Аптага сереп: Матраимовдун тоюна топурап барган саясатчылардын жоон тобунан 1 гана депутат калды

Бүгүн күнгө жекшемби, 21-февраль. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына элдин нааразы болуп чыкканына 4 жарым ай өтүп, жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна 1 жарым айдай калды. Ошол эле күнү Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча референдум да өтүшү мүмкүн. Бирок буга чейин “хоп” дегенден башканы билбей келген Жогорку Кеңешке бул аптада жан кирип, Конституциянын жаңы долбоорун сынга алган депутаттардын тобу ойгонду. Шайлоо жакындаганда саясий упай топтоо аракетиби же “президенттик башкарууга өтсөк, анда биз эмне кылабыз?” деген суроого жооп издөө кезеги эми гана келдиби, айтор, жакынкы күндөрдө парламенттик жыйындар «ысык» боло баштайт көрүнөт. Баш мыйзамдын жаңы көйнөгү тууралуу талкуулоого дагы убактыбыз бар. Андыктан “Аптага серептин” бул чыгарылышында биз бул жуманын ичинде “кайдасың, бийлик?” жана “бар экенсиң го, бийлик” деген реакция жараткан эки чоң окуяга саресеп салууну чечтик.

***
“Аягында айтаарым, мага карата ыксыз каралоону, калпты чындай кылып жаманатты кылууну токтотпосоңуз, мындан ары жөн отурбайм. Сиз менен күрөшүүгө менде да жетиштүү маалыматтар жана күч-кубатым бар”. Бул сөздөр кимге таандык эле жана кимге багытталган эле эстедиңизби? Эки жыл мурда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге азуусун көрсөткөн кайрылуу жарыялаган. Керек болсо, ага чейин сүрөтү да саналуу болгон адамды видео аркылуу көргөн коомчулук “Баягы, “Раим-миллион” деген ушул тура” деп адегенде таңданышып, кийин анын көмүскөдөн чоң саясатка, чоң күрөшкө аттанып чыгуусун катуу сынга алышкан.
Мына ошол видео кайрылуунун жарыяланганына эки жылга жетпей, бул аралыкта анын айланасындагы узун кептер 3 күн мурда Матраимовдун кармалышына жана кечээ сот тарабынан эки айга камакка алынышына алып келди. “Аптага серептин” өткөн чыгарылышында мурдагы чиновникке карата чыккан соттук чечимдин өтө эле сыпайы болуп калганын айтып, “Матраимов” деген сыйыртмак эми жаңы бийликтин моюнуна салынабы?” деп суроо салганбыз. Бир четинен алып караганда, баарын толугу менен көзөмөлүнө ала элек жаңы бийликтин башкы убадаларын аткаруу жана элдин талабына баш ийүүдөн башка жолу жок. Мындайча айтканда, бул чечим утурумдук жана популисттик кадам деле болуп калышы ыктымал. “Факты бергиле” деп кол куушуруп, кайра элине догурунган Сооронбай Жээнбеков эмне болгонун деле көрдүк. Экинчи жагынан алып карасак, жаңы бийликтин кимисин алба, анын коррупцияга каршы күрөш деп аталган төш каккан күрөшү кайсы бир кланды чоң саясаттан сүрүп чыгаруу үчүн болобу, же өлкөдөгү ансыз деле чектелүү ресурстар үчүн өз көмөчүнө күл тартуу болобу, мунун баары элитанын кайсы бир тобуна каршы жарыяланган согуш болуп саналат. Коррупцияга белчесинен батып, ансыз жашоо мүмкүн эместей болуп калган Кыргыз мамлекетинде жогоруда айтылган элитанын эмненин эсебинен байыганын айтпасак деле түшүнүктүү.

Матраимов эмне үчүн октябрда эле эмес, андан туура төрт ай өткөндөн кийин гана камакка алынды? Эсиңиздерде болсо, Садыр Жапаров өкмөт башчылыкка кайра-кайра бекитилип жаткан учурда эски аянтта “Раим- миллион« камалат. Мен азыр толук кандуу ишке кирише элекмин. Киришкенден кийин кармалат” деп убада берген. Дал ушул видео кандайдыр бир деңгээлде бийликке эске түшүрүп туруу, аны менен басым көрсөтүү катары да колдонулду. Матраимов биринчи жолкусунда коррупцияга шектелип кармалып, кайра ошол эле күнү үй камагына чыгарылганда Жапаров “камаганда эмне, андан көрө кустуралы” деп оюн өзгөртүп, соңунда өткөн аптада “тергөө иштери дагы уланат” деген чекке келип калган эле. Тергөө эмнеге алып келди? Матраимов кылмыштуу кирешени адалдоо боюнча жаңы иштин алкагында кармалды. Баса, бул берене ушул эле аптада “Женго” деген каймана аттуу кримтөбөл Кадыр Досоновго карата да козголду. Кошумчалай кетүү керек, кримтөбөлдүн болгон мал-мүлкүн, байлыгын УКМК фото жана видеолордун коштоосунда көрсөттү. Мындай “тасма” Матраимовдун байлыгына байланыштуу да тартылабы, тартылган болсо, элге ал көрсөтүлөбү азырынча белгисиз. Иштин өзүнө кайталы…

УКМК Матраимовго карата ачылган экинчи берененин аталышын эле бергени менен калган чоо-жайы боюнча маалымат бере элек. Өткөн аптада журналисттерден комментарий берүүдөн баш тарткан адвокаты кечээ медиа өкүлдөрүнө жумшарып калганы байкалганы менен, иштин чоо-жайы тууралуу тыңгылыктуу маалымат бере алган жок. Чуулуу журналисттик иликтөөлөргө байланыштуубу? Анда Стамбулда өлтүрүлгөн Айэркин Саймаити айткан маалыматтар тууралуубу же дагы башкабы? Айтор, азырынча кайсы окуялар боюнча шектелип жатканы бүдөмүк. Буга чейин оңой жана бат эле коррупция боюнча айыпты моюнга алган Матраимов бул жолку иш боюнча күнөөнү албай жатканын адвокаты билдирди. Окуянын мындай нукта өнүгүүсү да өзүнө да күтүүсүз болгон өңдүү. Анын үстүнө кийинки козголгон беренеде тергөө менен кызматташуу каралбаганы да маалым болду. Эгерде күнөөлүү деп табылса, 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул аралыкта анын тарапташтары эки жолу Бишкекте, андан тышкары Матраимовдун туулган жери Кара-Сууда, Ошто митингдерди өткөрүштү. Эки эле жыл мурда саясатчылардын жоон тобун топтоп жүргөнү көбүнүн эсинен чыга элек, ал эми Матраимовду колдоого келгенде бир гана башы көрүнгөндөн депутат Таабалды Тиллаевди көрүүгө мүмкүн болду. Бул эми кыргыз саясатынын дагы бир табигый кубулушу деп койсок да жарашат. Айтмакчы, Ташиев чоң кызматтагы чиновниктер кармаларын жар салганы маалым. Матраимов резонанстуу иштердин башында турганы менен чоң кызматтагы деле чиновник болбогонун эске алганда, анда эртең жаңы аптанын башталышы менен чабактар эмес, киттердин кармалышы күтүлүп жатат.

Мындан ары кандай эмне болот? Тээ биздин замандын 1-кылымында жашаган философ Аврелий Августин деген болгон. Ошол акылман адам “Мамлекет адилеттүүлүктүн идеясына негизделбесе, анда ал “каракчылардын тобуна” айланат” деген. Азыркы бийлик буга чейинки бийликтин иштерин карап чыгып, эл талап кылгандай адилеттүүлүктү орнотпосо, анда жогорудагы сөзгө аш-баш дегиче жетип калганын аңдабай да калат.

***
“Кайдасың, бийлик?” деген реакцияны жараткан окуя чек арадагы жылдап созулуп келе жаткан көйгөйлөргө байланыштуу болду. Мунун башында сүйлөп жатканын сөзүнүн кандай чууга жеткирерин байкабай айтып алган өкмөт башчы Улукбек Марипов турат. Оболу Төрт-Күл суу сактагычынан башталып, ал деле унутта калып, кыргыз-тажик, кыргыз-өзбек чек араларында чыккан маселелерге келип такалды. Маселелер да ар түрдүү. Бир жерде чыр көпүрө куруудан чыкса, дагы биринде көчөт тигүүдөн, дагы бир жеринде электр энергиясын өткөрүүчү мамы орнотуудан, айтор, бул аптада бир топ эле көйгөйлөр келип чыкты. Ошондон улам да, бийлик алмашкандан кийин Чек ара кызматын да камтып калган УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жүрөгүнө жасалган операциядан 4-5 күн өтүп өтпөй, дароо эле Баткенге учту. Ага чейин аталган дубанды жетектөөгө буга чейин Коопсуздук кеңештин катчысынын орун басары болгон Өмүрбек Суваналиев жөнөтүлдү. Мындан тышкары өкмөттүн аталган облусундагы өкүлчүлүктөгү дээрлик бардык жооптуу кызматтагы адамдар алмашты. Өкмөт Баткенге расмий макам берүүнү да карап жатат, эгерде мындай статус берилсе, анда облус башчысы борбордук бийликтен көз каранды болбойт, кадрдык дайындоолордон тартып финансылык да ыйгарым укуктары болот. Бирок анын чек арадагы маселелерди чечүүгө жардам бербей турганы белгилүү. Өзбекстан менен Тажикстан менен болгон чек араны такташып бүтүү гана жана анын жыйынтыгына элдин макулдугу чекит коюшу мүмкүн.

Бийлик өкүлдөрү чек арада 9 талаштуу аймак калганын жана аталган өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр мартта жаңыланарын билдирди. Ташиев ачык эле айрым жер тилкелерди берүүгө туура келерин, ошол эле учурда айрым жер тилкелерин мамлекет ала турганын жашырган жок. Дагы бир ойлонтуучу жагдай, кыргыз-өзбек чек арасында чыккан чырда буга чейин Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчы, Алмазбек Атамбаев президент болуп турган кезде кол коюлган төрт жыл мурдагы протоколдун четин чыгарышты. Чек ара маселери боюнча өкмөттөн жана тийиштүү комиссиядан журналисттерге такай толук маалымат алуу мурдатан кыйынчылык жаратып келет. Жооп издөө көбүнесе тактоо иштери аяктай элек, бул жашыруун сыр дегенге барып токтойт. Жер бул мамлекеттики гана эмес, анда жашаган элдики. Бийлик өрт алоолонуп баштаганда түштөн кийин өчүрүүгө аракет кылбай, ошол өрттүн келип чыкпашынын алдын алуусу зарыл. Чек ара маселерин чечүүдө эң оболу анда жашаган тургундарга төрт жылдан же дагы андан көп убакыттан кийин эмес, кол коюлганга дейре маалыматты берүү приоритет болушу шарт.