Ички иштер министри: «Ар бир милиция кызматкери эмдөөдөн өтүшү керек»

Бүгүн, 5-июлда Улан Ниязбеков Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого байланыштуу коомдук тартипти сактоо боюнча онлайн кеңешме өткөрүп, анда милиция кызматкерлери өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн саламаттыгына кайдигер карабай эмдөөдөн өтүүсүн кошумчалады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

“Азыркы учурда мындан ары коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү иштерин үзгүлтүксүз ишке ашыруу үчүн баарыбыз  биргеликте илдетти толук түрдө көзөмөлгө алып, элибизди толук сактаганга колубуздан келген бардык аракеттерди көрөлү. Ал үчүн ар бир кызматкер өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн саламаттыгына кайдигер карабай эмдөөдөн өтүп, жүктөлгөн иштерди так аткарсуусу зарыл. Коомдук жайларда көчөлөрдө, эл көп чогулган жерлерде биздин жарандарыбызга жана  эс алууга келген чет элдик жарандарга сылык мамиле жасап, чараларды жеринде ишке ашырып, сервистик тейлөөнү жана милициясынын жаңы баскычтагы аткарылып жаткан иштерин жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жалпы элге көргөзүүү учурдун талабы. Андан тышкары Бишкек, Ош,  Токмок шаарларында өтө турган шайлоолордо жана шайлоого чейинки үгүт иштери учурунда коомдук тартипти сактап, одоно мыйзам бузууларга жол берилбей, элдин коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыздалышы керек”, — деди Улан Ниязбеков.