«Ар ким өз ишин кылсын». Депутат Акаев кесиптештерин журналисттерге каршы иштебөөгө чакырды

Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев кесиптештерин мыйзам чыгаруу менен алектенүүгө, айрым маалымат каражаттарына каршы иштебөөгө чакырды.

Ал белгилегендей, айрым кесиптештери көз карандысыз маалымат каражаттарын каралап жатат. «Менин колумда турган Конституцияга ылайык, биздин өлкөдө сөз эркиндигин чектеген мыйзамдар кабыл алынбайт. Ага карабай, айрым кесиптештер Кактус, Kloop, Азаттык өңдүү ЖМКларды каралоонун үстүндө иштеп жатышат. Кыргызстан сөз эркиндиги, жарандардын эркиндиги менен мактана алат дейбиз. Мындай демилгелерди токтотушубуз керек. Кесиптештер жыйындарда ЖМК маселесин көп көтөрүштү, бирок мен унчукпадым. Ар ким өз ишин кылышы керек. Келгиле анда ким жана кайда кеңсесин ачарын ушул жерден чечели. Ушунчалык төмөн түшүп калабызбы? Көз карандысыз маалымат каражаттарын жапкысы келгендер азыр чет өлкөдө качып жүрүшөт, калгандарынын тагдыры баарыбызга белгилүү. Бийлик убактылуу. Көз карандысыз маалымат каражаттарын каралагандардын баары кызматтан кеткенден кийин аларга жардам сурап кайрылышат», — деди Жанар Акаев.

Ал чек арадагы окуяларды чагылдырууда көз карандысыз маалымат каражаттарынын ролун белгиледи. «Маалымат согушун ошолор жүргүзүштү, алардын аркасы менен дүйнөлүк маалымат каражаттары маалым болду. Биз аларга ыраазычылык да айткан жокпуз. Бул жерде Атай Бейшенбек жана башка жаш блогерлер мамлекеттик органдардын иштерин аткарып келишкен. Мындай маалымат каражаттарында патриоттук сезими бийик жигиттер да иштешет. Келгиле, элди тандоонун алдына коёлу – көз карандысыз маалымат каражаттарын жабуу же депутаттык мандаттан баш тартуу, карап көрөлү, эл эмнени жактырат”, — деди эл өкүлү.