Аптага сереп: Ташиев Калиевадан эски өчүн алып жатабы?

Бүгүн күнгө жекшемби, 27-декабрь. Президенттик шайлоого жана ошол эле күнгө дайындалган референдумга туура эки апта калды. Шайлоого 18 талапкер катышып жатканы менен башынан күтүлгөндөй эле агитация кампаниясын жалгыз эле талапкер жүргүзүп жаткандай сезилүүдө. Мындай болорун бир эмес, эки жолу маалымат жыйын аркылуу айрым талапкерлер айтып чыккан эле. Балким, нечен ирет кайталана берип, тажатмадай угулуп калганына карабастан, буга УКМКнын төрагасы айткандай, айрым талапкерлердин шайлоодон кийин тополоң чыгарууга даярданып жатканы себептир... Дегиле Камчыбек Ташиев эң оболу кадрдык чекист эмес, саясатчы болгону үчүнбү, дээрлик эки саатка созулган басма сөз жыйынында көшөгө артындагы көп окуялар тууралуу айтып берди. Ушул жана башка жума ичиндеги маанилүү окуяларга “Аптага серепте” саресеп салып көрөлү.

Президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун ушул аптада чыккан маегинде айтылган сөзү сынга алынды. Анда ал “бизде бийликтин үч бутагы бар, алар: парламент, президент жана өкмөт” деп айткан. Жапаровдун сөзүнөн улам, “бизде мамлекеттик бийлик мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлигине болуп кагаз жүзүндө гана бөлүнөт, сот бийлиги эбак эле президенттик аппараттын бир бөлүмүнө айланып калганын кайда жашырабыз?” деген талкуунун өнүгүшүнө да жем чачып койду.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы бажыдагы коррупциялык схемаларды жоюп бүткөнбү же дал ушул схемалардан элдин назарын башкага буруп кетүү аракетин көрүп жатабы, айтор, Камчыбек Ташиев маалымат жыйында өтүгү миң доллар жана шубасы беш миң доллар турганына чейин түшүп сотторду узун кеп кылды. Айтымында, Жогорку Соттун 35 судьясынын мингени 100 миң доллар турган автоунаалар. Бирок ушул эле өңдүү сын буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары, Башкы прокуратура, Салык кызматы, же ошол эле Бажы кызматынын кызматкерлерине карата айтылып келчү. Алардын миллион доллар турган хан сарайларда жашарын, бир канча батир үйлөргө ээлик кыларын жар салган Ташиев соттордун байлыгын айтып бүтө албай жатса, бирөө үй-бүлөсүн алып, Дубайга эс алууга кеткенин айтып, агынан тарс жарылды. Дубайдагы эс алуу мындай турсун, аталган дүйнөнүн туристтик борборлорунун бири болгон кымбат шаарда пентхаустарды сатып алып, бизнес жүргүзгөн мурдагы кыргыз чиновниктери деле жок эместиги айтылуу журналисттик иликтөөлөрдө айтылып-жазылып келет. Мамлекет коррупцияга белчесинен батканы үчүн да жаңы бийликтин “кустурабыз” деген убадасына  коррупциядан эң көп жапа чеккен элдин ишеним артуудан башка аргасы жок болуп турат. Куса тургандардын жаңы тобуна кайталы…

УКМК жөн эле соттордун бирине эмес, соттордун башчысына тор жайганын билдирди. Ташиевдин айтымында, Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын күнөөлүү экенин аныктай турган далилдер жетиштүү. Жогорку Сот өз учурунда УКМКнын коррупция тууралуу айыптоосунда негиз жок экенин айтып, маалымат таратты. “Күнөөсүздүк презумпциясы жазык сот өндүрүшүнүн башкы принциптеринин бири, айыпталып жаткан адамдын күнөөсү далилденип, сот өкүмү күчүнө кирмейинче ал айыптуу деп эсептелбейт” деп Жогорку Соттун маалыматында жазылат. Соттор кеңеши президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовго ачык кат аркылуу кайрылып, жогорудагы кырдаалга тынчсызданып жатканын билдирди. Анда соңку окуяларда укук коргоо органдары тарабынан ачык эле кысым көрсөтүлүп жатканы, ага жол берилбеши керектиги, себеби соттук бийликтин гана эмес, жалпы мамлекеттик бийликтин туруктуулугуна жана кадыр-баркына шек жаралары жазылган. Мындан ары УКМКнын позициясы да көпкө күттүргөн жок. Ведомствонун пикиринде, Жогорку Сот жана Соттор кеңеши Гүлбара Калиеванын ишинде жаңылып жатат.

Айтмакчы, Талант Мамытовдун төрагалыгында өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынына УКМКнын төрагасы катышкан жок. Бул учурда маалымат жыйын берип жаткан Камчыбек Ташиев Коопсуздук кеңешинин жыйынына катышып жаткан Гүлбара Калиевага кабарды түз эфирлер аркылуу угузган болуп калды. План башынан эле ушундай беле же Ташиевге жана ал жетектеген ведомствого да маанилүү болгон Коопсуздук кеңешинин жыйынына барбай деле койсо болобу, ал жагы азырынча сыр бойдон калды. Бирок бир жагдай сыр эмес, бул бийлик бутактарынын ортосунда жакынкы күндөрдө күрөш башталары күтүлүп жатканы… Баса, дагы бир жагдай сыр эмес. Мындан 5 жыл мурда Камчыбек Ташиевди “Республика-Ата Журттун” тизмесинен чыгаруу боюнча Биринчи Май райондук сотунун чечимин Жогорку Соттун судьясы болуп турган Гүлбара Калиева күчүндө калтырган.

***
Жогоруда бийлик бутактарынын арасында конфликт жаралары тууралуу сөз кылсак, эми бир эле бийлик бутагынын ичинде ачакей пикир жаралганы жөнүндө кепти улайлы.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов биринчи кылмыш ишинин алкагында келтирилген 2 миллиард сомдук зыянды мамлекеттин эсебине төккөнүн билдирди. Анын 1 миллиард 400 миллион сомун акчалай, калган 600 миллион сомунун ордуна 9 батирин жана 1 соода борборун бергенин билдирди. Дал ушул 9 батирдин 8ин УКМКнын кызматкерлерине таратып бергени коомчулукта кызуу талкууга алынды. Бир жагынан кыймылсыз мүлктөрдүн мамлекеттин эсебине алынуусунун мыйзамдуулугу түрдүү суроолорду жаратты. 9 батир менен 1 соода борбору бул конфискацияга алынган мүлктөрбү же белек иретинде тартууландыбы? Конфискацияга алынган болсо, анда тийиштүү соттун өкүмү кайда калды? Ушул жана ушул өңдүү суроолор юристтер тарабынан жаап жатты.

Буга байланыштуу вице-премьер Эльвира СурабалдиеваМамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фонду соттун чечими менен гана батир үйлөрдү баланска алат же аукцион аркылуу сатып, бюджетке жөнөтөт, мындан башка мыйзамдуу жол жок жана мен вице-премьер катары башка токтомго кол коё албайм” деди.

Жыйынтыгында УКМКга артка чегинүүгө туура келип, батир үйлөрдү мамлекетке өткөрүп берүүнү чечти. Минтип мамлекетке келтирилген зыян боюнча бир эле үлкөн иштен 8 батирди үлүш сыяктуу бир эле ведомство өзүнө ыйгарып алгысы келип жаткан учурда Орусия Кыргыз өлкөсүнүн бюджетине 20 миллион доллар кайтарымсыз финансылык жардам көрсөтмөй болду. Ал каражат мамлекеттик кызматкерлердин маянасына, пенсия менен жөлөк пул, саламаттыкты сактоо системасына которулат.

***
Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештен куулуп чыгуу алдында турат. Буга чейин чыгарган Административдик соттун чечимин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырды. Кийинки чечим Жогорку Сотто. Депутат өзү бул чечимди саясий негизде кабыл алынды деп жатат. 23-ноябрда Бишкектеги Административдик сот Текебаевдин депутаттык мандатын жокко чыгаруу боюнча арызды канааттандырган. Даттануучунун арыз менен кайрылуусуна депутаттын соттуулугу бар экенин жүйө кылган.

«Ата Мекен» партиясынын лидери сот иштерине байланыштуу 2017-жылдын ноябрь айында мандатынан ажыраган. 2019-жылдын август айында Жогорку Сот жаңы ачылган жагдайларды жүйө кылып, ишти кайра кароого жөнөткөн эле. Бул чечим менен Текебаев үй камагына чыккан болчу.

Кайра Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышына депутат катары октябрь айындагы окуялардан кийин, тагыраагы 15-октябрда кайтып барган. Соңку учурда Текебаев Баш мыйзамдын жаңы долбоорун, Садыр Жапаров баштаган бийликти катуу сындап жатканы маалым.

Президенттик жарыштагы оппоненттерге келсек, Мадумаровдон кийин Абдил Сегизбаев коопсуздук маселесинде коркунуч жаралып жатканын билдирди. Буга чейин Адахан Мадумаров Ысык-Көлдөгү жолугушуусу анын штабында иштеген адамдарды белгисиз кишилер коркутуп жатканынан улам болбой калганын айткан эле. Башкы прокуратура бул боюнча иликтеп, бейбаштык беренеси менен сотко чейинки териштирүү башталганын маалымдады. Сегизбаевге келсек, ал жолугушуу учурунда “биздин балдар көлгө барышса тепкилеп кетип жатышат” деген. БШК бул боюнча эгерде талапкер кайрылса, чара көрөбүз деп жатат.

Президенттик шайлоого жарым ай калды. Адатта аз калганда биригүүлөр орун алат, башкы жалгыз талапкерге тең салмакта атаандаштык жаратуу үчүн да бул шайлоо бир канча сюрприздерди тартуулашы ыктымал. Эртең 2 тур менен өтө турган талапкерлердин дебаттары старт алып, далай компроматтар дал ошол дебаттарда ачыкка чыгышын электорат да күтүп отурат…