Новиков: «1-сентябрга чейин Бишкектеги таштанды төгүүчү жай жабылат»

Ушул жылдын 1-сентябрына чейин Бишкектеги таштанды аянты толугу менен жабылып, көчүрүлүшү керек. Мындай билдирүүнү биринчи вице-премьер Артем Новиков экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча кеңешмеде айтты.

Новиковдин айтымында, борбор калаадагы таштанды төгүүчү жай жабылып, көчүрүлүп, 35 гектар аянттагы жер рекультивацияланышы керек. 1-апрелге карата шаардагы экологиялык абалды жакшыртуу боюнча жакынкы 3 жылга өкмөттүн иш-аракеттер планы бекитилип, ага ылайык, план ишке ашырыла башташы керек. Ошондой эле жыйында Новиков Боз-Бөлтөк аймагында аянты 60 гектар келген паркты жана этно-комплексти уюштуруу боюнча даярдык иштери башталышы керек экенин кошумчалады.