«Ар бир аскердин өлүмү үчүн жооп бериши керек». Депутат коргоо министри кызматтан кетиши керектигин айтты

Акыркы 2 айда аскерде жүргөн жоокерлер жумасына бирден өзүн-өзү атып өлүп жатышты. Аз сандагы аскерди коргой албаган, башкара албаган коргоо министри келип, жооп берсин. Бул тууралуу депутат Эмил Токтошев жыйында билдирди.

«Ар бир аскердин өлүмүнө керт башы менен жооп бериши керек. Өткөндө «аскерге даярдык жок келип, ушинтип жатат» деп айтыптыр. Мен бул жообуна түшүнгөн жокмун. Аскерге даярдыгы барлар аскерге барып не кылат? Реформа кылбаса жумуштан кетиши керек. Жыйынга келип жооп берсин», — деди ал.