«Ар кандай чагымчылдыкка алдырбоо керек». Новиков укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн башчылары менен жолугушту

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Артём Новиков укук коргоо жана күч органдарынын жетекчилери менен Жаңы жыл майрамы учурунда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Кеңешмеде белгиленгендей, 30-декабрдан тартып укук коргоо органдары күчөтүлгөн кызмат өтөө режимине өткөрүлдү, анын катарында маанилүү стратегиялык объектилерди жана мамлекеттик чек араларды кайтаруу күчөтүлмөкчү.

«Укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кызмат өтөө учурунда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу фактыларына жол берилбеши керек. Алар кызматын так, сыпайы аткарып, ар кандай чагымчылдыкка алдырбоолору зарыл», — деди Новиков.