Арстан Алай: «Менин жумушум өтө татаал. Себеби мен аалам менен жердин ортосундагы өткөрүүчүмүн»

«Теңир Ата мени тактыма отургузган» дейт Арстан Алай.

Бул окуясын ал SUPER TV каналына берген маегинде төмөнкүчө баяндады: «Менин көзүмө Теңир Ата көрүнүп, кадимкидей эле менин денемди кийип туруп, менин денем өзүмдүкү эмес, аткаруучу болуп калды. Ошол кишиден сабак да алдым. Бою меникиндей экен, жүзүн көрө алган жокмун. 2 сааттай жанымда жүрүп кадимкидей окутту. Мисалга, булутту жылдырып койгонду, вирус жөнөткөндү… Анан ошентип тактыма отургузуп туруп Сооронбайдын сезону бүттү, 2020-жылы өзүң президент болосуң да ээ деп кетти… Менин жумушум өтө татаал. Себеби мен аалам менен жердин ортосундагы өткөрүүчүмүн»

Маекти толугу менен шилтемеден табасыз.