Артем Новиковго премьер-министрдин милдетин аткаруу жүктөлдү

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогору Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга ылайык, премьер-министрдин кызматтык ыйгарым укуктары президенттик шайлоонун жыйынтыктары аныкталганга чейин токтотулду. Тиешелүү буйрукка кечээ, 15-ноябрда премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон.

Ушул эле буйрукка ылайык, президенттик шайлоо мезгилинде премьер-министрдин милдеттерин аткаруу мыйзам боюнча биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковго жүктөлдү.