Бүгүн күнгө жекшемби, 14-февраль. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына элдин нааразы болуп чыкканына 4 ай 10 күн, Сооронбай Жээнбековдун отставкага кеткенине 4 ай, президенттик шайлоо өтүп, анда Садыр Жапаров утуп чыкканына 1 айдан ашуун убакыт өттү. Өткөндү эске салып туруу – бул баштан келе жаткан аталган берүүнүн айныгыс бир бөлүгү. Кыргыз өлкөсү элдин нааразычылыгы менен коштолгон дагы бир бийлик алмашууну башынан өткөрдү. Ошондон бери өзгөрүүлөр болуп жатабы же жокпу? Убадалар унутулуп калбадыбы? Айта берет, сөзүнөн кайта берет болбой элеби? “Аптага серептин” бул чыгарылышында биз бул жуманын ичинде орун алган көп окуялардын ичинен урунттууларына саресеп салууну чечтик.
***
Аптанын эң чуулуу ишине айланып бара жатып, бирок тык токтогон окуя – бул Максат Токтомушев болду. Жуманын башында ал ушул жылдын апрель айында өтө турган курултайда үчүнчү ирет муфтийликке талапкерлигин коёрун билдирген эле. Бирок аны бул кызматтан түшүрүү аракеттери жүрүп жатканын да жашырган эмес. Ошондой эле Кыргыз мамлекетинин мусулмандарынын диний башкармалыгы 2020-жылы ажылыкка деп берилген зыяратчылардын бардык акчасы кайтарыларын маалымдаган. Анда коронавирус илдетинен улам зыярат болбой калганы, баары 18 миллион 500 миң доллардын тегерегинде чогулуп, анын ичинен 7 миллион доллардан ашууну 2 миң 488 Кыргыз жаранына кайтарылып берилгени айтылган. Ажылыкка барууга өлкөдө 9 миң 586 адам катталган. Анын ичинен 5 миңден ашууну ажылык зыяратка 3350 доллар, 4 миңдейи 500 доллардан төлөгөн.
Муфтият отчёт берип жаткан учурда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башчылыгынан Акин Токталиев бошотулду. Ушул окуяга удаа эле Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Кыргыз мамлекетинин мусулмандарынын диний башкармалыгында финансылык махинациялар аныкталганын маалымдап, анын башкы эсепчиси кармалганын билдирген. Махинация дегенде кандай? УКМКнын маалыматы боюнча, муфтият ажылыктын акчасынын 100 миллион сом тегерегиндеги сумманы жеке финансылык түзүмдөргө берип, андан ай сайын үстөк пайызын алып турган. Бул фактылар ачыкка чыккан учурда муфтияттын жетекчилиги УКМКнын кызматкерлерине ишти токтотуу жана жашыруу үчүн 100 миң доллар сунуштаганы айтылды. Бул жаңылык аш боло электе Максат Токтомушев муфтийликтен мөөнөтүнөн эрте кетерин жарыялап, ошол эле күнү кечинде кармалды. Ушул жерден айта кетүү керек, Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында муфтийлерге байланыштуу чуулар жана кылмыш иштер көп болгону менен муфтийдин өзүнүн кармалышы биринчи жолу болду. Ошондон уламбы, резонанс жаратып, коомчулукта түркүн пикирлер орун алып, сотто бөгөт коюу чарасы каралып жаткан кезде Максат Токтомушев үй камагына чыгарылды.
Президент Садыр Жапаров берген маегинде кептин баары акчадан улам келип чыкканын билдирди. “Алар ажылыкка деп чогултулган акчадан 7 миллион 700 миң доллар алып, аны сомго которуп, пайда көрүү үчүн банкка пайыз алууга жайгаштырган. Бул аралыкта доллар 15 сомго кымбаттап кетип, алар 685 миң доллардын тегерегинде зыян тартышкан. Андан тышкары өткөн жылдын август айында 155 миллион сомун бир фирмага которушуп, ал фирма партиялардын бирине шайлоого берген” деди өлкө башчысы. Ошондой эле Максат Токтомушевдин кармалышы саясий иш дегендердин сөзүн Садыр Жапаров да, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да төгүнгө чыгарды.
Айтор, бул чуулуу окуя азырынча Максат Токтомушевдин үй камагына чыгарылышы менен тыныгуу жарыяланды. Бул кресло күрөш беле, акча күрөш беле же ошонун арты менен шайлоого иштетип жиберген деген партиялардын биринин төбөлдөрүнө чыгуу үчүн күрөш беле, мунун баарын жакынкы аралыктагы иликтөө иштери аныктайт. Шайлоонун тегерегиндеги акчага байланыштуу буга чейин президенттин парламенттеги мурдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаев кармалып, учурда УКМКнын тергөө абагында. Ал эми кичи ажылык зыяратка кетип, 10 күндөн кийин өлкөгө кайтат деген экс-президент Сооронбай Жээнбековдон азырынча дайын жок…
***
Аптанын дагы бир чуулуу иши “Раим-миллион” деп атыккан персонанын тегерегинде болмок. Бирок Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иши биринчиден жабык жана экинчиден чагылгандай тездик менен каралуусунан улам журналисттер четте калып, жалпы коомчулук түшүнүп-түшүнбөгөн бойдон калды. Адатта резонанс жараткан коррупцияга байланыштуу соттук процесстер жылдап созулат, а бул жолу Райымбек Матраимовго келгенде отурум экинчи кароо менен аяктап калганына көбү нес болду. Биринчи процесс 9-февралда өтүп, ага журналисттер киргизилбей, чагылдырууга тыюу салынып, башталганынан аяктаганы бат болуп, 18-февралга жылдырылган. Бирок эки күндөн кийин эле соттук иш белгиленип, анда заматта Райымбек Матраимов күнөөсүн моюнуна алып, прокурор кызматташуу тууралуу макулдашуунун бардык шарттары аткарылганын айтып, 260 миң сомдук айып пулга жыгууну сурап, сот аны канааттандырып берди. Ошондой эле өкүмдө айыпталуучуга карата буга чейин чыгарылган бөгөт чарасы алынып, мүлктөрүнөн жана банктагы эсептеринен арест да алынды. Ошентип, 20-октябрда кармалган күнү биринчи жолу сотко баш баккан Райымбек Матраимов ал иштен соттук имаратка эки жолу кирип чыгуу менен кутулду.
Баарынан кызыктуусу Райымбек Матраимов баш болуп, анын адвокаттары, атүгүл мамлекеттик айыптоочу катары иштин бир тарабында болгон прокурор соттук процессти чагылдырууга келген журналисттерден жан алгычтай эле жаа бою качып жүргөнү болду. Кийинчерээк “Фактчек” басылмасы ал прокурордун бажы кызматкерлери менен илик-чатышы бар экенин таап чыкты. Тагыраагы, анын бир тууганы Түштүк-Батыш бажысында иштегенин аныкташкан. Эч бир тарап комментарий бербей койгону үчүн коомчулукта суроо да, талкуу да үйүлө берди. Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу өз позициясын билдирди. Анын айтымында, Райымбек Матраимовдун жогорудагы соттук иши бул бир эле эпизод. Балким, жалгыз эле эпизод да болуп калышы ыктымал. Жапаров УКМК ага Дубайдагы ишмердиги, банк эсептери жана мүлктөрү тууралуу маалымат изделип жатканын айтып, эгерде алардан жооп келсе, анда иликтөө уланарын айтат. Мындайча айтканда, уланабы же уланбайбы белгисиз. “Биз ошондой эле ар жекшемби күнү өтүп жаткан митингдерди каржылап жаткан күчтөрдү билебиз. Алардын таасирине берилбегиле” дейт президент. Сөз болгон акция бүгүн да өтүп, ал “Раим камалсын” деген талап менен журналист Али Токтакуновдун катышуусунда орун алды. “Бийлик Райым баштаган коррупционерди коргобосун, жоопко тартсын, уурдалган эл ырыскысын толук кайтарсын. Коррупцияга, акыйкатсыздыкка каршы күрөш токтобойт” деди анда журналист. Айтор, бийлик менен жарандык коомчулуктун ортосундагы тиреш эми гана башталды көрүнөт.
Бул аралыкта социалдык тармактарда бир эле адамдын эки башка позициядагы видеосу талкуу жаратып жаткан кези. Трейлер бир канча жагдайлары менен кызыгуу жаратат. Биринчиден, Райымбек Матраимовдун коррупциялык схемаларын айтып чыкканым үчүн камалдым деген Эмилбек Кимсанов буга чейинки бардык сөзүм калп болчу дейт. Кимсановдун ысымы элге Матраимовдун ысымы менен чырмалышып таанылган. Бажы кызматынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсанов башка бажы кызматкери Автандил Конгантиевди токмоктоого шектелип өткөн жылдын февраль айында Орусиядан кармалып келген. Жубайы Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов аны кылмыштуу ишке түрткөнүн айткан видеосун жарыялаган. Эмилбек Кимсанов октябрь айындагы окуяларда бошотулган. Мындан улам, сөзүнөн танып кеткен адамдын азыркы сөзү ишеним жаратабы, албетте, ал жагы да күмөн жаратат. Экинчиден, азыр гана калп деп жаткан ал сөздөрдү буга чейинки бийликтин өкүлдөрү тарабынан мажбурланып айтылган, мурунку бийлик кысымга алып сүйлөткөн учурлар дейт. Ошондо кандай болуп калат? Эски бийлик бул Сооронбай Жээнбековдун бийлиги болуп калабы? Кайсы сөздөр деп калдыңызбы? Анда ушул эле Эмилбек Кимсанов “Райымбек Матраимов бажыда бир күндө 7 миллион доллар табат” деген. Ал эмненин башын эми гана кылтыйтып жатат? Жакын арада баштала турган күрөштө Кимсанов кимдин куралына айланат? Жыйынтыктап алганда, Кимсановдун жакын арада ачыктайм деген билдирүүсүнүн уландысын күтүү калды.