Архитектура боюнча агенттиктин директорунун жаңы орун басары дайындалды

Алтынбек Бегалиев Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда мекеменин жыйынында маалымдалды.

Июнь айында Нуртазин Жетибаев Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалган.