Аптага сереп: «Үлгүрүш керек». Ташиевдин оорусунун сыры эмнеде?

Бүгүн күнгө жекшемби, 29-ноябрь. Беш күндөн кийин парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чыккан биринчи митингге 2 ай болот, президенттик шайлоого 1 ай 10 күн калды.

Ал эми бул чыгарылыш “Аптага серептин” алтынчы чыгарылышы. Берүүнү башынан көрүп келе жаткандар байкайт чыгар… Ар бир чыгарылышта унутта калтырбай, 4-октябрдан бери канча күн өткөнүн, президенттик шайлоонун күнү белгилүү болгондон бери ага канча күн калганын эске салып келебиз.

Бул жума ичи Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулоо үчүн түзүлгөн Конституциялык кеңешменин тегерегинде талаш-тартыштар көп чыкты. Кеңешме бирди айтат, бийлик экини айтат, кеңешме төө дейт, бийлик бээ дейт, айтор, көп майдаланбай, берүүдө ток этерине токтолуп өтөлү. Улуттук банк долларды колдон келишинче бучкактап кармоону улантып жатса, өкмөт тышкы карыздын төлөмдөрүн болушунча ары көздөй жылдырууга жандалбастап жатат. Ушул жана башка окуялар боюнча жуманын жыйынтыгына “Аптага серепте” саресеп салып көрөлү.

***
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин ден соолугу тууралуу бүгүн өзү үн катты. Социалдык тармактагы баракчасында жарыялаган билдирүүсүндө ал эч кимге айтпай 3 күн ооруканада жаткандан кийин анын абалы тууралуу маалымат билинип калганын жазат. «Эми өзүмдүн диагнозумду билем, мындан ары катуу иштейм, үлгүрүш керек…» деп жыйынтыкталган билдирүү. Диагнозу тууралуу маалыматты ачыктабаганы жана “үлгүрүш керек” деген сөзү ого бетер түрдүү кептерге жол ачты.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы үч күн мурда, 26-ноябрда Ташиевдин ооруканага жаткырылганын, абалы канааттандырарлык экенин билдирген эле. Ушул жылдын июль айында Ташиев пневмония болуп ооруганы маалым. Бейтапканадан орун табылбай, убагында дарылана албаганы үчүн оорунун азабынан катуу кыйналганын айткан жайы бар. Андан ары шайлоо иштери, үгүт кербени, октябрь айындагы окуялар, Жапаровду дээрлик бүт жерде коштоп жүрүү – мунун баары соо адамды деле соо калтырбай турганы белгилүү. Айрыкча, Ташиевдин жүгү башкаларга салыштырмалуу оор болгонун эч ким тана албайт. Мисалы, Өмүрбек Текебаев бул тууралуу Жогорку Кеңеште минтип айткан: «Камчыбек Ташиев досун түрмөдөн гана бошотпостон, аны саясий олимптин чокусуна алып чыгууга чоң салым кошту”. Дал ушул сөзүндө Текебаев Ташиевди “дос-секретарь” деп, дал ушул күнү, 16-октябрда Садыр Жапаров досун Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке төрага кылып алып келген. Кийинчерээк Ташиевдин милдетине дагы бир милдет кошулуп, Чек ара кызматы УКМКга өткөрүлдү. Ишке киришүүдө дароо эле Райымбек Матраимов, Камчыбек Көлбаевдин ысымы аталган чуулар менен башталып, соңкусунда Сооронбай Жээнбековдун жакын досу Курманбек Дыйканбаев менен УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев кармалды. Анан да Садыр Жапаровдун тарапташтары делген топтун оппоненттерге карата социалдык тармактардын аянтчасында коркутуп-үркүтүүсү, агрессиясына байланыштуу УКМКга нааразычылык күчөп жатат. УКМК болсо чагымчыл материалдарды тараткандар мыйзам чегинде кылмыш жообуна тартылат деген маалымат жайылтты. Бирок социалдык тармактарда ондоп-жүздөп жазылган андай билдирүүлөрдүн жок дегенде бирин да азырынча жоопко тарта элек.

***
Дин, тил, мамлекеттин аталышы… Бир апта мурда ишин баштаган Конституциялык кеңешмеде дээрлик көтөрүлбөгөн көйгөй калган жок. Талаш адегенде динден чыкты. Учурдагы Баш мыйзамдын биринчи беренесинде “Кыргыз Республикасы – эгемендүү, демократиялык, укуктук, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, унитардык, социалдык мамлекет” деп жазылган. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияны башкарууга келген жаңы жетекчи, элге Садыр Жапаровдун жактоочусу катары таанымал Акин Токталиев дал ушул “мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган” же “светтик өлкө” деген бөлүктү Баш мыйзамдан алып салууну сунуштап чыккан. Сунуш коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратты.  Бул демилге Конституциялык кеңешмеде да талкууланып, эгерде ал бөлүк алынып калса же ага өзгөртүү киргизилсе, анда өлкөдө дин тутуу эркиндигине доо кетери айтылды. Бул аптада Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия уюштурган эл аралык конференция өтүп, анда президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун сөзү окулду. Бүгүнкү күндө эгемендүү Кыргыз Республикасы — светтик өлкө. Бир дагы дин мамлекеттик же милдеттүү деп таанылбайт. Дин тутуу эркиндиги Конституция менен кепилденген. Ар бир жаранга каалаган динин тутуу же эч бирин тутпоо укугу берилген” деп жазылган Мамытовдун кайрылуусунда. Ушуну менен бул талашка чекит коюлгандай болду.
Эми тилге келсек… Конституциялык кеңешмеде англис тилине орус тили менен катар расмий макам берүү сунушу айтылды. Талкуу андан ары кызуу жүрүп, англис тили мындай турсун, эне тилин колдоо максатында орус тилинен расмий макамды алып салалы деп чыгышты. Бул боюнча да Талант Мамытовго комментарий жарыялоого туура келди. “Кыргыз мамлекетинде тил маселесинин тегерегиндеги саясий оюндарга жана ар кандай жалаа жабууларга жол берилбейт. “Орус жана кыргыз тилдери – бир куштун эки канаты” деп бекеринен айтылбайт. Орус тили Кыргыз жарандарына абдан жакын тил болуп саналат” деди Мамытов. Орус тилинен расмий макам алынышына Садыр Жапаров да каршы чыкты. “Орус тили биздин өлкөдө расмий тил бойдон милдеттүү түрдө калышы керек” деди Жапаров.
Мамлекеттин аталышынын котормосунан келип чыккан тартыш конституциялык кеңешмеде ар кандай пикирлерди жаратып, айрымдар өлкөнүн аталышын өзгөртүү керек деп чыгышты. “Кыргыз Республикасы” деп туура эмес которулган, “Республика Кыргыз” деп которуу керек” деп башталган сунуштун талкуусу таптакыр башка нукта өнүгүп кетти. Буга байланыштуу конституциялык кеңешме тарабынан “өлкөнүн азыркы расмий аталышы өзгөртүлбөйт” деген комментарий берилди.
Кеңешменин жыйындарында көтөрүлүп жаткан жогорудагы соңку отуз жылдан бери жүз биринчи жолу айтылган сунуштар бул чети гана… Албетте, элдин кайсы бир катмарына алар маанилүү чыгар. Бирок Баш мыйзамды өзгөртүүнү колдогондор менен каршы чыккандардын ортосунда башкы чоң талашты жараткан жагдайлар кеңешменин жыйындарында көмүскөдө калууда. Азыркы Конституцияга өзгөртүү эле киргизүү керекпи же толугу менен жаңы Баш мыйзамдын редакциясын алып чыгуу зарылбы? Башкаруу түрү кандай болушу шарт, президенттикпи, парламенттикпи же аралаш бойдон калышы кажетпи? Ушул жана башка суроолордон келип чыккан эки тараптын башкы салгылашы боюнча бир ымалага келүү болбой жатат. Буга бийлик тараптын жообу оппонент болуп жаткандар, ошол эле Өмүрбек Текебаев менен Роза Отунбаева конституциялык кеңешмеге келсин делгени менен ошол эле кеңешменин курамын түзүү, андан чыгаруу жана ага кошуу президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун колунда турат. Айтор, ажырым күндөн күнгө алыстап жатат…

***
Жаңы Баш мыйзам эл аралык деңгээлде да колдоо таппай турат. Укук коргоо боюнча Human Rights Watch эл аралык уюму Конституцияны өзгөртүү аракети демократиялык процессти коркунучка кептейт деп эсептейт. Уюмдун Европа жана Борбордук Азия боюнча директорунун айтымында, конституциялык реформаны жаңы парламент шайланып келгиче коё туруу керек. Американын Кошмо Штаттары конституциялык реформа боюнча референдумду жазга чейин же андан кийинки мөөнөткө жылдыра турууну кубаттайт. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүндөгү АКШнын элчилиги маалымат таратты. “Өлкө кандай жол менен башкарылышы керектиги тууралуу бир чечимге келүүдө кыргыз элинде убакыт болушу шарт. Кеңири талкуудан кийин Баш мыйзамга өзгөртүү киргизилиши зарыл. Конституциялык кеңешмеде жарандык коомчулук, жалпыга маалымдоо каражаттары жана оппозициялык өкүлдөрү да болушу кажет” деп жазылат элчиликтин маалыматында. Ал эми Европалык союз буга чейин жарыяланган Венеция комиссиясынын бүтүмүн колдогон билдирүү жарыялады. Анда комиссия Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышы конституциялык реформа жүргүзө албайт жана парламенттик шайлоону жылдырган чечими Баш мыйзамга дал келбейт деген тыянакка келген эле. Эки күн мурда акыйкатчы Токон Мамытов Баш мыйзамдын жаңы долбооруна эл аралык экспертиза жүргүзүү үчүн Венеция комиссиясына жөнөткөнү маалым болду.
Бул аралыкта бүгүн Бишкек шаарында Баш мыйзамдын жаңы долбооруна каршы экинчи жөө жүрүш болуп өттү. Жөө жүрүшкө катышкандардын арасына президенттикке талапкерлигин көрсөткөн Канат Исаевдин кошулганы көзгө урунду. Андан тышкары бул жээкте, тагыраагы азыркы бийликке оппонент болуп жаткан Абдил Сегизбаев, Адахан Мадумаров, Бактыбек Калмаматов, Каныбек Иманалиев, Клара Сооронкулова, Равшан Жээнбеков, Садык Шер-Нияз жана башкалар бар. Ачыгын айтуу керек, оппозиция тараптагы таразанын ташы улам оорлоп жатат. Ошондой эле алардын айрымдарын бул апта ичинде кара булут каптай баштады.
Садыр Жапаровго келсек, анын соңку маегинде Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча позициясы жумшаргандыгы байкалды. Ал биринчиден конституциялык кеңешме шашпай эле койсо болот деп, керектүү дешсе, эки ай деле талкуулоого болорун айтты. Эки ай болсо, анда буга чейин айтылгандай референдум 10-январда өтпөй калат. Жапаровдо дагы бир вариант бар. Ал референдумга Баш мыйзамдын жаңы долбоорун эмес, башкаруу түрү боюнча суроону эле алып чыгууну айтты. Эгерде бул вариант ишке аша турган болсо, анда бир айдан кийин Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча дагы бир референдум өткөрүү керек болуп калбайбы?  Президенттик шайлоо, эки референдум, анан парламенттик шайлоо… Бюджет мунун баарын көтөрө алабы?..

***
Казынанын абалы жыл жыйынтыгы жакындаган сайын өтө кейиштүү болуп бара жатат. Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, сомдун куну кескин түшүп кетпеши үчүн колдон келген иштин баары жасалууда. “Акыркы эки ай ичинде валюталык рыноктогу кырдаалды туруктуу кармоо үчүн 100 миллион доллардай каражатты сатыкка чыгардык” деди Абдыгулов. Бул апта ичинде дагы кошумча 11 миллион доллардан ашуун каражат сатылды. Туруктуулук азырынча байкалбай эле. Жылдын башында 69 сомдун тегерегинде болгон доллардын курсу учурда 85 сомдун айланасында. Интервенция жүргүзүлбөсө, анда дагы канчага жогорулары белгисиз.
Өкмөт тышкы карыздын төлөмдөрү боюнча мөөнөттү жылдырууга аракет кылып жатат. Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, жылдыруу боюнча 11 мамлекеттин ичинен 5өө макул болгон. Алардан алынган карыздын көлөмү да аз, 51 миллион доллардын тегереги. Калган алтоо менен сүйлөшүү жүрүүдө, алардан алынган карыздын көлөмү да көп. Кытай, Корея,  Япония жана башкалар менен жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдө карыздын төлөмдөрүн 4 жылга жылдырууга жана анын баасы же үлүштүк пайызы 4 миллиард сомдун тегерегин түзөрү айтылды. Анын ичинен 3 миллиард сому Кытай коюп жаткан шарт болуп саналат. Кытай менен жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдөн азырынча майнап чыга элек. Чек арадан товар алып өтүүнү жеңилдетүү маселеси чечиле электигине караганда октябрь айындагы окуялардан зыян тарткан кытай компанияларынын коопсуздугуна берилген кыргыз бийлигинин кепилдиги да ишеним таба элек көрүнөт…