Арзыбек Кожошев жана Бахыт Султанов «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрүү пунктунда жолугушуу өткөрдү

«Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрүү пунктунда Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жана Казакстандын премьер-министринин орун басары – соода жана интеграция министри Бахыт Султановдун жолугушуусу өттү.

Жолугушууда тараптар аталган өткөрүү пунктунун иши менен жеринде таанышып, ошондой эле кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги жүк ташуучу унаалардын топтолушуна байланыштуу кырдаал жөнгө салынгандыгына күбө болушту. Арзыбек Кожошев жана Бахыт Султанов мурда жетишилген макулдашуулар ийгиликтүү ишке ашырылып жаткандыгын белгилешти, ага ылайык, бир катар чаралар, атап айтканда, Кыргыз Республикасынын аймагынан жүк ташуучу транспорт каражаттарын ташылуучу товарларга электрондук эсеп-фактураларсыз чыгарууга тыюу салуу,  ошондой эле Кыргыз Республикасынан Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөргө ташылып келе жаткан товарларга тийиштүү коштомо документтери бар жүк ташуучу унаа каражаттарына карата текшерүү жана контролдоо иш-чараларын жүргүзбөө сыяктуу чаралар кабыл алынган.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ошондой эле «Ак-Тилек» (Кыргыз Республикасы) — «Карасу» (Казакстан Республикасы) өткөрүү пункттарынын аймагында индустриалдык-соода-логистикалык борборду куруу долбоорун ишке ашыруу маселесин талкуулашты. Эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын орун басарлары бул долбоорду мындан ары илгерилетүү боюнча макулдашууга жетишти.

Жумушчу кеңешменини алкагында тараптар Казакстандын премьер-министри Алихан Смаиловдун 29-апрелде Бишкекте өтүүчү кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин 10-жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына болуучу иш сапарына, ошондой эле Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргыз Республикасына жасалуучу расмий сапарына карата даярдык көрүү маселелерин талкуулашты.