Артем Новиков жаңы кызматка дайындалганы боюнча өз пикирин билдирди (видео)

Министрлер Кабинетинин төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Артем Новиков анын Орусия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалышы боюнча пикирин билдирди. Ал өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.

Артем Новиков президент Садыр Жапаров жана Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов менен ачык жана жылуу маектешкенин айтат.

«Азыр өлкөдө экономикалык кырдаалды жакшыртуу, долбоорлорду илгерилетүү боюнча көптөгөн стратегиялык багыттар бар. Менин Орусия-Кыргыз өнүктүрүү фондусуна дайындалышыма байланыштуу чечимди жетекчилик колдогон. Бул жооптуу жана чоң милдет. Анын үстүнө жакынкы күндөрү биз фонддун ишин модернизациялоо жана түздөн-түз каржылоону калыбына келтирүү маселелерин чечишибиз керек», — деди ал.

«Чечим толугу менен макулдашылган. Кандайдыр бир чечмелөөлөрдү алдын алуу үчүн мен өзүм ушуну айткым келет», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.