Аргымак белек алган талапкерлер БШКдан оозеки эскертүү алды

БШКнын жумушчу тобу бүгүн президенттикке бара жаткан талапкерлерге тартууланган күлүктөрдүн маселесин карады. Анда БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева шайлоого байланыштуу бардык иштер шайлоо фонду аркылуу өтүшү керектигин эскертти. “Кимдир бирөө талапкерге колдоо көрсөткүсү келсе, анда ал шайлоо фондуна акча гана которо алат. Мен талапкерлерден мыйзамды кылдат сактоого чакырам”, — деди Журабаева.

Аргымактар Садыр Жапаров, Аймен Касенов, Адахан Мадумаров, Курсан Асановго берилген. Асанов, Жапаров жана Мадумаровдун өкүлү атты ээсине кайтарып беришкенин, болгону сүрөткө түшүп койгонун айтышты. Касеновдун өкүлү аргымак атасына караштуу экенин билдирген.

Алардын баарына БШК тарабынан үгүт кампаниясы учурунда мындай белекти албоо сунушталып, оозеки эскертүү берүү менен чектелди.

Мындай тартуулар буга чейинки шайлоолордо деле берилчү жана буга ушул шайлоого дейре эч ким деле көңүл бурчу эмес.