Аптага сереп: Матраимовдор Кыргыз өлкөсүнөн биринчи болуп АКШнын «кара тизмесине» кирди

Бүгүн күнгө жекшемби, 13-декабрь. Президенттик шайлоого жана референдумга 1 айдан аз убакыт калды. Мөөнөттү эске салуу бөлүгүнө 4-октябрдагы митингди алып салып, референдумдун кошулуп калышы бекеринен эмес. Жаңы Баш мыйзамды кабыл алуу аракетинен башталып, бирок ал иш өлкө ичиндеги саясатчылардын жоон тобу, жарандык коомчулук тарабынан катуу сындалган соң, мамлекетти башкаруу формасы боюнча суроону элдин добушуна коюуну алып чыга калуу – мунун баары бийлик үчүн күнү бүткөндүн мөөнөтү эсептеле баштагандын белгиси болуп калышы ыктымал. Ушул жана башка жума ичиндеги башкы окуяларга “Аптага серептин” сегизинчи чыгарылышында саресеп салып көрөлү.

***
Аптанын башкы окуясы – Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун, буга удаа эле анын жубайы Уулкан Тургунованын да АКШнын “кара тизмесине” киргендиги болду. Орусия үчүн өтө тааныш болуп калган бул “кара тизменин” таржымалы эми Кыргыз өлкөсүнө да жаңылык болуп башташы ар кандай суроолорду жаратат. Андыктан, кыскача маалымат берип өтөлү.
“Магнитскийдин тизмеси” деп атыккан иштин тарыхы мындан 13 жыл мурда Орусиянын бюджетинен тарыхында болуп көрбөгөн эң чоң сумманын уурдалышы менен башталган. Бул чуулуу окуя аудитор болуп иштеген Сергей Магнитскийдин адегенде кармалып, кийин түрмөнүн ооруканасында каза болгондугу менен аяктаган. Мындан улам, 2010-жылы АКШнын парламенти тарабынан Мамлекеттик департаментке Орусиянын 60 аткаминеринен турган тизме берилген. Алардын баары жогорудагы чуулуу окуяга жана Магнитскийдин өлүмүнө тиешеси бар делген адамдар болгон. 2012-жылы мыйзам долбооруна ошол учурдагы президент Барак Обама кол коюп, анда мамлекеттик катчыга Конгресстин макулдугу жок эле санкция салган тизмеге чет өлкөлүк коррупционерлерди жана кылмышкерлерди кошууга укук берилген. Санкция дегенде, анда тизмеге кирген адамдын АКШнын көзөмөлүндө болгон мүлкү жана активдери арестке алынат, америкалык виза ала албайт жана АКШнын аймагына кирүүгө тыюу салынат. Мыйзам жогоруда айтылгандай Орусиядагы адам укуктарын бузгандарга тиешелүү болчу, бирок 2016-жылдын аягынан тартып ал мыйзам дүйнөдөгү бардык өлкөлөргө карата иштей баштаган. Ошондой эле Магнитскийдин ишине тиешеси жоктор да “кара тизмеге” киргизилип калган.
Эми Кыргыз өлкөсүнө кайтсак… Буга чейин Кыргыз жарандарынын ичинен кримтөбөл атыккан Камчы Көлбаев, анын оң колу делген Алмамбет Анапияев, жан сакчысы делген Адилет Касеновдун мындан 8 жыл мурда АКШнын “кара тизмесине” киргендиги маалым болгон. Андан бир жыл мурда Көлбаевге Барак Обама эң кооптуу “баңгизат падышаларынын”  тизмесинен орун берген. Бул окуя бир эле Кыргыз өлкөсүнөн эмес, жалпы постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен алгачкы ирет “кара тизмеге” кирүү катары эсте калган. Жогорудагы үч адамдын аты кримчөйрө менен тыгыз байланышта болсо, ал эми саясий чөйрөдөн Райымбек Матраимовдун АКШнын каарына калышы жана башкы коррупционер атыгышы – бул өлкө үчүн биринчи жолу болуп жаткан иш. Мындан ары эмне болот?
Райымбек Матраимов учурда УКМКнын кылтагында турат. Анын өлкөдөн чыгып кетүү үчүн аты-жөнүн өзгөртүп, паспорт жасатканына карабай, тергөө менен кызматташканы жатат деген жүйө менен камакка алынбаганы белгилүү. Ноябрь айынын аягына чейин төлөнүп бүтүшү керек болгон 2 миллиард сом толугу менен бюджеттин эсебине которула элек, бирок ушул күнгө дейре акчаны төкмөй уланып жатат. Мөөнөт боюнча келишимдин бузулушу азырынча бөгөт чарасына таасир тийгизери же жогу белгисиз. Коррупцияга каршы күрөшүү – бул дээрлик ар бир такка келген ажонун куру чакырыгы. Куру чакырык болгону үчүн да дал ушул аты бар, бирок заты жок күрөш үч президентти бийликтен алып түштү. Азыр бул күрөштүн башында мыйзамдуу түрдө президенттикке аттанган Садыр Жапаров эмес, президенттин милдетин убактылуу аткарып жаткан Талант Мамытов эмес, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматты дээрлик эки айдан бери башкарып жаткан Камчыбек Ташиев турат. Ал бир жыл мурда “Майдан.кж” гезитине берген маегинде минтип айткан: “Азаттыкта” көтөрүлгөн иликтөөдөгү Али Токтакуновдун сөздөрү жалган. Журналисттердин жасалма документтери эмес, анын айыбын далилдеген документтер чындап бар болсо, жоопкерчиликке тартпай коюшмак беле? Мындай болсо, анда мен биринчилерден болуп аны жоопкерчиликке тартууга чакырмакмын. Далил бергиле, көрсөткүлө, алар жок болсо, анда анын бүт үй-бүлөсүн кошуп каралоо, аларга жалаа жабуу – адилетсиз”.
Ташиевдин бир жыл мурдагы Матраимовду күнөөсүз деген өңүттөгү айтымынан алып караганда, Матраимовдун 2 миллиард сомду төлөп берүү макулдугу кандайдыр бир деңгээлде өзүнө карата чыгарган өкүмүнө тете болуп калды. Ал өкүм эми АКШнын билек түрө киришүүсү менен чыныгы өкүмдөргө айланабы? Жакынкы күрөш ушул суроонун тегерегинде өнүгөт…

***
10-январь күнү президенттик шайлоо менен кошо референдум да өтөт. Өткөн аптада кворум жок болуп калып, добуш берилбей калган мыйзам долбоору  бул аптада эки күн ичинде эле үч окууда кабыл алынып, түнгө карай президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов да кол коюп, айтор бийликтин Баш мыйзам деген баш оорусу басаңдай түштү. Ошентип башкаруу формасын аныктоодо 3 суроо тандоого коюлат. Алар: президенттик республика, парламенттик республика жана баарына каршы.
Мыйзам долбоору парламенттин жыйынында каралып жаткан учурда Өмүрбек Текебаев баш болгон депутаттар каршы болушту. Тагыраагы Дастан Бекешев, Наталья Никитенко, Каныбек Иманалиев, Рыскелди Момбеков көпчүлүктүн алдында азчылык болуп калышты. Мыйзам долбоорунун автору боло калган Акылбек Жапаровдон сырткары Умбеталы Кыдыралиев, Максат Сабиров, Бакыт Төрөбаев, Кожобек Рыспаев, Мирлан Бакиров, Өмүрбек Бакиров мыйзам долбоорун палатадан алып өтүүдө салым кошушту. Өзгөчө экинчи Бакиров референдум өткөрүү керек деген тараптын таламын жакшы талашты. Өмүрбек Бакиров соңку шайлоодо “Биримдик” партиясынын тизмесинде Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон, бешинчи чакырылышта “Ата журт” партиясынан, алтынчы чакырылышта КСДПдан депутат болуп шайланып келген. Талаштуу маселелерде депутаттардын оң же солдо болуу баасы кымбат турат, андыктан кийинки парламенттик шайлоодо Бакиров партиясын дагы алмаштырат өңдүү. Бирок парламентке келүүнүн баасы, болгондо да Асылбек Жээнбековдун бийлик алмашкандан бери биринчи жолу жыйынга катышуу баасы көбүн кызыктырып турат. Ал жогорудагы мыйзам долбоорунун бардык үч окуудагы добуш берүүсүнө катышып, макул деген учурда колун активдүү көтөргөнү менен бир да жолу сүйлөгөн жок.
Референдумга келсек, башкаруу формасын аныктоону добуш берүүгө алып чыгалы деп элге жамынуу – бул бийликтин дагы бир амалдарынын бири гана деген сындар бүгүн арбын. Анын үстүнө президенттик башкаруу тандалсын деген арык чабуу башынан эле башталганы белгилүү. Бийликтин бир колго топтолушу эмнеге алып келерин Март, Апрель, Октябрь окуясы көрсөттү. Ага карабай, айрым саясий топторго ал сабактар аз болгон көрүнөт…

***
Президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөткөн 65 жаран улам бир электен өтүп отуруп, соңунда 18и талапкер болуп катталды. Башкы күрөш Адахан Мадумаров менен Садыр Жапаровдун ортосунда жүрөт делгени менен, Канатбек Исаев, Клара Сооронкулова, Бактыбек Калмаматов, Курсан Асанов, Каныбек Иманалиев, Равшан Жээнбеков, Улукбек Кочкоров жана Абдил Сегизбаевдин бул күрөштө ролу кандай болору бүдөмүк. Буга Садыр Жапаровго өзүн оппонент катары көрсөткөн Садык Шер-Нияздын бир эле чайлашып койгонунан кийин позициясын өзгөртүп жибергени да таасир этпей койбойт. Бул аптада Адахан Мадумаров баштаган бир катар талапкерлер Садыр Жапаровдун президенттик шайлоого катышуусуна каршы болушту. Буга чейин да Садыр Жапаровго каршы багытталган талапкерлердин катышуусунда ушул өңүттөгү эле маалымат жыйын болуп өткөн. Дагы чайлашуулар болобу же ары-бери чакырмайлар болобу? Бүгүн УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин тарапташы Дүйшөнбек Чоткараевдин кармалганы маалым болду. Бул иш боюнча Сегизбаев буга чейин “саясий кысым болуп жатат” деп комментарий берген. Бул башталышы элеби же башкабы? Ал эми шайлоонун эң кызыктуу бөлүгү үгүт кампаниясы жүрүп баштаган маалга туура келет. Үгүт иштери бүрсүгүнү башталат. Эшикте болсо кычыраган кыш. Социалдык тармактарда кимдин армиясы күчтүү, кимдин фейктери көп, кимдин комментарийи уу, кимдин компроматы бомба? Дал ушул суроолордун жооптору көптү чечип калышы ыктымал… Бирок ал эффекттин таасири көпкө кармалабы, “өтө кызыл бат оңот” болбойбу, бул таптакыр башка маселе, таптакыр башка баш оору…