«Арстан Алай — кийинки Ленин». Арстанбек Абдылдаев өзү тууралуу ушундай пикирде

Арстанбек Абдылдаев менен маекте ал дин темасын козгоп, өзүн «азыркы Ленин» атады.

«Дин аалымдары элди динге киргизип алып эле өстүрбөй жатышат. Эл болсо дин бир кырынан саясат экенин билбей жатат. Ааламда ар бир нерсенин убагы, учур чагы, улуу илими болот. Себеби аалам дагы, адам дагы тынымсыз өсүүдө.  Сыйынуунун доору бүттү, жаратмандыктын доору келди. Кудайга сыйынган, суранган адам жакпайт. Кудайга иш аткарган адам жагат. Алланын буйругу жок эч нерсе болбойт дешет, бирок Ленин медресеге, мечитке же ажыга деле барган эмес да. А бирок идеологияны куруп койду.  Керек болсо дүйнө ошону көчүрүп алды. Мен Ленинге ыраазымын. Азыр Арстан Алай — кийинки Ленин. Мен дагы Лениндей жаңы идеология берем«, — дейт ал.

Маекти толугу менен шилтеме аркылуу көрүңүз.