Аптага сереп: Таймер кетти! Абылгазиев Жээнбековду качан сатат?

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына элдин нааразы болуп чыкканына 5 айга жакындап калды. 20 күн мурда президенттик шайлоо өтүп, жарыштан утуп чыккан Садыр Жапаров ушул аптада президенттик кызматка расмий киришти. “Аптага серептин” бул чыгарылышында биз бул жуманын ичинде Сегизбаев, Асанов, Абылгазиевдин кармалышына байланыштуу саресеп салууну туура көрдүк.

***
Президенттикке шайлоого аттангандардын айрымдары иммунитет үчүн бара жатышканын “Аптага серептин” буга чейинки чыгарылыштарында учкай айта өткөнбүз. Андыктан, кээ бир  талапкерлерге карата шайлоодон кийин кылмыш иши козголушу жана кармалышы күтүлүп жаткан окуя эле. Чү дегенде эле бул иш УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевден башталды. Адегенде ага каршы жер тилкелерине байланыштуу коррупция беренеси боюнча кылмыш иши ачылганы маалым болуп, андан көп өтпөй, таптакыр башка иш менен суракка чакырылганы айтылды. А көрсө, көзгө көрүнөр ор башка жагынан казылып, экинчи тарапта тузак жайылып турган ыкма тандалган көрүнөт. Тагыраагы убагында ызы-чуунун чордонунда калган “Белизгейт” деп атыккан иш экендиги күттүрбөй эле ачыкка чыкты. Арыз ээси экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов экендиги жана ал арыз эки жыл мурда жазылгандыгын да саясатчы өзү айтып берди. “Ал кезде Башкы прокуратура иш козгоодон баш тарткан эле. Эми Башкы прокуратура өздөрүнүн эски токтомун жокко чыгарып, Белиз окуясы боюнча негизи бар деп иш козгошту”, — деди Шыкмаматов. Кыргыз өлкөсүндө көп ишке таң калбай коюу деле жарашат, ошентсе да, жыл эсеби менен алганда, арадан 5 жыл өтүп кеткен иштин чоо-жайын эске түшүрө кетели…

2016-жылдын ноябрь айында ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушууда УКМКнын төрагасы болуп турган Абдил Сегизбаев Белиз мамлекетинин расмий органдарынан апостиль алынганын, ал документтер 2012-жылы жогорку кызматта турган 3 адам «Мегакомдун» акцияларын сатуудан түшкөн 50 миллион доллардан ашык акчаны оффшордук компанияга чыгарууга кызыкдар болгонун күбөлөндүрөрүн айткан эле. Документте ошол учурдагы депутаттар Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянованын ысымдары аталган. Ал эми «ата мекенчилер» бул документтердин жасалма экенин, бийлик оппоненттерин курулай каралоого өткөнүн айтып чыгышкан болчу. Ошондой эле ал үчөө “жалган маалымат таратып, беделибизге шек келтирди” деп Сегизбаев менен ошол кездеги президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөновдун үстүнөн арыз жазып, сотко кайрылган. Бирок ал учурда соттон утулуп калышкан. Арадан жарым жылдан кийин Атамбаевден журналисттер жогорудагы документтердин тагдырын сураганда “бул иш тастыкталбаса, анда Сегизбаев жооп берет” деген. Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин 2018-жылдын апрель айында «Ата Мекен» фракциясынын лидери болуп турган Алмамбет Шыкмаматов «Белизгейт» боюнча УКМКнын төрагалыгынан кеткен Абдил Сегизбаевге чара көрүүнү талап кылган эле. Тагыраагы ал УКМК, ИИМ жана Башкы прокуратураны Сегизбаевдин жоопкерлигин кароого чакырган. Шыкмаматов анда буга чейинки пикиринен кайтпай, Сегизбаев кызматтык абалынан пайдаланып, жалган маалымат таратканын айткан болчу. Бул иш унутта калбай, кайра эле ошол жылдын сентябрь айында Жогорку Кеңеште көтөрүлүп, УКМК Текебаев, Шыкмаматов жана Салянованын «Мегакомдо» үлүшү бар деген маалымат тастыкталбаганын, Белизден келди деп Сегизбаев Атамбаевге көрсөткөн документ жок экенин УКМКнын ошол учурда төрагасы Идрис Кадыркулов айткан. Буга удаа эле Сегизбаев “Биз аталган документтер боюнча эч кимди күнөөлөгөн эмеспиз, бул документтердин негизинде текшерүү жүргүзөбүз деп айтканбыз. «Ата Мекендин» айрым мүчөлөрү «Мегаком» боюнча коррупцияга аралашканы аныкталды” деген эле. Ушул эле оюн өткөн жылы “Саясий коктейль” берүүнө келген учурда маекте бышыктап, документтердин эл көзүнө жайылып кетишине каршы болгонун айтып берген болчу.

Эми тээ 2018-жылдагы парламенттеги жыйынга кайтсак, баарынан кызыктуусу ошол “Белизгейт” чуусу каралып жатканда Шыкмаматов каралоого кабылганын элге жеткиргени менен “Мындай окуя тарыхта кайталанбасын деп баарыбыз бата берип, чекитти коёлу” деп депутаттын жыйынтыктап койгону көпчүлүктүн таң калуусун жараткан. Арадан 3 жыл өткөндөн кийин чекит коюлган окуяны көтөрүүгө эмне себеп болду? Сегизбаевдин азыркы бийликке карата ыңгайсыз фигурага, оппозицияга айланганы эмеспи? Же Сегизбаевдин бул иштин алкагында бере турган көрсөтмөсү дагы бир оңтойсуз фигурага иш ачууга керек болдубу? Айтор, жакын арада “Белизгейт” чуусу дагы резонанс жаратат сыяктанат…

***
Сегизбаев кармалгандан бир күн өтүп-өтпөй, дагы бир президенттик шайлоого талапкер катары катышкан Курсан Асанов кармалды. УКМКнын мурдагы төрагасынын кармалышын кандайдыр бир деңгээлде аш кылууга мүмкүн болгону менен Ички иштер министринин мурдагы орун басарынын кармалышын, тагыраагы ага карата ачылган жаңы ишти айрымдар акылга сыйдыра албай жатышат. Асанов өткөн жылдын октябрь айындагы башаламандык учурунда Ички иштер министрлигинин имаратын басып алууга шектелип жатат. Жактоочуларынын айтымында, бул иш саясий негизде козголгон, себеби Курсан Асанов министрликтин имаратына ошол кезде Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп турган Өмүрбек Суваналиевдин тапшырмасы менен барган. Ушул жерден белгилей кетүү керек, ысымы аталган экөө тең жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тизмесинин катарында Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болушкан эле. Баса, ошол учурда иш ордун таштап, изин сууткан Ички иштер министри болуп турган Кашкар Жунушалиевдин бүгүнкү күнгө дейре дайыны белгисиз.

Кийинчерээк бөгөт чарасы каралып жаткан кезде Ички иштер министринин мурдагы орун басарына карата “бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук көрсөтүү” боюнча берене да тагылганы маалым болду.

Курсан Асанов өткөн жылы октябрь айындагы массалык башаламандык боюнча кармалып, кийин ноябрь айында үй камагына чыгарылган эле. Президенттик шайлоого катышып жаткан учурунда анын жубайы алдамчылыкка шектелип жатканы маалым болуп, сурак берип жаткан учурунда ооруканага түшүп калганы кабарланган. Ички иштер министринин мурдагы орун басары жогорудагыдай УКМКнын мурдагы төрагасы сыяктуу эле шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын да билдирген. Буга кошумча анын тууганы Ошто бычактан жаракат алып, ооруканага түшкөнү жана арыз жазуудан баш тартканы да маалым болду. Айтор, азырынча генералдын кармалышы боюнча жоопсуз суроолор көп бойдон турат…

***
Эми Мухаммедкалый Абылгазиевге келели… Анын иши жогорудагылардан бир топ башкача. Биринчиден, Абылгазиев президенттик шайлоого катышкан талапкер эмес. Экинчиден, кызматтан кеткени мурдагы же азыркы бийликке акаарат келтирмек түгүл, бар-жогу деле билинбей жүргөн. Бирок кептин баары анын креслосунда. Дээрлик соңку 10 жылдан бери Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында кызматынан соо кеткен өкмөт башчы жок. Атамбаев менен Сатыбалдиев түрмөдө, Бабановдун кылмыш иштери бар, Оторбаев менен Сариев чуу менен кеткен, Исаков качып жүрөт, Жээнбековду каптаган кара булут улам коюуланууда, Боронов суракка чакырыла башталды.

Экс-премьер Мухаммедкалый Абылгазиев мыйзамсыз баюуга жана коррупцияга шектелип жатат. Өзгөчө экинчи иш өтө кызыктуу. УКМК тараткан маалыматка караганда, Абылгазиев өкмөт башчы болуп турганда мыйзамдарды бузуп, «Кумтөр Голд Компани» ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берүүчү токтомго кол койгон. Натыйжада, кендин жалпы аймагы эки эседен ашуун көбөйүп, мөңгүлөрдү жана корукту кошкондо 26,3 миң гектар түзүп калган. Бул токтом кабыл алынып жаткан кезде аталган кендин аймагын кеңейтүүгө тыюу салган токтом күчүндө болчу. Дал ушул иштин башын буга чейин Садыр Жапаров өкмөт башчылыкка шайланып жаткан учурда кылтыйтып айткан жайы бар. Эми суроо… Керек болсо, өз көлөкөсүнөн да чочулап өкмөт башчылыкты аркалаган Абылгазиев жогорудагыдай маанилүү документке өз алдынча кол коё алат беле? Анын баскан-турганын тыкыр карап турган Ак Үй бул иштен кабарсыз калышы ыктымал беле? Жогоруда кара булут деп бекеринен айтылган жок… Азыркы кеп жалгыз. Абылгазиев суракта качан агынан жарылат жана качан тергөө менен кызматташууга барууга макул болуп, күнөөнү кимге оодарат? Белгилүү болгондой, премьерден жогору бизде ал учурда бир эле Сооронбай Жээнбеков турган…