«Ар кадамыңызды соцтармакка жаза бербеңиз». Депутат Акыйкатчы кандай иштеши керек экенин айтты

«Атыр айым, биз билебиз сиздин энергияңыз көп, иш дегенде ашын койгон мыкты айымдарыбыздансыз», — деди Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нурланбек Шакиев Акыйкатчы Атыр Абдрахматовага кайрылып.

«Акыйкатчы институту бизге түз баш ийет. Жеңилирээк болбой, азыраак соцтармактарга чыгып, көбүрөөк эл менен иштеген туура болот. Ар бир кадамды соцтармакка жаза берсеңиз, биздин андай жарандарыбыз көп, ошолордун бири болуп каласыз. Салмактуурак болуп, илимиңизди адам укуктарына колдонсоңуз», — деди Шакиев.