Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Артём Новиков мамлекеттик чек ара аркылуу товарларды жана транспорттук каражаттарды ташып өткөрүүдө контрабандалык схемаларды четтетүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Анын айтымында, учурда «Түндүк» мамлекеттик ишканасы өткөрүү пункттарындагы бардык процесстерди маалыматтык коштоону камсыздоо үстүндө иш алып барууда. Жылыштар бар. Ситуациялык борбор ачылып, күнүмдүк товар ташуу эсебинин электрондук маалыматтар базасы уюшулган.
“Бирок бул компоненттер өз-ара байланышта эмес. Келип түшкөн бардык маалыматтарды, анын ичинде автотранспорт каражаттарынын номурун таануу, бажы, салык жана чек ара кызматтарын көзөмөлдөө тутуму, «Бетомонд» тутуму, «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында орнотулган видеокамералар, товарлардын кыймыл маршрутун жана кампаларда жайгашуусун көзөмөлдөөчү тутум, башка мамлекеттер менен маалымат алмашуу тутумун өзүнө камтыган маалыматтардын бирдиктүү базасы түзүлүүдө. Натыйжада товардын бардык кыймыл процессин мониторингдөө интеграциялашат. Товарларды ташуудагы коррупциялык схемалар жоюлуп, салык жана бажы кызматтарын автоматташтыруу процесси аягына чыгарылат”, — деди
Новиков ушул айдын соңунда «Эркечтам», «Торугарт» жана «Достук» үч өткөрүү пунктун, ошондой эле Евразиялык экономикалык бирликтин чегиндеги бардык өткөрүү пункттарын тутумга кошууну тапшырды.