң чуулуу окуясы – бул албетте, экс-президент Сооронбай Жээнбеков жетектеген бийликтин коронавирус илдетине каршы жүргүзгөн күрөшүнүн көшөгө артындагы быкыйларынын улам бирден ачыкка чыга баштагандыгы болду. Бирок эң башкысы бул – аталган оорудан каза болгондордун саны эселеп көп болгондугунда жана ар бир адамдын өмүрүнө азырынча эч ким жоопко тартыла электигинде болуп жатат. Кандай алешемдиктерге жол берилгени тууралуу социалдык блок боюнча жооптуу вице-премьер, пандемиянын кесепетин иликтеп жаткан ведомстволор аралык комиссиянын башчысы Эльвира Сурабалдиева айтып берди.
2020-жылы Кыргыз өлкөсүндө буга чейин тарыхта болуп көрбөгөндөй адамдардын эң көп саны көз жумган. Улуттук статистикалык комитети жана Каттоо кызматынын маалыматы боюнча, 1990-жылдан 2019-жылга дейре өлкөдө жыл ичинде 30 миңден тартып 38 миңге чейинки аралыкта өлүм катталып келген. Эгерде соңку 5 жылды ала турган болсок, 2016-2017-2018-2019-жылдары көрсөткүч бир деңгээлде туруктуу сакталып 33 миңдин тегерегиндеги киши каза болгон. Анан эле 2020-жылы бул дүйнө менен кош айтышкандардын жалпы саны 40 миң 156 адамды түздү. Өзүңүз кулагыңыз менен уккандай, өткөн жыл менен ага чейинки төрт жылдын айырмасы 7 миңдей кишинин санынан туруп жатат. Эми расмий статистикага келели, 2021-жылдын 1-январына карата коронавирустан улам көзү өтүп кеткендердин саны 1 миң 356 адам деп берилген. Ортодон келип чыккан дээрлик 5 эсеге көп айырмачылык өтө эле оркойгон абалда турат.
1, 2, 3 жана башка ушул өңдүү санга жашырып берген менен ар бир ошол сандын артында бүтүндөй адамдын өмүрү, анын максаты, тилеги, үмүтү, ыйлап кала берген үй-бүлөсү, тууган-уругу, дос-жары турат. Алардын убалы кимге? Дал ушундай ондогон-жүздөгөн суроолоруна жооп таппай турган коронавирустан жакынын жоготкон жарандардын тобунун катарында Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбековдун кызы Айдай Турсунбекова да бар. “Башкы фактор – бул убакытты өткөрүп жиберишкен” деген ал.
Ак халатчандардын ичинен биринчи болуп коронавирустан каза болгон Жүзүмкан Көкүмбаева, саясий ишмер Мукар Чолпонбаев, режиссер Бакыт Карагулов, журналист Бүбүкан Досалиева, экс-депутат Алмамбет Шыкмаматовдун жубайы Жанара Турдакунова, саясий ишмер Чыныбай Турсунбеков, дин аалымы Чубак Жалилов, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Жыргал Көбөгөнова, студент жана ыктыярчы Адинай Мырзабекова, саясий жана коомдук ишмер Жыпар Жекшеев… Бул эл тааныган ысымдар аты жаман оорудан жакшы боло албай, шум ажал колдон сууруп кеткендердин бир уучу гана… Аты аталбай калган жарандар миңдеп саналарын жогоруда айтып өттүк. Бийлик бүтүндөй өлкөгө өзгөчө кырдаал, бир нече чоң аймактарга өзгөчө абал режимин киргизип, элди үйгө камаган учурда эмне кылып отурду, эмне үчүн тийиштүү даярдык көрүлгөн жок, шалаакылык жана аракетсиздик үчүн ким жооп берет? Коронавирустан улам каза болуп, бирок өлүм себебин башка ооруга шылтап жазгандар эми эмне болот? Ар бир мүнөтү адам өмүрүнө тете чыккан убакыттан уттургандарчы? Коронавирусту дарылоо боюнча протоколду жашырган аткаминерлер жоопко тартылабы? Сырттан келген гуманитардык жардамды, грант иретинде келген акча каражатын мойсогондор кармалабы? Баары менин жеке көзөмөлүмдө деп элди ишендирген Сооронбай Жээнбеков эмне болот? Сыймык Жапыкеев жетектеген Финпол улам бир аткаминерди эрмектегенсип күбө катары эле чакырып кутулбайбы? Кылмыш иштери кайсы мекеменин алкагында уланат? Коронавирус азыр деле жок болуп кеткен жок, аталган илдетке каршы жаңы бийлик кандай чара көрүп жатат? Ушул жана башка соболдор азырынча жообун таба элек.
Пандемия кезиндеги иш боюнча бүгүнкү күнгө карата 10дон ашуун кылмыш иши ачылган. Иликтөө иштери жүрүп жатканы жана ал жыйынтыкталган соң укук коргоо органдары тарабынан ысымдар да жарыяланары айтылды. Азырынча мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев гуманитардык жардам боюнча шектүү катары өтүп жатат, ал учурда үй камагында. Экс-премьерлер Мухаммедкалый Абылгазиев менен Кубатбек Боронов күбө катары суракка чакырылган. Ошондой эле суракка чакырыла тургандардын катарында пандемия учурунда кызматын таштап коюп, шайлоого кетип калган мурдагы вице-премьер Аида Исмаилова да бар.
Жогоруда сөз болгон ведомстволор аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгы кийинки аптада Коопсуздук кеңешинде каралат дешти. Коопсуздук кеңешин мамлекет башчы жетектей турганы маалым жана бул президенттик кызматка кирише турган Садыр Жапаровдун алгачкы жыйыны да болуп калат. Инаугурацияга карата командасынын даярдыгы ансыз да бир катар көйгөйлөр чечилбей жатканынан сиркеси суу көтөрбөй калган коомчулуктун жемесине калды. Бул абалдан “кабары жок болчу” деген актоо менен Садыр Жапаров өзү куткарып кетти. Эл бийликтен тез арада ишке киришүүнү, ал иштен көзгө көрүнүктүү жыйынтык чыгуусун чыдамсыздык менен күтүүдө. Ал иштин бири – бул өткөн бийликтин кетирген кемчиликтери, пандемиянын кесепети, андан жаралган кризис. Ушундай орго түшүргөн, туңгуюкка кептеген абалга жеткиргендер көз жаздымда калса, анда сабак чыгарбай эле улам бир тырмоокту басканыбыздан жазбай калабыз…