Ар бирине 300 миң сомдон. Акылбек Жапаров Баткендеги ишкерлер менен жолукту

Баткен облусуна иш сапары менен барган Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги ишкерлер менен жолукту.

“Финансы министрлиги облустун аймагында жабыр тарткан ишкерлерге жеңилдетилген насыя берүү үчүн ар бир ишкер менен келишимдерди түзүүнүн үстүндө иш алып барууда. Ишкерлер үчүн дыйканчылык, айрыкча чек арага жакын аймактардагы багбандарга өзгөчө көңүл бурулуп, ал үчүн бирдиктүү чечим кабыл алып, окшош мөмө берүүчү бактарды отургузуу туура болоорун белгилейм”, — деди ал.

Жоготууга учураган ишкерлерге бир жолку компенсация 300 миң сомдон берүү каралган. Ошондой эле 1 пайыз менен 5 жылга  насыя берилет. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев 269 ишкердин ичинен 79 жеке ишкерге 300 миң сомдон материалдык жардам көрсөтүлүп, жалпы 23 миллион 700 миң сом төлөнүп берилгенин билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысы мамлекет тамчылатып сугаруу системасына жардам бере турганын дагы кошумчалады. Ошондой эле, Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысына 500 гектар жерге бак отургузуу жагын эсептеп чыгып, сунуш берүүнү тапшырды.