Артем Новиков: «Эч кандай электр энергиясын өчүрүү болбошу кажет»

Кыш мезгилинде калк электр энергиясы жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздалышы керек. Бул туурасында премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Артем Новиков калкты  жана экономика тармакты күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Республикалык штабдын кеңешмесинини жүрүшүндө билдирди.

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары күз-кыш мезгилинен өтүү маселесин үзгүлтүксүз көзөмөлдө кармашы кажет. Буга катар орнотулган лимиттин алкагынан тышкаркы электр энергиясын пайдаланууга чек коюлушу керек. Эч кандай электр энергиясын өчүрүү болбошу кажет. Бизде кышты авариясыз өтүүнү камсыздоо үчүн энергетикалык ресурстар жетиштүү. Акыркы мезгилдеги авариялык өчүрүүлөр боюнча статистика түйшөлтүүдө. Энергетикалык компаниялардын жетекчилери аталган маселени чечүүгө басым жасашы керек. Калкыбыз электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашынан жабыркабашы керек», — деди ал.

Артем Новиков өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жылытуу мезгилине даярдыгы боюнча маалыматын укту.

«2020-жыл оор болгонун баарыбыз түшүнүп турабыз. Акыркы окуялар республикалык бюджетти оңдоп-түздөө зарылчылыгына алып келди. Жылытуу мезгилин өткөрүү боюнча чыгымдарды каржылоо 90 пайызга аткарылды. Каражаттын калган бөлүгү ушул жылдын аягына чейин план боюнча которулат. Демек, каржылоонун жетишсиздиги жөнүндө маалымат орунсуз. Учурда бизден бир гана нерсе талап кылынат — күз-кыш мезгилин кыйналбай өткөрүү. Калк өкмөт кышка даяр экендигин так түшүнүшү керек», — деп премьер министрдин милдетин аткаруучу сөзүн жыйынтыктады.