Шаршемби, 18.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Аптага сереп: Текебаевдин сыры Жээнбековдун түбүнө жетип, Жапаровду орго түшүрөбү?

20:41 17.01.2021
0
Аптага сереп: Текебаевдин сыры Жээнбековдун түбүнө жетип, Жапаровду орго түшүрөбү?

Бүгүн күнгө жекшемби, 17-январь. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына элдин нааразы болуп чыкканына үч жарым ай өттү. Туура бир апта мурда жалпы шайлоочулардын 40 пайызына чукулу гана добуш берүүгө келип, анда Садыр Жапаров жаңы президент болуп, мамлекетти башкаруунун президенттик формасы тандалды. Жакынкы келечекте бизди жаңы Баш мыйзамдын долбоору боюнча референдум, карантинден улам жылдырылып кеткен жергиликтүү кеңештерге шайлоолор, жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоо күтүп турат. “Аптага серептин” бул чыгарылышында биз бул жуманын ичинде кайсы бирин кыйсыпырга салган, кайсы биринин түн уйкусун бузган окуянын тегерегинде саресеп салууну туура көрдүк.

***
Октябрь окуяларынан кийин мандат алып Жогорку Кеңешке депутат болуп келген Өмүрбек Текебаев «Саясий коктейль» берүүсүнө берген маегинин үзүндүсү бийликтин жүрөгүн болк эттирди. “Эл билген, бирок айтылбай жүргөн бир сырды айтып берейин” деген башкы “ата мекенчинин” ошол мезгилде ызы-чуулуу окуялардын көптүгүнөн жакшы көңүл бөлүнбөй калган, бирок козгой келсе, чоң ишке же иштерге айлана турган окуяны ортого салды.

Эл билсе деле бирок эми резонанс жараткан Өмүрбек мырзанын жогорудагы сөзү экинчи Өмүрбек мырзанын тээ 2 жарым ай мурда берген маегин талкуу чордонуна кайтарды. Ошол 9-октябрда “Ала-Тоо” аянтында өткөн митингге катышкан мурдагы өкмөт башчы Бабанов “Азаттыка” берген интервьюсунда Текебаев тарс айтып салганды “үчүнчү күчтөр” деп кагазга ороп айтканы бар. Ушуга удаа эле Өмүрбек Бабанов “Кактуска” берген маегинде президенттиктен кете элек учурунда Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушуусундагы сүйлөшүүсүн айтып берген.

Жогорудагы эки саясатчынын сөзүнөн кийин социалдык тармактарда бир канча суроолор кабыргасынан коюлууда. Анын урунттуулары булар…

Биринчиден, 9-октябрда “Ала-Тоо” аянтында өткөн митингдин башаламандыкка айланып кетишинин артында ошол учурда президент болуп турган Сооронбай Жээнбеков өзү турган беле?

Экинчиден, ошол эле башаламандыкта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана башка ошол митингге катышкан саясатчылардын өмүрүнө кол салуу аракети болгон. Ок чыгарган адам бүгүнкү күнгө дейре кармала элек. Мунун артында анда ким турат?

Үчүнчүдөн, бир эмес, үч сессияны уюштуруп бергени чын болсо, анда Садыр Жапаров бийликке депутаттардын колдоосу менен эмес, Сооронбай Жээнбековдун сүрөөсү менен келип калган болобу?

Ушул өңдүү суроолордун таасириби же башка да азырынча эл билбеген себептери барбы Өмүрбек Бабановдун жогоруда сөз кыла өткөн ноябрь айында берген маектерине карата Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев эми гана үн катты. «Бабанов калп айтып, коомчулуктун башын айлантпасын. Биз аны менен 9-октябрдагы башаламандыктан кийин жолуккан эмеспиз жана «митингдерди биз уюштурган жокпуз» деп актанган эмеспиз. Руслан Казакбаев калп айттырбайт, биз Бабанов менен 9-октябрга чейин жолукканбыз. Бабанов Атамбаев жана башкалар менен бийликти элден тартып алуу үчүн аянтка келишкен. Биз 9-октябрдагы митингде чагым кылгандарды иликтеп, жазалайбыз» деп Ташиев социалдык тармактагы баракчасына жазган. Баса, президенттик шайлоодон утуп чыккандан кийин Садыр Жапаровдун Орусиянын “Коммерсант” басылмасына берген маеги жарыяланган. Анда “Атамбаев мындан ары түрмөдө кармалабы?” деген суроого Жапаров “Мыйзам боюнча, ооба, ал отурат. 2019-жылы Кой-Ташта, андан кийин өткөн жылы Бишкекте башаламандык кылган. Ал контрреволюция жасоого аракет кылды” деп жооп берген. “Сооронбай Жээнбековду отставкага кетирүү оңой болдубу?” деген суроого “оор болду, бирок көндүрдүк” деген Жапаров. Кенен берилген бул маекте Садыр Жапаров түрмөдө отурган жеринен эле кантип бийлик башына келип калганы тууралуу айтып берген.

Эми резонанска кайтсак… Сөз баштоодо азыркы тапта кызуу талкууланып жаткан бул ишке бекеринен ошол мезгилде ызы-чуулуу окуялардын көптүгүнөн жакшы көңүл бөлүнбөй калган болушу мүмкүн делген жок. Үч ай мурдагы жаңылыктардын архивин барактай келсек эле, баары бажырайып чыга келет эмеспи. Учурда социалдык блок боюнча вице-премьерлик кызматты аркалап жаткан Эльвира Сурабалдиева 6-октябрда “Достук” мейманканасында өткөн депутаттардын жыйынында Жапаровдун өкмөт башчылыкка талапкерлигин Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Искендер Матраимов колдогонун айткан. Өзүңүздөр көргөндөй, ошол күндөрү Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоо башкы маселелердин бири болуп турган. Аны менен катар отставкага кеткен өкмөт башчынын ордун парламент аркылуу ээлеп калууга түрдүү саясий топтор аракет кылып жаткан эле. Бул топтордун ичинен көрүнүктүү жана салмактуулардын бири Жапаров, экинчиси Бабанов болуп турган. Бирок Бабановдун мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен күч бириктирип кеткени президенттик кызматын ана өткөрүп берем, мына өткөрүп берем деп турган Сооронбай Жээнбековго түк макул болгус вариантка айланганы айтса-айтпаса деле түшүнүктүү. 9-октябрь күндөгү окуялардын Жээнбековдун буйруктары менен улам өнүгүп отурганы да Текебаевдин сөзүндө чындык бар экендигине жетелейт. Ал күнгө дейре Сооронбай Жээнбековдун бар-жогу билинбей жатып эле, Атамбаев менен Бабанов “Ала-Тоо” аянтына жөө жүрүш менен келе жатканда гана кайрылуу менен билдирүүлөрүн жаадырып, Кубатбек Бороновду өкмөт башчылыктан, Орозбек Опумбаевди УКМКнын төрагалыгынан кетирип, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысын алмаштырып, Бишкек шаарына өзгөчө абал жана коменданттык саат киргизип, атүгүл “президент бар” дегендей сес көрсөтүү амалыбы, анын 5-октябрдан кийинки биринчи сүрөтү да жарыяланган. Кандайдыр бир деңгээлде бийликти кайтаруу боюнча атайын операция жүргүзүлө баштагандай болгон. Бирок андан бери болгону 3 айдан ашык убакыт өтсө да, ортодон далай суулар агып кетти, мындайча айтканда, андан бери далай саясатчылар ал жээк, бул жээкке кеминде он жолу барып келүүгө үлгүрүштү.

Жаңы жылдын алдында журналисттерге маалымат жыйын берген Камчыбек Ташиев шайлоодон кийин чет өлкөгө чыгып, ден соолугун чыңдай турганын билдирген эле. Добуштардын жыйынтыгы кечээ кол менен да саналып бүткөнүн БШКдан билдиришти. Жакынкы күндөрдө талапкерлер жаңы сюрприз кылбаса эле БШК шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялайт. Андан ары Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришүү аземинин күнү белгиленет. Жогорудагы окуя чоң чырды ырбатабы же жокпу Ташиевдин кийинки жасаган кадамдарынан көз каранды болуп турат…

БөлүшүүБөлүшүү1TweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
SuperTV

SuperTV

Окшош

Байсаловдун кызматтан кетери тууралуу кептер төгүнгө чыгарылды

Байсаловдун кызматтан кетери тууралуу кептер төгүнгө чыгарылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:24 18.03.2026
0

"Бир катар маалымат сайттарда Эдиль Байсалов кызматтан кетип, анын ордуна Догдуркүл Кендирбаева, ал эми Социалдык фондунун жетекчиси Бактияр Алиев кызматтан...

Нурдан Орунтаев: «Президент Оштогу курулуштун баарын аягына чыгарууну тапшырды»

Нурдан Орунтаев: «Президент Оштогу курулуштун баарын аягына чыгарууну тапшырды»

Автор СЕРЕП МЕДИА
18:49 17.03.2026
0

Бүгүн, 17-мартта курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев менен биргеликте жеке курулуш...

БШК Жогорку Кеңештин депутаты Гүлсүнкан Жунушалиеванын ыйгарым укуктарын токтотту

БШК Жогорку Кеңештин депутаты Гүлсүнкан Жунушалиеванын ыйгарым укуктарын токтотту

Автор СЕРЕП МЕДИА
07:59 17.03.2026
0

Бүгүн, 16-марттагы жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Жунушалиева Гүлсүнкан Ишенгазиевнанын ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотту....

БШК Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Азыгалиевдин ыйгарым укуктарын токтотту

БШК Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Азыгалиевдин ыйгарым укуктарын токтотту

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:13 16.03.2026
0

Кечээ, 15-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Азыгалиев Нурланбек Асанбековичтин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотту. Жогорку...

Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:56 14.03.2026
0

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 14-мартта өзүнүн жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Ташиев Шаирбек Кыдыршаевичтин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Жогорку Кеңештеги 5 кресло эмнеге бош турат?

Жогорку Кеңештеги 5 кресло эмнеге бош турат?

17:43 17.03.2026
Тай-Мурас Ташиев “Кыргызнефтегаздан” миллиарддардын уурдалышы боюнча үн катты

Тай-Мурас Ташиев “Кыргызнефтегаздан” миллиарддардын уурдалышы боюнча үн катты

09:48 18.03.2026
«Кыргызнефтегаз» ААКта коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголду

«Кыргызнефтегаз» ААКта коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголду

18:41 17.03.2026
Тай-Мурас Ташиев “Кыргызнефтегаздан” миллиарддардын уурдалышы боюнча үн катты

Тай-Мурас Ташиев “Кыргызнефтегаздан” миллиарддардын уурдалышы боюнча үн катты

09:48 18.03.2026
Байсаловдун кызматтан кетери тууралуу кептер төгүнгө чыгарылды

Байсаловдун кызматтан кетери тууралуу кептер төгүнгө чыгарылды

09:24 18.03.2026
Нурдан Орунтаев: «Президент Оштогу курулуштун баарын аягына чыгарууну тапшырды»

Нурдан Орунтаев: "Президент Оштогу курулуштун баарын аягына чыгарууну тапшырды"

18:49 17.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү