Аптага сереп: Текебаевдин сыры Жээнбековдун түбүнө жетип, Жапаровду орго түшүрөбү?

Бүгүн күнгө жекшемби, 17-январь. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына элдин нааразы болуп чыкканына үч жарым ай өттү. Туура бир апта мурда жалпы шайлоочулардын 40 пайызына чукулу гана добуш берүүгө келип, анда Садыр Жапаров жаңы президент болуп, мамлекетти башкаруунун президенттик формасы тандалды. Жакынкы келечекте бизди жаңы Баш мыйзамдын долбоору боюнча референдум, карантинден улам жылдырылып кеткен жергиликтүү кеңештерге шайлоолор, жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоо күтүп турат. “Аптага серептин” бул чыгарылышында биз бул жуманын ичинде кайсы бирин кыйсыпырга салган, кайсы биринин түн уйкусун бузган окуянын тегерегинде саресеп салууну туура көрдүк.

***
Октябрь окуяларынан кийин мандат алып Жогорку Кеңешке депутат болуп келген Өмүрбек Текебаев «Саясий коктейль» берүүсүнө берген маегинин үзүндүсү бийликтин жүрөгүн болк эттирди. “Эл билген, бирок айтылбай жүргөн бир сырды айтып берейин” деген башкы “ата мекенчинин” ошол мезгилде ызы-чуулуу окуялардын көптүгүнөн жакшы көңүл бөлүнбөй калган, бирок козгой келсе, чоң ишке же иштерге айлана турган окуяны ортого салды.

Эл билсе деле бирок эми резонанс жараткан Өмүрбек мырзанын жогорудагы сөзү экинчи Өмүрбек мырзанын тээ 2 жарым ай мурда берген маегин талкуу чордонуна кайтарды. Ошол 9-октябрда “Ала-Тоо” аянтында өткөн митингге катышкан мурдагы өкмөт башчы Бабанов “Азаттыка” берген интервьюсунда Текебаев тарс айтып салганды “үчүнчү күчтөр” деп кагазга ороп айтканы бар. Ушуга удаа эле Өмүрбек Бабанов “Кактуска” берген маегинде президенттиктен кете элек учурунда Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушуусундагы сүйлөшүүсүн айтып берген.

Жогорудагы эки саясатчынын сөзүнөн кийин социалдык тармактарда бир канча суроолор кабыргасынан коюлууда. Анын урунттуулары булар…

Биринчиден, 9-октябрда “Ала-Тоо” аянтында өткөн митингдин башаламандыкка айланып кетишинин артында ошол учурда президент болуп турган Сооронбай Жээнбеков өзү турган беле?

Экинчиден, ошол эле башаламандыкта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана башка ошол митингге катышкан саясатчылардын өмүрүнө кол салуу аракети болгон. Ок чыгарган адам бүгүнкү күнгө дейре кармала элек. Мунун артында анда ким турат?

Үчүнчүдөн, бир эмес, үч сессияны уюштуруп бергени чын болсо, анда Садыр Жапаров бийликке депутаттардын колдоосу менен эмес, Сооронбай Жээнбековдун сүрөөсү менен келип калган болобу?

Ушул өңдүү суроолордун таасириби же башка да азырынча эл билбеген себептери барбы Өмүрбек Бабановдун жогоруда сөз кыла өткөн ноябрь айында берген маектерине карата Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев эми гана үн катты. «Бабанов калп айтып, коомчулуктун башын айлантпасын. Биз аны менен 9-октябрдагы башаламандыктан кийин жолуккан эмеспиз жана «митингдерди биз уюштурган жокпуз» деп актанган эмеспиз. Руслан Казакбаев калп айттырбайт, биз Бабанов менен 9-октябрга чейин жолукканбыз. Бабанов Атамбаев жана башкалар менен бийликти элден тартып алуу үчүн аянтка келишкен. Биз 9-октябрдагы митингде чагым кылгандарды иликтеп, жазалайбыз» деп Ташиев социалдык тармактагы баракчасына жазган. Баса, президенттик шайлоодон утуп чыккандан кийин Садыр Жапаровдун Орусиянын “Коммерсант” басылмасына берген маеги жарыяланган. Анда Атамбаев мындан ары түрмөдө кармалабы?” деген суроого Жапаров “Мыйзам боюнча, ооба, ал отурат. 2019-жылы Кой-Ташта, андан кийин өткөн жылы Бишкекте башаламандык кылган. Ал контрреволюция жасоого аракет кылды” деп жооп берген. Сооронбай Жээнбековду отставкага кетирүү оңой болдубу?” деген суроого “оор болду, бирок көндүрдүк” деген Жапаров. Кенен берилген бул маекте Садыр Жапаров түрмөдө отурган жеринен эле кантип бийлик башына келип калганы тууралуу айтып берген.

Эми резонанска кайтсак… Сөз баштоодо азыркы тапта кызуу талкууланып жаткан бул ишке бекеринен ошол мезгилде ызы-чуулуу окуялардын көптүгүнөн жакшы көңүл бөлүнбөй калган болушу мүмкүн делген жок. Үч ай мурдагы жаңылыктардын архивин барактай келсек эле, баары бажырайып чыга келет эмеспи. Учурда социалдык блок боюнча вице-премьерлик кызматты аркалап жаткан Эльвира Сурабалдиева 6-октябрда “Достук” мейманканасында өткөн депутаттардын жыйынында Жапаровдун өкмөт башчылыкка талапкерлигин Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Искендер Матраимов колдогонун айткан. Өзүңүздөр көргөндөй, ошол күндөрү Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоо башкы маселелердин бири болуп турган. Аны менен катар отставкага кеткен өкмөт башчынын ордун парламент аркылуу ээлеп калууга түрдүү саясий топтор аракет кылып жаткан эле. Бул топтордун ичинен көрүнүктүү жана салмактуулардын бири Жапаров, экинчиси Бабанов болуп турган. Бирок Бабановдун мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен күч бириктирип кеткени президенттик кызматын ана өткөрүп берем, мына өткөрүп берем деп турган Сооронбай Жээнбековго түк макул болгус вариантка айланганы айтса-айтпаса деле түшүнүктүү. 9-октябрь күндөгү окуялардын Жээнбековдун буйруктары менен улам өнүгүп отурганы да Текебаевдин сөзүндө чындык бар экендигине жетелейт. Ал күнгө дейре Сооронбай Жээнбековдун бар-жогу билинбей жатып эле, Атамбаев менен Бабанов “Ала-Тоо” аянтына жөө жүрүш менен келе жатканда гана кайрылуу менен билдирүүлөрүн жаадырып, Кубатбек Бороновду өкмөт башчылыктан, Орозбек Опумбаевди УКМКнын төрагалыгынан кетирип, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысын алмаштырып, Бишкек шаарына өзгөчө абал жана коменданттык саат киргизип, атүгүл “президент бар” дегендей сес көрсөтүү амалыбы, анын 5-октябрдан кийинки биринчи сүрөтү да жарыяланган. Кандайдыр бир деңгээлде бийликти кайтаруу боюнча атайын операция жүргүзүлө баштагандай болгон. Бирок андан бери болгону 3 айдан ашык убакыт өтсө да, ортодон далай суулар агып кетти, мындайча айтканда, андан бери далай саясатчылар ал жээк, бул жээкке кеминде он жолу барып келүүгө үлгүрүштү.

Жаңы жылдын алдында журналисттерге маалымат жыйын берген Камчыбек Ташиев шайлоодон кийин чет өлкөгө чыгып, ден соолугун чыңдай турганын билдирген эле. Добуштардын жыйынтыгы кечээ кол менен да саналып бүткөнүн БШКдан билдиришти. Жакынкы күндөрдө талапкерлер жаңы сюрприз кылбаса эле БШК шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялайт. Андан ары Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришүү аземинин күнү белгиленет. Жогорудагы окуя чоң чырды ырбатабы же жокпу Ташиевдин кийинки жасаган кадамдарынан көз каранды болуп турат…