Артем Новиков үчүнчү толкунга даярдык көрүүнү күчөтүүнү тапшырды

Өлкө аймагында азырынча чектөө киргизилбейт, бирок эл көп чогулган жерде санитардык нормалардын сакталышын көзөмөлдөө күчөтүлөт. Бул туурасында биринчи вице-премьер Артём Новиков катышкан Республикалык штабдын жыйынында белгилүү болду.

Анда мындан кийинки чечимдер тигил же бул региондогу эпидемиологиялык кырдаалга жараша жергиликтүү бийлик органдары тарабынан кабыл алынары айтылды.

Жыйында Новиков Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги оорулуулардын көбөйүшү ыктымалдуулугунан улам медицина мекемелеринин даярдыгын дайым текшерип турушу шарт экенин белгилеген.

«Коронавируска кабылгандар дүйнө жүзүндө көбөйүп жатат, коңшу өлкөлөрдө чектөөлөр киргизилүүдө. Биздин саламаттыкты сактоо уюмдары баарына даяр болушу керек. Саламаттыкты сактоо министрлиги Республикалык штаб берген бир катар тапшырмаларды аткарбай жатат. Ведомство биринчи кезекте медицина мекемелеринин дары-дармек, коргонуучу каражат, жабдуу менен камсыздалышын көзөмөлдөшү керек. Ар бир жетекчиден жоопкерчиликти сезүүсүн өтүнөм. Былтыркы каргашада кетирилген кемчиликтерден сабак алышыбыз керек«, — деди Новиков.

Биринчи вице-премьер бет кап тагынуу талабы күчөтүлөрүн белгиледи. «Биз элди дары-дармек, адистер менен камсыздайбыз, бирок жарандар дагы аң-сезимдүү болуп санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарышы кажет«, — деди ал.

Жыйын жыйынтыгы менен бир катар тапшырмалар берилди:

Ал эми өкмөттүн өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына коронавируска шектелип кайрылган жарандарга көзөмөлдү күчөтүү, зарыл учурда ооруканага жаткыруу аракеттерин көрүү тапшырылды.